Загрузка документа…
УЗУН-КЫР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2025-жылдын 28-октябры № 59/ ХIV
“Эшпай көчөсүн асфальт-бетон төшөп, жолун оңдоо” долбоорун жактыруу жөнүндө
2026-жылга даярдалган долбоорлорду жергиликтүү бюджеттин эсебинен кош каржылоо жөнүндө 2025-жылдын 23 октябрындагы № 15 Бюджет, каржы, экономика ,салык, инвестиция жана муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиянын протоколун карап жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексинин 3, 13, 33 жана 51-беренелеринин негизинде, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 27-беренесинин 6 пунктуна, 34-беренесинин 1 пунктуна ылайык, Узун-Кыр айыл аймагынын инфраструктурасын жакшыртуу максатында
Узун-Кыр айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2026-жылга “Эшпай көчөсүн асфальт-бетон төшөп, жолун оңдоо”” долбоору жактырылсын, узундугу 1255 метр, суммасы 10873,460 миң сом.
2. ”Эшпай көчөсүн асфальт-бетон төшөп жолун оңдоо” долбоорунун 54 пайызы жергиликтүү бюджеттинен биргелешип каржылоого 5873,460 (беш миллион сегиз жүз жетимиш үч миң төрт жүз алтымыш) сом акчалай каражат бөлүнүп берилсин.
3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде каттоодон өткөрүү үчүн Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин расмий сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин бюджет, каржы, экономика, салык, инвестиция жана муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага |
| Т.А.Минбаев |