Загрузка документа…
КАЙЫҢДЫ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 6-мартындагы 15/V-3
Кайыңды шаарында жер тилкелерин ижара шарттарында мөөнөттүү (убактылуу) пайдаланууга берүүнүн тартиби жөнүндө Жобону бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жер кодексине, Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”, “Муниципалдык менчик жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, “Мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34,39-беренелерине, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23-сентябрындагы № 571 “Муниципалдык менчиктеги жер участокторуна акы төлөнүүчү менчик же ижара укугун берүүнүн тартиби жана шарттары жөнүндө типтүү Жобону бекитүү жөнүндө” токтомуна ылайык, Кайыңды шаардык кеңешинин депутаттарынын сессиясы токтом кылат:
1.Кайыңды шаарында жер тилкелерин ижара шарттарында мөөнөттүү (убактылуу) пайдаланууга берүүнүн тартиби жөнүндө Жобосу бекитилсин.
2.Ушул токтом ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине каттоо жана киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Чүй - Бишкек юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
3.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө милдети Кайыңды шаардык кеңешинин агрардык, жер жана турак-жай меселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага |
| У. Б. Абдрасулов |