Загрузка документа…
КАЙЫҢДЫ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 6-мартындагы 14/V-2
Кайыңды шаардык кеңешинин 2013-жылдын 19-апрелиндеги №7/II-3 “Мектептердин жана бала бакчалардын спорт залдарында, стадиондорунда, жыйындар залдарында, А.И.Радченко атындагы спорт комплексинде, мэриянын маданият үйүндө райондук, облустук жеке турнирлерди жана башка иш-чараларды өткөрүүдө пайдалануу үчүн ижара акысын бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Муниципалдык менчикти сарамжалдуу пайдаланууга жана салыктык контролду ишке ашырууга байланыштуу Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө», «Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө» мыйзамдарын жетекчиликке алуу менен, жергиликтүү бюджетке кошумча кирешелердин түшүүсүн камсыз кылуу максатында, Кайыңды шаардык кеңешинин депутаттарынын сессиясы, токтом кылат:
1.Кайыңды шаардык кеңешинин 2013-жылдын 19-январындагы № 7/II-3 “Мектептердин жана бала бакчалардын спорт залдарында, стадиондорунда, жыйындар залдарында, А.И. Радченко атындагы спорт комплексинде, мэриянын маданият үйүндө райондук, облустук жеке турнирлерди жана башка иш-чараларды өткөрүүдө пайдалануу үчүн ижара акысын бекитүү жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
-мотивациялоочу бөлүгүндө “мэриянын маданият үйү” деген сөздөр алып салынсын, спорт комплекстери деген сөздөн кийин “жана ашканалар” деген сөздөр менен толукталсын; -корутунду бөлүгүнүн 1- пунктунда "жыйындар залдарында " деген сөздөрдөн кийин "жана ашканалар" деген сөздөр менен толукталсын;
- 2 – пунктунда «турнир» деген сөздөрдөн кийин «ашканалар менен пайдалануу” деген сөздор менен толукталсын;
- 2-пункттагы объекттердин тизмегинен кийин 01.09.2025-жылдан тартып“ №1 КОБМ нин, № 2 К. Сулайманова атындагы КОБМ нин ашканалары менен -2000 сом өлчөмүндө”, № 3 КОБМ нин ашканалары менен – 1000 сом өлчөмүндө деп толукталсын; -3-пункттагы “мэриянын экономика жана муниципалдык менчик секторунун башчысы” деген сөздөр “Кайыңды шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик бөлүмүнүн башчысы” деген сөздөргө алмаштырылсын;
2.Ушул токтом ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине каттоо жана киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Чүй - Бишкек юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
3.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө милдети Кайыңды шаардык кеңешинин бюджет боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага |
| У. Б. Абдрасулов |