Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 30-январы № 41
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин
республикалык маанидеги шаарлардын шаардык кеңештеринин
штаттык санынын чегин жана штаттык расписаниесинин
формасын аныктоо чөйрөсүндөгү айрым токтомдоруна
өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 10-февралындагы № 81 токтомунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын республикалык маанидеги шаарларынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин натыйжалуу уюштуруу максатында, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 10-февралындагы № 81 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 16-июлундагы № 419 “Республикалык маанидеги шаарлардын мэрияларынын типтүү түзүмүн, штаттык санынын чегин, штаттык расписаниесинин формасын бекитүү жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) аталышы “мэрияларынын” деген сөздөн кийин “жана шаардык кеӊештеринин” деген сөздөр менен толукталсын;
2) 1-пунктта:
– төмөнкүдөй мазмундагы 2¹-пунктча менен толукталсын:
“2¹) республикалык маанидеги шаарлардын шаардык кеӊештеринин штаттык санынын чеги 2¹-тиркемеге ылайык;”;
– 3-пунктча “мэрияларынын” деген сөздөн кийин “жана шаардык кеӊештеринин” деген сөздөр менен толукталсын;
3) ушул токтомдун тиркемесине ылайык редакциядагы 2¹-тиркеме менен толукталсын;
4) жогоруда аталган токтомдун 3-тиркемесинин аталышы “мэрияларынын” деген сөздөн кийин “жана шаардык кеӊештеринин” деген сөздөр менен толукталсын.
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2026-жылдын 3-февралындагы № 7 (3767) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.А. Касымалиев |
| Тиркеме “21 -тиркеме |
Республикалык маанидеги
шаарлардын шаардык кеңештеринин штаттык
санынын чеги
№ | Кызмат орундарынын аталышы | Ош шаары | Бишкек шаары |
1 | Төрага | 1 | 1 |
2 | Төраганын орун басары | 1 | 2 |
3 | Аппарат жетекчиси | 1 | 1 |
4 | Бөлүм башчысы | 1 | 4 |
5 | Башкы адис | 3 | 8 |
6 | Жетектөөчү адис | 2 | 7 |
7 | Адис | 2 | 5 |
| Бардыгы | 11 | 28 |
| Техникалык жана кенже тейлөөчү персоналы | 4 | 6 |
| Жалпы | 15 | 34 |
| “. | ||