Загрузка документа…
УЗУН-КЫР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2025-жылдын 11-сентябры № 50/ХII
Узун-Кыр айыл өкмөтүнүн 2026-2027-2028 - жылдарга бюджеттин чыгаша бөлүгүнүн божомолунун долбоорун жактыруу жөнүндө
Узун-Кыр айыл өкмөтүнүн 2026-2027-2028 жылдарга бюджеттин чыгаша бөлүгүнүн божомолунун долбоорун карап жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексинин 88-беренесинин негизинде,
Узун-Кыр айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жактырылсын:
2026-жылга божомолу 73382,2 миң сом;
Бюджеттик эсеп боюнча 70346,2 миң.сом
Атайын эсеп боюнча 3036,0 миң.сом
2027-жылга божомолу 81878,8 миң сом;
2028-жылга божомолу 91048,9 миң сом
2. Бул токтом Юстиция министрлигинде каттоодон өткөрүү үчүн Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин расмий сайтына жарыялансын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин бюджет, каржы, экономика, салык, инвестиция жана муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага |
| Т.А.Минбаев |