Редакцияот 23.12.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ОРМОН-ХАН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Кеңештин кезектүү XIII сессиясы

 

2025-жылдын  23-декабры  №13/10

 

Көк-Жар айылынын обьектилерине өздүк салым катары

акча каражат бөлүү жөнүндө

 

Көк-Жар айылындагы көчөлөрдү күн аркылуу жарыктандыруу орнотуу жана Т.Усубалиев атындагы орто мектептин алдына брусчатка төшөө боюнча Теңир-Тоо Өнүктүрүү фондуна жалпы наркы 9 961 912 миң сомдук долбоорго айыл аймагынын бюджетинен өздүк салым катары 1 992 320 сомду бөлүү туралуу Ормон-Хан айыл аймагынын айыл өкмөт башчысынын маалыматтын угуп, талкуулап, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесин жетекчиликке алып, Ормон-Хан айылдык Кеңеши токтом кылат:

1.    Көк-Жар айылындагы көчөлөрдү күн аркылуу жарыктандыруу орнотуу жана Т.Усубалиев атындагы орто мектептин алдына брусчатка төшөө боюнча Теңир-Тоо Өнүктүрүү фондуна даярдалган долбоорго айыл аймагынын бюджетинен өздүк салым катары 1 992 320 (бир млн тогуз токсон эки мин үч жүз жыйырма) сом бөлүнсүн.

2.    Тиешелүү мыйзамдардын негизинде акча каражатын которуп берүү жагы Ормон-Хан айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.

3.    Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Бюджет, салык, жергиликтүү жыйымдар боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

 

  

Төрага

Р. Жолдошбеков