Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
2025-жылдын 30-декабры № 386
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызмат
системасын бюрократиядан арылтуунун алкагында
бошотулган финансылык каражаттарды бөлүштүрүү
боюнча чаралар жөнүндө
Бюрократиядан арылтуунун алкагында финансылык каражаттарды сарамжалдуу пайдалануу максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 66, 71-беренелерине ылайык токтом кылам:
1. Төмөнкүлөр белгиленсин:
1) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызмат системасынын натыйжалуулугун жогорулатуу жана бюрократиядан арылтуу боюнча жүзөгө ашырылуучу иш-чаралардын алкагында мамлекеттик органдардын штаттык санын кыскартуунун (мекемени кайра уюштуруунун жана жоюунун) натыйжасында үнөмдөлгөн каражаттар биринчи кезектеги тартипте бошотулган кызматкерлерге эмгек мыйзамдарына ылайык компенсацияларга жана кошумча чыгашаларга (учурдагы операциялык чыгашалар жана финансылык эмес активдер менен операциялар боюнча чыгашалар), каражаттардын калдыгы мамлекеттик органдардын борбордук аппаратынын, ведомстволук жана аймактык бөлүмдөрүнүн кызматкерлеринин кызматтык милдеттерин аткаруунун натыйжалуулугун жогорулатууга багытталган сыйлоо төлөмдөрүн жүзөгө ашырууга багытталат деп;
2) ушул пункттун 1-пунктчасында каралган сыйлоо төлөмдөрү орточо эмгек акыны, бийик тоолуу шарттарда жана барууга кыйын алыскы зоналарда жашагандыгы жана иштегендиги үчүн кошумча төлөмдөрдү жана үстөктөрдү, өргүүлөрдү, жөлөкпулдарды жана он үчүнчү эмгек акыны эсептөөдө эске алынбайт деп;
3) мамлекеттик органдардын штаттык санын көбөйтүү зарыл болгон учурда бул көбөйтүүдөн келип чыгуучу кошумча чыгашаларды жабуу үчүн зарыл болгон акча каражаттары биринчи кезекте ушул пункттун 1-пунктчасына ылайык мурда бошотулган финансылык каражаттардын эсебинен жабылат деп.
2. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 24-июнундагы № 191 “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызмат системасын бюрократиядан арылтуунун алкагында бошотулган финансылык каражаттарды бөлүштүрүү боюнча чаралар жөнүндө” Жарлыгы күчүн жоготту деп таанылсын.
3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тиешелүү жылга республикалык бюджетте мамлекеттик органдар үчүн бошотулган финансылык каражаттарды карасын.
4. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекетик расмий газетасынын 2026-жылдын 13-январындагы № 1 (3761) саны менен жарыяланган.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
|
С.Н. Жапаров |