Загрузка документа…
ПОСТАНОВЛЕНИЕ КАБИНЕТА МИНИСТРОВ КЫРГЫЗСКОЙ РЕСПУБЛИКИ
2026-жылдын 19 январындагы № 13
2026-жылга статистикалык программаны бекитүү жөнүндө
2026-жылы расмий статистиканы жүргүзүү жана жайылтуу максатында, «Расмий статистика жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 13-беренесинин 2-бөлүгүнө, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. 2026-жылга статистикалык программа тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Министрликтер, мамлекеттик комитет, Кыргыз Республикасынын атайын статустагы мамлекеттик бийлик органдары, административдик ведомстволор, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана чарбалык субъекттер (макулдашуу боюнча) Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин тиешелүү органдарына ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн 2026-жылга статистикалык программада каралган мөөнөттөрдө административдик жана жеке маалыматтарды берсин.
3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 16-декабрындагы № 761 «2025-жылга статистикалык программаны бекитүү жөнүндө» токтому күчүн жоготту деп таанылсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекетик расмий газетасынын 2026-жылдын 20-январындагы № 3 (3763) саны менен жарыяланган.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
|
А.А. Касымалиев |