Редакцияот 23.12.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ОРМОН-ХАН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Кеңештин кезектүү XIII сессиясы

 

2025-жылдын  23-декабры  №13/9

 

А.Бостонов атындагы орто мектебине өздүк салым катары акча каражат бөлүү жөнүндө

 

 

А.Бостонов атындагы орто мектебине инвентарь алууга Кочкор районунун өнүктүрүү фондуна даярдалган жалпы наркы 500 000 сомдук долбоорго айыл аймагынын бюджетинен өздүк салым катары 100 000  сомду бөлүү туралуу  Ормон-Хан айыл аймагынын айыл өкмөт башчысынын маалыматтын угуп, талкуулап, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесин жетекчиликке алып, Ормон-Хан айылдык Кеңеши токтом кылат:

1.    А. Бостонов атындагы орто мектебинн инвентарь алууга Кочкор районунун өнүктүрүү фондуна даярдалган жалпы наркы 500 000 сомдук долбоорго айыл аймагынын бюджетинен өздүк салым катары 100 000 (бир жүз мин) сом бөлүнсүн.

2.    Тиешелүү мыйзамдардын негизинде акча каражатын которуп берүү жагы Ормон-Хан айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.

3.    Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Бюджет, салык, жергиликтүү жыйымдар боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

  

  

Төрага

Р. Жолдошбеков