Редакцияот 23.12.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ОРМОН-ХАН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Кеңештин кезектүү XIII сессиясы

 

2025-жылдын  23-декабры  №13/12

 

Ассенизатор алууга өздүк салым катары

акча каражат бөлүү жөнүндө

 

Теңир-Тоо Өнүктүрүү фондуна даярдалган Ассенизатор-жуугуч HOWO автоунаасын сатып алууга, жалпы наркы 6 200 000  сомдук долбоорго айыл аймагынын бюджетинен өздүк салым катары 1 240 000 сомду бөлүү туралуу  Ормон-Хан айыл аймагынын айыл өкмөт башчысынын маалыматтын угуп, талкуулап, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесин жетекчиликке алып, Ормон-Хан айылдык Кеңеши токтом кылат:

1.    Теңир-Тоо Өнүктүрүү фондуна Ассенизатор-жуугуч HOWO автоунаасын сатып алууга даярдалган долбоорго айыл аймагынын бюджетинен өздүк салым катары 1 240 000 (бир млн эки жүз кырк мин) сом бөлүнсүн.

 

2.    Тиешелүү мыйзамдардын негизинде акча каражатын которуп берүү жагы Ормон-Хан айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.

 

3.    Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Бюджет, салык, жергиликтүү жыйымдар боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

 

 

  

Төрага

Р. Жолдошбеков