Загрузка документа…
УЗУН-КЫР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2025-жылдын 11-сентябры № 53/ХII
Узун-Кыр айыл аймагынын участкалык шайлоо комиссияларынын резервине талапкерлердин тизмесин бекитүү жөнүндө
Ысык-Ата аймактык шайлоо комиссиясынын 2025-жылдын 08-сентябрындагы №10/1 айыл аймактын эмгек жамааттарынан, граждандык топтордон көрсөтүлүп келген резервге талапкерлердин тизмесин бекитип берүү жөнүндө катын карап жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 19-беренесине жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо комиссияларын түзүү, таркатуу жана шайлоо комиссияларынын резервин түзүү, жүргүзүү тартиби жөнүндө Жобого ылайык
Узун-Кыр айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Узун-Кыр айыл аймагынын №7147, №7148, №7410 шайлоо участкаларынын резервине талапкерлердин тизмеси бекитилсин.
2. Ушул токтом Ысык-Ата аймактык шайлоо комиссиясына жөнөтүлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Узун-Кыр айыл өкмөтүнүн башчысы Ж.Б.Кубандыковго жүктөлсүн
Төрага |
| Т.А.Минбаев |