Редакцияот 25.07.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЖООШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Жоош айылдык кенешинин VIII-чакырылышынын  кезектеги 8 - сессиясы

2025-жылдын 25-июлу  № 8/9

Жоош айылдык кенешинде жаңыдан   уюшулган    №5605

участкалык шайлоо комиссиясынын резервине сунушталган талапкерлердин курамын макулдашуу жөнүндө.

 

Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча ,

”Шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 19 -беренесинин 7- бөлүгүнө ылайык, Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 20.07.2025-ж. № 02-2-8/248 катынын жана Кара-Суу райондук мамлекеттик администрациясынын 25.07.2025-ж. №03/935 сандуу катынын негизинде Жоош айылдык кеңешинин  VIII-чакырылыш кезектеги  8 - сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Жоош айылдык кенешинде жаңыдан уюшулган № 5605, участкалык шайлоо комиссиясынын резервине сунушталган талапкерлер бекитилсин.

 

2. Жоош айылдык кеңешинде жаңыдан уюшулган № 5605 участкалык шайлоо комиссиянын резервине талапкерлерди сунуштоо боюнча элдик жыйындын протоколу бекитилсин жана сапаттык курамы Кара-Суу райондук аймактык шайлоо комиссиясына жөнөтүлсүн.

 

4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Жоош айылдык кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.

 

Төрага:

А.Л.Зулпукаров