Загрузка документа…
КАЙЫҢДЫ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 6-мартындагы 16/V-4
“О” уюлдук операторуна базалык станция – анттеннасын орнотуу үчүн жер тилкесин ижарага берүүгө макулдук берүү жөнүндө
Кайыңды шаарынын экономикалык өнүгүүсүн камсыз кылуу, ошондой эле инвестицияларды, гранттарды тартуу жана жергиликтүү бюджетти толтуруу максатында, ошондой эле «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 27-беренесинин 2-пунктуна, 34-беренесинин 2-бөлүгүнүн 5-пунктуна, «Кыргыз Республикасынын муниципалдык менчик жөнүндө» Мыйзамынын 19-беренесине ылайык жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23-сентябрындагы № 517 токтому менен бекитилген “Муниципалдык менчиктеги жер участокторуна менчик же ижара укугун акы төлөнүүчү берүүнүн тартиби жана шарттары жөнүндө” жобонун негизинде, Кайыңды шаарынын мэриясынын “Кайыңды шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик бөлүмүнүн муниципалдык менчигиндеги жер тилкелерин ижарага пайдаланууга берүүгө макулдук берүү жөнүндө” катын карап чыгып, Кайыңды шаардык кеңешинин депутаттарынын сессиясы токтом кылат:
1.Кайыңды шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик бөлүмүнүн муниципалдык менчигинде турган, Кайыңды шаары, Белоброва № 10 дарегинде, Кайыңды № 1 орто мектебинин футбол аянтчасынын түштүк – батыш тарабында жайгашкан, 25 чарчы метр болгон жер тилкесин “О” уюлдук операторуна базалык станция – антеннасын орнотуу үчүн ижарага берүүгө макулдук берилсин.
2. Ушул токтом ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине каттоо жана киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Чүй - Бишкек юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө милдети Кайыңды шаардык кеңешинин агрардык,жер жана турак-жай меселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага |
| У. Б. Абдрасулов |