Редакцияот 23.12.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ОРМОН-ХАН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Кеңештин кезектүү XIII сессиясы

 

2025-жылдын  23-декабры  №13/4

 

Сарт-Арык каналына көпүрөө орнотууга акча каражат бөлүү жөнүндө

           

Көк-Жар айылынын Сарт-Арык каналына көпүрөө орнотууга акча каражат бөлүү туралуу депутаттардын сунушун жана маалыматын угуп, талкуулап, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесин жетекчиликке алып, Ормон-Хан айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:

 

1.    Көк-Жар айылынын Сарт-Арык каналына көпүрөө орнотууга Ормон-Хан айыл аймагынын бюджетинен 400 000 (төрт жүз мин) сом бөлүнсүн.

2.    Тиешелүү мыйзамдардын негизинде акча каражатын которуп берүү жагы Ормон-Хан айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.

3.    Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Бюджет, салык, жергиликтүү жыйымдар боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

 

 

Төрага

Р. Жолдошбеков