Загрузка документа…
КАЙЫҢДЫ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 11-мартындагы 18/VI – 2
Кайыңды шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик бөлүмүнүн муниципалдык менчигинде турган жер тилкелерин ижарага пайдаланууга берүүгө макулдук берүү жөнүндө
Кайыңды шаарынын экономикалык өнүгүүсүн камсыз кылуу, ошондой эле инвестицияларды, гранттарды тартуу жана жергиликтүү бюджетти толтуруу максатында, «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 27-беренесинин 2-пунктуна, 34-беренесинин 2-бөлүгүнүн 5-пунктуна, «Кыргыз Республикасынын муниципалдык менчик жөнүндө» Мыйзамынын 19-беренесине ылайык жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23-сентябрындагы № 517 токтому менен бекитилген “Муниципалдык менчиктеги жер участокторуна менчик же ижара укугун акы төлөнүүчү берүүнүн тартиби жана шарттары жөнүндө” жобонун негизинде, Кайыңды шаарынын мэриясынын “Кайыңды шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик бөлүмүнүн муниципалдык менчигиндеги жер тилкелерин ижарага пайдаланууга берүүгө макулдук берүү жөнүндө” катын карап чыгып, Кайыңды шаардык кеңешинин депутаттарынын сессиясы токтом кылат:
1.Кайыңды шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик бөлүмүнүн муниципалдык менчигинде турган, төмөнкү жер тилкелерин ижарага берүүгө макулдук берилсин:
1) Трудовая көчөсү № 1 (автобаза) дарегинде жайгашкан,жалпы аянты 30542,0 м² турак эмес жайлар менен болгон, убактылуу пайдаланууга берилген жер тилкеси, категориясы - калктуу конуштардын жерлери;
2) 60 лет Октября көчөсү № 5 (Дан кабыл алуу пункту)дарегинде жайгашкан, жалпы аянты 34123,8 м² турак эмес жайлар (складдар) менен болгон,убактылуу пайдаланууга берилген жер тилкеси, категориясы - калктуу конуштардын жерлери; 3) 60 лет Октября № 15/1 дарегинде жайгашкан, жалпы аянты 2022,0 м² болгон жер тилкеси;
4) 60 лет Октября №25/1 дарегинде жайгашкан, жалпы аянты 600,0 м² болгон жер тилкеси;
5) 60 лет Октября №25/2 дарегинде жайгашкан, жалпы аянты 760,0 м² болгон жер тилкеси.
6) Пионерская № 1К дарегинде жайгашкан, категориясы – коммерциялык жалпы аянты 401,7 м² болгон жер тилкеси;
7) Трудовая № 1К дарегинде жайгашкан, категориясы – коммерциялык жалпы аянты 400,0 м² болгон жер тилкеси;
8) Пионерская № 2К дарегинде жайгашкан, категориясы – коммерциялык жалпы аянты 466,8 м² болгон жер тилкеси;
9) Трудовая № 3К дарегинде жайгашкан, категориясы – коммерциялык жалпы аянты 450,0 м² болгон жер тилкеси;
10) Кабельная № 1К дарегинде жайгашкан, категориясы – коммерциялык жалпы аянты 447,3 м² болгон жер тилкеси;
11) Кабельная № 2К дарегинде жайгашкан, категориясы – коммерциялык жалпы аянты 443,2 м² болгон жер тилкеси;
12) Трудовая №1 дарегинде жайгашкан, категориясы – коммерциялык жалпы аянты 436,4 м² болгон жер тилкеси;
13) Молодежная № 1К дарегинде жайгашкан, категориясы – коммерциялык жалпы аянты 434,3 м² болгон жер тилкеси;
14) Джуматаева № 1К дарегинде жайгашкан, категориясы – коммерциялык жалпы аянты 402,6 м² болгон жер тилкеси.
2. Джуматаева №1/2 дарегинде жайгашкан, жалпы аянты 5200,0 м² болгон, убактылуу пайдаланууга бөлүнгөн жер тилкесинин:
- 3000,0 м² жер тилкеси райондук маданият үйүн куруу үчүн берилип, муниципалдык менчикте калтырылсын;
- 2200,0 м² болгон жер тилкесин 5 жылдык мөөнөткө чейин ижарага берүүгө макулдук берилсин.
3) Джуматаева №1/1 дарегинде жайгашкан, жалпы аянты 5200,0 м² болгон, убактылуу пайдаланууга бөлүнгөн жер тилкесин 5 жылдык мөөнөткө чейин ижарага берүүгө макулдук берилсин.
4. Ушул токтом ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине каттоо жана киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Чүй - Бишкек юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
5. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө милдети Кайыңды шаардык кеңешинин агрардык, жер жана турак-жай меселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага |
| У. Б. Абдрасулов |