Загрузка документа…
УЗУН-КЫР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2025-жылдын 11-сентябры № 49/ХII
Кыргыз Республикасынын «Тынчтык жөнүндө» Мыйзамын аткаруу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 24-февралындагы №54 “Кыргыз Республикасынын үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарды тартипке келтирүү боюнча чараларды өткөрүү жөнүндө” Жарлыгынын негизинде жана Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 06-декабрындагы № 194 “Тынчтык жөнүндө” Мыйзамынын талаптарын аткаруу максатында,
Узун-Кыр айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Узун-Кыр айыл аймагында төмөнкү тартип белгиленсин:
- жумушчу күндөрү (иш күндөрү) саат 22:00дөн 07:00гө чейин үн басымынын жана ызы-чуунун белгиленген деңгээлдеринен ашууга тыюу салынсын;
- эс алуу жана майрам күндөрү – саат 22:00дөн 09:00гө чейин;
өзгөчө учур – 31-декабрдан 1-январга караган түнү – саат 04:00гө чейин үн басымынын жана ызы-чуунун белгиленген деңгээлдеринен ашууга жол берилет
2. Айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин:
- калк арасында, диний уюмдарда, кафелерде, ресторандарда, маданий мекемелерде жана ишкерлер арасында «Тынчтык жөнүндө» Мыйзамдын талаптарын түшүндүрүү иштерин жүргүзсүн;
-мыйзамдын аткарылышын көзөмөлдөөдө аймактык милиция инспекторлору менен кызматташтыкты күчөтүшсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин регламент, этика, укуктук маселелер жана укук тартиби боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага |
| Т.А.Минбаев |