Загрузка документа…
Т.БАЛТАГУЛОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Т.Балтагулов айылдык кеңешинин 2-чакырылышынын кезектеги 3-сессиясынын
2025-жылдын 6-февралындагы №3/1
«Т.Балтагулов айылдык кеңешинин жана туруктуу комиссияларынын 2025-жылга карата иш планын бекитүү жөнүндө»
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-39-беренелерине ылайык Т.Балтагулов айылдык кеңешинин 2024-жылдын 24-декабрындагы №2/1 токтому менен бекитилген Типтүү регламентинин 14-бөлүмүнө ылайык айылдык кеңештин жана анын органдарынын ишин пландаштыруу максатында, Т.Балтагулов айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1 .Т.Балтагулов айылдык кеңешинин жана туруктуу комиссияларынын 2025-жылга карата түзүлгөн иш планы бекитилсин.
2.Бекитилген иш планга ылайык иш алып баруу айылдык кеңештин туруктуу комиссияларынын төрагаларына жүктөлсүн.
3.Токтомду “alabuka.kg” веб-сайтына жарыялоо жана Жалал-Абад областык Юстиция башкармалыгынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик рейстрине жөнөтүү жагы, айылдык кеңештин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин төрагасынын орун басары Качкынбаев Абдыкул Мамадалыевичке тапшырылсын..
Төрага |
Т.Хамракулов
|