Загрузка документа…
КАЙЫҢДЫ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 27-мартындагы 20/VII – 2
Кайыңды шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик бөлүмүнүн балансына мурдагы ААК “Кайынды эт комбинатына” тиешелүү болгон жер тилкелерин жана мүлк имараттарын алууга макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө» Мыйзамынын, «Бухгалтердик эсеп жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын негизинде жана Кайыңды шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик боюнча бөлүмүнүн “Кайыңды шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик боюнча бөлүмүнүн балансына мурдагы ААК “Кайыңды эт комбинатына”тиешелүү болгон жер тилкелерин жана мүлк имараттарын алууга макулдук берүү жөнүндө", катын карап чыгып, Кайыңды шаардык кеңешинин депутаттарынын сессиясы, токтом кылат:
1.Кайынды шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик бөлүмүнүн балансына жалпы баасы – 1399534060 мин сом болгон, (1,4000000 миң сомго тегеректелген) мурдагы ААК “Кайыңды эт комбинатына” тиешелүү болгон жер тилкелерин жана мүлк имараттарын алууга макулдук берилсин.
2.Ушул токтом ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине каттоо жана киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Чүй - Бишкек юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
3.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө милдети Кайыңды шаардык кеңешинин агрардык, жер жана турак-жай маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага |
| У. Б. Абдрасулов |