Загрузка документа…
КАЙЫҢДЫ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 11-мартындагы 17/VI – 1
Кайыңды шаарынын Аксакалдар сотторунун Типтүү Регламентин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Аксакалдар соттору жөнүндө” Мыйзамынын 4-беренесинин 3-бөлүгүнө, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдагы 3-мартындагы “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына өткөрүп берүү жөнүндө” №115 токтомунун 1-тиркемесинин 21-пунктунун 4-пунктчасына, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдагы 15-ноябрындагы №258 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттик жөнүндө” жобосунун 12-пунктуна ылайык, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34,39-беренелерин жетекчиликке алып, Кайыңды шаардык кеңешинин депутаттарынын сессиясы, токтом кылат:
1.Кайыңды шаарынын Аксакалдар сотторунун Типтүү Регламенти бекитилсин.
2. Ушул токтом ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине каттоо жана киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Чүй - Бишкек юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
3.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө милдети Кайыңды шаардык кеңешинин социалдык меселелер боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага |
| У. Б. Абдрасулов |