Загрузка документа…
УЗУН-КЫР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2025-жылдын 28-октябры № 61/ ХIV
“Төмөнкү Норус айылында футболдук стадион куруу” долбоорун жактыруу жөнүндө
2026-жылга даярдалган долбоорлорду жергиликтүү бюджеттин эсебинен кош каржылоо жөнүндө 2025-жылдын 23 октябрындагы № 15 Бюджет, каржы, экономика ,салык, инвестиция жана муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиянын протоколун карап жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексинин 3, 13, 33 жана 51-беренелеринин негизинде, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 27-беренесинин 6 пунктуна, 34-беренесинин 1 пунктуна ылайык, Узун-Кыр айыл аймагынын инфраструктурасын жакшыртуу максатында
Узун-Кыр айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2026-жылга “Төмөнкү Норус айылында футболдук стадион куруу”
долбоору жактырылсын, суммасы 10 339 628 миң сом.
2. “Төмөнкү Норус айылында футболдук стадион куруу” долбоорунун 50 пайызы жергиликтүү бюджеттинен биргелешип каржылоого 5 339 628 ( беш миллион үч жүз отуз тогуз миң алты жүз жыйырма сегиз) сом акчалай каражат бөлүнүп берилсин.
3. Бул токтом Юстиция министрлигинде каттоодон өткөрүү үчүн Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин расмий сайтына жарыялансын
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин бюджет, каржы, экономика, салык, инвестиция жана муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага |
| Т.А.Минбаев |