Загрузка документа…
УЗУН-КЫР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2025-жылдын 13 ноябры № 62 /ХV
Айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине жер тилкесин кабыл алууга макулдук берүү жөнүндө
Узун-Кыр айыл өкмөтүнүн башчысынын 2025-жылдын 31-октябрындагы № 01-10/1785 “Сион”ЖЧКнан жеке жер тилкелерин акысыз муниципалдык менчикке алуу жөнүндө” катын карап жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 18-беренесинин 4-пунктуна, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө“ Мыйзамынын 27 беренесинин 15-пунктуна, 34-беренесинин 17-пунктуна ылайык,
Узун-Кыр айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Узун-Кыр айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине “Сион” жоопкерчилиги чектелген коомдун Ново-Покровка айылы, Ленин көчөсү,№ жок (мурдагы маданият үйү)дарегинде жайгашкан жалпы аянты 2,1853 га катталган номери: 000018, жер тилкесин акысыз негизде алууга макулдук берилсин.
2. Узун-Кыр айыл өкмөтүнүн башчысына жеке менчиктеги айыл чарба багытындагы эмес жер тилкелерин айыл өкмөттүн муниципалдык менчигине кабыл алуу үчүн зарыл болгон даярдык иштерин жүргүзсүн.
3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде каттоодон өткөрүү үчүн Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин расмий сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин жер жана турак жай, агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага |
| Т.А.Минбаев |