Загрузка документа…
КАЙЫҢДЫ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 27-мартындагы 21/VII – 3
Кайыңды шаарында менчигинин түрүнө карабастан коммерциялык жайлардын маалыматтык-жарнамалык курулмаларын жайгаштыруу жана эксплуатациялоо боюнча талаптарга ылайык бирдиктүү дизайн кодун бекитүү жөнүндө
«Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 27 беренесинин 1-бөлүгүнүн, 16 – пунктунун негизинде жана 34,39-беренелеринин негизинде, Кайыңды шаардык кеңешинин депутаттарынын сессиясы, токтом кылат:
1. Шаар куруу жана архитектура департаментинин Панфилов райондук шаар куруу жана архитектура башкармалыгы тарабынан Кайыңды шаарынын дизайн кодунун схемасынын негизинде иштелип чыккан, менчиктин түрүнө карабастан, коммерциялык жайлардын маалыматтык-жарнамалык курулмаларын жайгаштыруу жана эксплуатациялоо боюнча талаптарга ылайык Кайыңды шаарынын бирдиктүү дизайн коду бекитилсин.
2. Кайыңды шаардык кеңешинин 2023-жылдын 07-июлундагы № 72/XXII-4 токтому күчүн жоготту деп эсептелсин.
3.Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Чүй-Бишкек юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
4.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө милдети Кайыңды шаардык кеңешинин жер, турак – жай жана агрардык маселелер боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага |
| У. Б. Абдрасулов |