Загрузка документа…
УЗУН-КЫР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2025-жылдын 28-октябры № 60/ ХIV
“Сары-Жон көчөсүн асфальт-бетон төшөп, жолун оңдоо” долбоорун жактыруу жөнүндө
2026-жылга даярдалган долбоорлорду жергиликтүү бюджеттин эсебинен кош каржылоо жөнүндө 2025-жылдын 23 октябрындагы № 15 Бюджет, каржы, экономика ,салык, инвестиция жана муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиянын протоколун карап жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексинин 3, 13, 33 жана 51-беренелеринин негизинде, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 27-беренесинин 6 пунктуна, 34-беренесинин 1 пунктуна ылайык, Узун-Кыр айыл аймагынын инфраструктурасын жакшыртуу максатында
Узун-Кыр айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2026-жылга “Сары-Жон көчөсүн асфальт-бетон төшөп, жолун оңдоо”” долбоору жактырылсын, узундугу 740 метр, суммасы 7 723 871 миң сом.
2. ”Сары-Жон көчөсүн асфальт-бетон төшөп жолун оңдоо” долбоорунун 50 пайызы жергиликтүү бюджеттинен биргелешип каржылоого 3 861 935,50 (үч миллион сегиз жүз алтымыш бир миң тогуз жүз отуз беш сом элүү тыйын) сом акчалай каражат бөлүнүп берилсин.
3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде каттоодон өткөрүү үчүн Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин расмий сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин бюджет, каржы, экономика, салык, инвестиция жана муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага |
| Т.А.Минбаев |