Редакцияот 23.12.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ОРМОН-ХАН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Кеңештин кезектүү XIII сессиясы

 

2025-жылдын  23-декабры  №13/7

 

Аблес уулу Алайдар атындагы орто мектебине өздүк салым катары акча каражат бөлүү жөнүндө

 

Кара-Күнгөй айылынын Аблес уулу Алайдар атындагы орто мектебинин айланасын тосуу иштерин каржылоо максатында Дем берүүчү грантка даярдалган жалпы наркы 5 293 879 сомдук долбоорго айыл аймагынын бюджетинен өздүк салым катары 1 058 776  сомду бөлүү туралуу  Ормон-Хан айыл аймагынын айыл өкмөт башчысынын маалыматтын угуп, талкуулап, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесин жетекчиликке алып, Ормон-Хан айылдык Кеңеши токтом кылат:

1.    Кара-Күнгөй айылынын Аблес уулу Алайдар а.о.м айланасын тосуу иштерин каржылоо максатында Дем берүүчү грантка даярдалган долбоорго Ормон-Хан айыл аймагынын бюджетинен өздүк салым катары 1 058 776 (бир млн элүү сегиз мин жети жүз жетимиш алты) сом бөлүнсүн.

2.    Тиешелүү мыйзамдардын негизинде акча каражатын которуп берүү жагы Ормон-Хан айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.

3.    Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Бюджет, салык, жергиликтүү жыйымдар боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

 

  

Төрага

Р. Жолдошбеков