Редакцияот 23.12.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ОРМОН-ХАН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Кеңештин кезектүү XIII сессиясы

 

2025-жылдын  23-декабры  №13/11

 

Жарыктандыруу долбооруна  өздүк салым катары

акча каражат бөлүү жөнүндө

 

 

Теңир-Тоо Өнүктүрүү фондуна даярдалган Жаңы-Жол айылынын башынан баштап (Петролеум АЗС) Теңдик айылынын айланма жолуна (круговой) чейин жалпысынан 9,5 чакырым аралыкка күн аркылуу жарыктандыруу орнотуу боюнча жалпы наркы 5 000 000 сомдук долбоорго айыл аймагынын бюджетинен өздүк салым катары 1 000 000 сомду бөлүү туралуу  Ормон-Хан айыл аймагынын айыл өкмөт башчысынын маалыматтын угуп, талкуулап, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесин жетекчиликке алып, Ормон-Хан айылдык Кеңеши токтом кылат:

1.    Теңир-Тоо Өнүктүрүү фондуна даярдалган Жаңы-Жол айылынын башынан баштап (Петролеум АЗС) Теңдик айылынын айланма жолуна (круговой) чейин күн аркылуу жарыктандыруу орнотуу боюнча долбоорго айыл аймагынын бюджетинен өздүк салым катары 1 000 000 (бир млн) сом бөлүнсүн.

2.    Тиешелүү мыйзамдардын негизинде акча каражатын которуп берүү жагы Ормон-Хан айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.

3.    Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Бюджет, салык, жергиликтүү жыйымдар боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

 

  

Төрага

Р. Жолдошбеков