Загрузка документа…
УЗУН-КЫР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2025-жылдын 13 ноябры № 63 /ХV
Мамлекеттик фондунун айыл чарба жерлерин ижарага берүү боюнча жер комиссиясынын курамын бекитүү жөнүндө
Мамлекеттик фондунун айыл-чарба жерлерин ижарага берүү боюнча комиссиянын курамына өзгөртүү киргизүү жөнүндө 2025- жылдын 25 октябрындагы Мамлекеттик фондунун айыл-чарба жерлерин ижарага берүү боюнча жер комиссиясынын №37 протоколун карап жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн 2007-жылдын 22-июнундагы №243 токтому менен жактырылган “Мамлекеттик фондунун айыл-чарба жерлерин ижарага берүү шарттары жана тартиби жөнүндө» Типтүү жобосунун III бөлүмүнүн 21, 22-беренелерине ылайык,
Узун-Кыр айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Мамлекеттик фондунун айыл-чарба жерлерин ижарага берүү боюнча жер комиссиясы төмөнкү курамда бекитилсин:
Комиссиянын төрагасы-Абдыкеримов Эмиль Мыктыбекович-айылдык кеңештин депутаты;
комиссиянын катчысы- Джумагазиева Айгуль Эркиновна- айыл өкмөттүн жооптуу катчысы;
комиссия мүчөлөрү:
-Касымов Аскар Тумурчинович- депутат айылного кенеша;
-Кубандыков Жунус Баязович Узун-Кыр айыл өкмөтүнүн башчысы
-Стамакунов Таласбек Акматбекович – айылдык кеңештин депутаты;
-Сыйналапов Бекмурат Кубанычбекович – айылдык кеңештин депутаты;
-Солтонкулов Урмат Асанкулович жер маселелери боюнча айыл өкмөттүн башкы адиси;
-Уметов Кенжалы Моконович – айылдык кеңештин депутаты;
-Шамбетов Айтжан Нурбекович- айылдык кеңештин депутаты;
-Ысык-Ата райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгынын өкүлү – макулдашуу боюнча;
2. Узун-Кыр айылдык кеңешинин 2025-жылдын 24 январындагы №22/IV токтому күчүн жоготту деп эсептелсин.
3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинен каттоодон өткөрүү үчүн Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин расмий сайтына жарыялансын.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин жер жана турак жай, агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага |
| Т.А.Минбаев |