Загрузка документа…
КАЙЫҢДЫ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 6-мартындагы 13/V-1
Кайыңды шаарында турак – жай имараттарына жана жайларына салыктын ставкаларын бекитүү жөнүндө
"Салык салуу чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын кабыл алынганына байланыштуу, 1-бөлүгүнүн 1-пунктун жетекчиликке алуу менен. Салык кодексинин 379, 380 –беренелерине ылайык, жергиликтүү бюджетке кошумча кирешелердин түшүүсүн камсыз кылуу жана үстүбүздөгү жылга белгиленген максаттарды жана программаларды ишке ашыруу үчүн, “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34, 39 - беренелерин жетекчиликке алуу менен, Кайыңды шаардык кеңешинин депутаттарынын сессиясы, токтом кылат:
1.2025-жылдын 1-январынан 2027-жылдын 31-декабрына чейинки салык мезгилдеринде пайдалануу үчүн Кайыңды шаарындагы турак жай имараттарына жана жайларына салыктын ставкасы 1 квадрат метрине - 20 сом өлчөмүндө бекитилсин.
2. Ушул токтом ченемдик актылардын мамлекеттик реестрине каттоо жана киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Чүй - Бишкек юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө милдети Кайыңды шаардык кеңешинин бюджет боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага |
| У. Б. Абдрасулов |