Загрузка документа…
|
| Тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 19-январындагы № 14 токтомуна) |
Бюджеттик кредиттер менен иштөө жөнүндө ЖОБО
1-глава. Жалпы жоболор
1. Ушул Жобо республикалык бюджеттен жана башка булактардан берилүүчү бюджеттик кредиттер менен иштөө, ошондой эле лизингдик операцияларды жүргүзүү тартибин жөнгө салат.
2. Бюджеттик кредиттөөнүн максаты экономиканын тармактарын колдоо жана өнүктүрүү, инфраструктураны, калктын жашоо-турмушун камсыздоонун коммуналдык системасын жакшыртуу жана өлкөнүн улуттук коопсуздугун камсыздоо аркылуу туруктуу экономикалык өсүштү камсыз кылуу болуп саналат.
3. Ушул Жободо төмөнкүдөй негизги терминдер жана түшүнүктөр колдонулат:
1) агент - бюджеттик кредиттөө жаатындагы мамлекеттик саясатты жүзөгө ашырууга, анын ичинде региондорду өнүктүрүү фонддорунун каражаттарынын эсебинен бюджеттик кредиттөө түрүндө экономикалык долбоорлорду каржылоого Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан ыйгарым укук берилген жак, ал ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын атынан чыгат;
2) бюджеттик кредитти башкаруу - бюджеттик кредиттерди тариздөө, эсепке алуу, мониторинг жүргүзүү жана кайтарууну камсыз кылуу процесси;
3) бюджеттик кредитти банктык коштоо - ыйгарым укуктуу банк тарабынан зайымчынын бюджеттик кредит каражаттарынан ишке ашырылуучу эсептешүүлөрүнө мониторинг жүргүзүүнү, максаттуу пайдаланылышын контролдоону камсыздоо, ошондой эле банктык коштоо жөнүндө келишимдин негизинде банктык коштоо натыйжалары боюнча агентке маалымат жеткирүү;
4) өнбөс карыз - өндүрүп алууга мүмкүн болбогон кредитордун төлөнбөгөн талаптарынын суммасы;
5) бюджеттик кредиттөө - Кыргыз Республикасынын бюджеттик мыйзамдары менен регламенттелген бюджеттик кредиттерди берүү, пайдалануу башкаруу жана төлөө боюнча иш;
6) карыз - берилген бюджеттик кредит боюнча белгиленген датага карата төлөнбөгөн калдыктын суммасы, анын ичинде карыздын негизги суммасы боюнча мөөнөтү өткөн, мөөнөтү келген жана мөөнөтү келүүчү төлөмдөр, эсептелген пайыздар жана финансылык санкциялар (айып төлөмдөр);
7) зайымчы - Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечимдерине ылайык бюджеттик кредиттерди алган жана түзүлгөн кредиттик келишимдин шарттарына ылайык милдеттенме алган юридикалык жана жеке жактар;
8) өтүнмө ээси - бюджеттик кредит жана/же лизинг алууга талапкер болгон жак;
9) башка булактар - Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечими менен аныкталган, бюджеттик кредитөө жана/же лизинг максаттары үчүн республикалык бюджеттин каражаттары болуп эсептелбеген каражаттар;
10) кредитор - Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин атынан чыгуучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган;
11) кредиттик агент - Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бюджеттик кредиттерди башкаруу боюнча иштерди жүргүзүүгө ыйгарым укук берилген финансы-кредиттик уюм;
12) кредиттик келишим - бюджеттик кредит берүү максатында түзүлүүчү жана аны пайдалануу жана кайтаруу боюнча шарттарды камтыган, кредитордун жана зайымчынын укуктарын жана милдеттенмелерин аныктаган юридикалык документ;
13) кредиттик портфель - аныкталган датага карата төлөнгөн жана төлөнбөгөн берилген кредиттердин/лизингдердин жыйындысы;
14) лизинг - лизинг келишимин ишке ашырууга, анын ичинде лизингдин предметин сатып алууга байланыштуу пайда болуучу экономикалык жана укуктук мамилелердин жыйындысы;
15) мөөнөтү келүүчү төлөмдөр - кредиттик келишимде белгиленген, төлөө мөөнөтү келе элек кредит боюнча аныкталган датага карата төгүмдөрдүн суммасы;
16) мөөнөтү келген төлөмдөр - кредиттик келишимде белгиленген төлөө мөөнөтү келген жана төлөө мөөнөтү өтө элек кредит боюнча аныкталган датага карата төгүмдөрдүн суммасы;
17) улуттук коопсуздук - инсандын, коомдун жана мамлекеттин кыйла маанилүү кызыкчылыктарынын ички жана тышкы коркунучтардан корголуусунун кепилденген абалы;
18) милдеттенмелерди аткарбоо же талаптагыдай аткарбоо - милдеттенмелерди аткаруудан толук баш тартуу же милдеттенмелердин бир бөлүгүн гана же болбосо келишимдин шарттарына же Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарынын талаптарына ылайык түрдө жана сапатта аткарбоо;
19) карыздын негизги суммасы - кредиттик келишимге ылайык колдонуу үчүн эсептелген пайыздарды, финансылык санкцияларды (айып төлөмдөрдү) жана башка комиссиялык төлөмдөрдү эсепке албастан кредиттин алынган жана төлөнбөгөн суммасы;
20) тармактык мамлекеттик орган - экономиканын тийиштүү тармагында мамлекеттик саясатты жүзөгө ашырууга ыйгарым укуктуу аткаруу бийлигинин мамлекеттик органы;
21) азык-түлүк коопсуздугу - азык-түлүк көз карандысыздыгы жана калк үчүн негизги тамак-аш азыктары жеткиликтүү баада камсыз кылынган Кыргыз Республикасынын экономикасынын абалы;
22) мөөнөтү өтүп кеткен төлөмдөр - кредиттик келишимде аныкталган датага карата кредит боюнча төлөө мөөнөтү өтүп кеткен төгүмдөрдүн суммасы;
23) пайыздык ставка же пайдалануу үчүн пайыз - кредиттин негизги суммасына карата пайыздык мааниде көрсөтүлгөн акы;
24) эсептен чыгаруу - зайымчыны кредиттик келишим боюнча милдеттенмелерди аткаруудан бир жолку бошотуу же кредитордун зайымчыга карата талап кылуу укугун токтотуу;
25) бюджеттик кредиттин мөөнөтү - зайымчы бюджеттик кредитти алган, пайдаланган жана графикке ылайык төлөгөн мезгил аралыгы;
26) бюджеттик кредиттин эсеби - зайымчынын бюджеттик кредиттин каражаттарын максаттуу багытына ылайык чегерүүгө, эсепке алууга жана пайдаланууга арналган өзүнчө алыш-бериш эсеби;
27) мамлекеттик карызды жеңилдетүү эсеби (мындан ары - жеңилдетүү эсеби) - Кыргыз Республикасынын мамлекеттик карызын жеңилдетүү эсеби менен иштөө тартибин жөнгө салуучу жобого ылайык иш-чараларда пайдалануу максатында финансылык активдерди башкаруунун алкагында каражаттарды топтоо үчүн эсептешүү банкында атайын ачылган эсеп;
28) товардык-материалдык ресурстар - чийки зат же эмгектин буюм-зат түрүндөгү продуктулары, анын ичинде жабдуу, айыл чарба жана өнөр жай техникалары, запастык бөлүктөр, күйүүчү-майлоочу материалдар, айыл чарба өсүмдүктөрүнүн үрөнү жана азыктары, минералдык жер семирткичтер, өсүмдүктөрдү коргоо каражаттары, медициналык, ветеринардык жана дары-дармек каражаттары;
29) кайра түзүмдөштүрүү - бюджеттик кредитти пайдалануу жана төлөө шарттарын өзгөртүү;
30) ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган - Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан мамлекеттик финансыны башкаруу жаатында мамлекеттик саясатты иштеп чыгуу жана ишке ашыруу боюнча функцияларды жүзөгө ашырууга ыйгарым укук берилген аткаруу бийлигинин борбордук органы;
31) бюджеттик кредиттерди башкаруу - бюджеттик кредиттөө чөйрөсүндөгү мамлекеттик финансыны натыйжалуу башкарууга багытталган иш;
32) жеке жак - негизги ишинин түрү айыл чарба продукциясын өндүрүү (өстүрүү) жана ишкердик иш болуп саналган айыл чарба товар өндүрүүчүсү жана/же жеке ишкер;
33) финансылык санкциялар (айып төлөмдөр) - милдеттенмени аткарбаган же талаптагыдай аткарбаган учурда кредиторго төлөөгө же берүүгө милдеттүү болгон мыйзамдарда же келишимде аныкталган акчалай суммасы же келишимде белгиленген башка баалуулуктар;
34) экономикалык коопсуздук - улуттук экономиканын тышкы жана ички коркунучтардан корголгон абалы, экономикалык системанын узак мөөнөттүү туруктуулугу, ошондой эле экономикалык иштин субъекттеринин муктаждыктарын канааттандырууга жана кеңейтүүгө мүмкүндүк берүүчү, татыктуу жашоо деңгээлин колдоого өбөлгө түзүүчү экономикалык өнүгүүгө болгон жөндөмдүүлүгү;
35) энергетикалык коопсуздук - электр жана жылуулук менен камсыз кылуунун узак мөөнөттүү же системалык үзгүлтүккө учурашына жол берилбеген экономикалык негизделген шарттарда экономиканын жана калктын энергия ресурстары менен талап кылынган көлөмдө жана ишенимдүү камсыз болгон абалы.
2-глава. Бюджеттик кредиттөөнүн субъекттери
4. Бюджеттик кредиттөөнүн субъекттери болуп кредитор, ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган, тармактык мамлекеттик орган, агент, кредиттик агент жана зайымчы эсептелет.
5. Кредитордун жана зайымчынын укуктары жана милдеттери Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин (мындан ары - Министрлер Кабинети) чечимине ылайык Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарынын талаптарына ылайык түзүлгөн кредиттик келишимде аныкталат.
6. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган Кыргыз Республикасынын бюджеттик мыйзамдарына жана Министрлер Кабинетинин чечимине ылайык республикалык бюджеттин долбоорун түзүүнү жана аны бюджеттик кредиттөө бөлүгүндө аткарууну уюштурууну камсыз кылат.
7. Агент ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын атынан ушул Жобонун жана ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен агенттин ортосунда түзүлгөн агенттик макулдашуунун негизинде бюджеттик кредиттөөнү башкаруу боюнча иштерди жүргүзөт.
8. Республикалык бюджеттен жана башка булактардан берилүүчү бюджеттик кредиттерди башкаруу менен байланышкан чыгашалар бюджеттик кредиттер боюнча пайыздарды төлөөнүн эсебине кайтарылуучу акча каражаттарынын 10 пайызы өлчөмүндөгү чегерүүлөрдүн эсебинен жабылат, алардын 30 пайызы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга тиешелүү эсепке багытталат, ал эми калган 70 пайызы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан агенттин алыш-бериш эсебине которулат. Которулган каражаттар агент тарабынан киреше катары эсепке алынат.
9. Кредиттик агенттер Министрлер Кабинетинин чечимине ылайык ыйгарым укук берилген учурда бюджеттик кредиттерди башкаруу боюнча иштерди жүргүзөт.
3-глава. Бюджеттик кредиттөөнүн негизги жоболору
10. Бюджеттик кредиттерди берүү жөнүндө чечим Кыргыз Республикасынын бюджеттик мыйзамдарынын жана ушул Жобонун ченемдерине ылайык Министрлер Кабинети тарабынан кабыл алынат.
11. Бюджеттик кредиттер бюджеттик кредиттөөнүн шарттарына ылайык акчалай түрдө, ошондой эле товардык-материалдык ресурстар түрүндө берилет.
12. Бюджеттик кредиттер төмөнкү шарттар сакталган учурда берилет:
1) максаттуу багыты - бюджеттик кредитти Министрлер Кабинетинин чечиминде же кредиттик келишимде аныкталган максаттарда пайдаланууну карайт;
2) кайтарымдуулук - кредиттик келишимдин шарттарына ылайык бюджеттик кредитти милдеттүү төлөөнү карайт;
3) мөөнөтүүлүк - бюджеттик кредитти пайдалануунун жана төлөөнүн мөөнөтүн белгилөөнү карайт;
4) акы төлөө - зайымчынын бюджеттик кредитти пайдалануу үчүн пайыздарды төлөөсүн карайт;
5) камсыздалгандык - Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында белгиленген ыкмалар менен милдеттенмелерди аткарууну зарыл болгон камсыздоону карайт;
6) өтүнмө ээлеринин төлөө жөндөмдүүлүгү, анын ичинде:
- бюджеттик кредиттер боюнча зайымчынын мөөнөтү өткөн карызынын жоктугу;
- өтүнмө ээсинин өтүнмөсү каралган учурга карата Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарында белгиленген бюджетке салыктарды жана башка милдеттүү төлөмдөрдү төлөө боюнча зайымчынын мөөнөтү өткөн карызынын жоктугу.
13. Бюджеттик кредиттер төмөнкүлөргө берилбейт:
1) юридикалык жактардын уставдык капиталдарына катышуу максаттарына;
2) өлкөнүн улуттук, экономикалык, энергетикалык, азык-түлүк коопсуздугун камсыздоого зарыл болгон, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Депозиттерди коргоо агенттигин бюджеттик кредиттөө учурлардан тышкары, ишке ашырылышы экономикалык пайда алып келбеген же акталышы бюджеттик кредиттерди талаптагыдай башкарууга мүмкүндүк бербеген долбоорлорду каржылоого.
14. Бюджеттик кредиттер чет өлкөлүк кредиторлордун каражаттарынын эсебинен берилген учурда, эгерде эл аралык келишимде кредиттөөнүн башка шарттары белгиленсе, кредиттер эл аралык келишимдин шарттарында берилет.
15. Региондорду өнүктүрүү фонддорунун каражаттарынын эсебинен бюджеттик кредиттерди берүүнүн тартиби жана шарттары региондорду өнүктүрүү фонддорунун каражаттарын пайдалануу тартибин жөнгө салуучу жобо жана ушул Жобо менен аныкталат.
16. Бюджеттик кредиттердин акыркы алуучулары болуп айылдык товар өндүрүүчүлөр саналбаган жана ишкердик жүргүзбөгөн жеке жактар чыккан мамлекеттик программалар боюнча бюджеттик кредиттерди берүү ал жеткис күчтүн (форс-мажор) кесепетинен жабыр тарткан субъекттерди колдоо боюнча мамлекеттик программалардан тышкары, кредиттик агенттер аркылуу жүзөгө ашырылат.
4-глава. Бюджеттик кредиттерди берүү
17. Бюджеттик кредит алууга талапкер болгон өтүнмө ээси бир убакта төмөнкүлөрдү тапшырат:
1) ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга:
- ушул Жобонун 1-тиркемесине ылайык форма боюнча бюджеттик кредит алууга өтүнмөнү;
- ушул Жобонун 2-тиркемесине ылайык форма боюнча бюджеттик кредитти тариздөө үчүн зарыл болгон документтердин тизмесин;
2) тармактык мамлекеттик органга - ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга өтүнмөнүн көчүрмөсү жана тапшырылган документтердин тизмеси тиркелген өтүнмөнү бергендиги жөнүндө билдирүүнү.
18. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган эки жумалык мөөнөттө берилген материалдарды карайт жана өтүнмө ээсине кароонун жыйынтыгы жөнүндө билдирет. Материалдар шайкеш келбеген учурда ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган көрсөтүлгөн мөөнөттүн ичинде аныкталган кемчиликтерди жоюу боюнча сунуштарды белгиленген тартипте жиберет.
19. Министрлер Кабинетинин бюджеттик кредит берүү жөнүндө чечимдеринин долбоорлорун (мындан ары - чечимдин долбоору) иштеп чыгуу жана демилгелөө тармактык мамлекеттик орган, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы же ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан жүргүзүлөт.
Мында республикалык маанидеги шаарлардын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан тышкары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары чечимдин долбоорун Кыргыз Республикасынын Президентинин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү аркылуу демилгелейт.
20. Тармактык мамлекеттик орган же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы тарабынан чечимдин долбоору демилгеленген учурда, иштелип чыккан долбоор ушул Жобонун 2-тиркемесине ылайык зарыл болгон документтердин тизмесин тиркөө менен кароого киргизилет.
21. Чечимдин долбоорунда бюджеттик кредиттөө аркылуу каржылоону талап кылган иш-чаралардын максаттары, натыйжалары жана аларды ишке ашыруу зарылдыгы, долбоорду ишке ашыруунун өзүн актоосу жана күтүлгөн экономикалык натыйжалуулугу жөнүндө маалымат, ошондой эле өтүнмө ээси үчүн жеңилдетилген шарттарды аныктоонун негиздери камтылууга тийиш.
Чечимдин долбоорунда бюджеттик кредитти берүүнүн, пайдалануунун, башкаруунун жана төлөөнүн шарттарын камтууга тийиш, алар төмөнкүлөрдү өзүнө камтыйт:
1) зайымчынын аталышын/аты-жөнүн;
2) кредиттик агенттин аталышын (эгерде бюджеттик кредит кредиттик агент аркылуу берилсе);
3) бюджеттик кредиттин өлчөмү конкурс өткөрүүнүн жыйынтыгы боюнча аныкталган учурлардан тышкары, бюджеттик кредиттин суммасын жана валютасын (товардык-материалдык ресурстардын акчалай эквиваленттеги суммасы);
4) бюджеттик кредиттин максатын;
5) бюджеттик кредитти пайдалануу, башкаруу жана төлөө шарттарын;
6) бюджеттик кредитти камсыздоо боюнча талапты;
7) бюджеттик кредиттин максаттуу пайдаланылышын жана өз убагында кайтарылышын контролдоо бекитилген тармактык мамлекеттик органдын аталышы.
22. Министрлер Кабинетинин чечимине ылайык бюджеттик кредиттин максаттуу пайдаланылышын контролдоо милдети жүктөлгөн тармактык мамлекеттик орган, максаттуу пайдалануу боюнча берилген маалыматтын аныктыгына жана долбоордун белгиленген мөөнөттө ийгиликтүү ишке ашырылышына жоопкерчилик тартат.
23. Бюджеттик кредиттин каражаттарынын максаттуу пайдаланылышын камсыз кылуу максатында агент бюджеттик кредитти банктык коштоо менен камсыз кылууга укуктуу.
24. Банктык коштоо жөнүндө шарт Министрлер Кабинетинин бюджеттик кредитти бөлүү жөнүндө чечиминде каралат, ошону менен бирге региондорду өнүктүрүү фондунун каражаттарынан бөлүнүүчү бюджеттик кредитти банктык коштоо жөнүндө шарт агент тарабынан кредиттик келишимде каралат.
Зайымчы тарабынан агент менен макулдашуу боюнча аныкталган ыйгарым укуктуу банк агентке, ошондой эле банктык коштоо жөнүндө келишимде аныкталган башка жактарга бюджеттик кредитти банктык коштоонун натыйжалары жөнүндө отчетту (маалыматты) берет. Отчет "Контрактты банктык коштоонун интерактивдүү отчеттуулугу" сервисин колдонуу менен реалдуу убакыт режиминде берилиши мүмкүн.
25. Агенттин, ыйгарым укуктуу банктын жана зайымчынын ортосунда түзүлүүчү банктык коштоо жөнүндө келишим төмөнкүлөрдү камтууга тийиш:
1) бюджеттик кредиттин эсебин ачуунун тартиби жана мөөнөттөрү;
2) тараптардын укуктары жана милдеттери;
3) ыйгарым укуктуу банк тарабынан бюджеттик кредиттин эсеби боюнча төлөм документтерин кароонун тартиби жана мөөнөттөрү (кароо мөөнөтү 3 (үч) жумуш күнүнөн ашпоого тийиш);
4) агентке банктык коштоонун натыйжалары жөнүндө отчетту берүү милдети, анда бюджеттик кредиттин эсеби боюнча операцияларды жүргүзүү тууралуу маалыматтар, отчеттук мезгил үчүн бюджеттик кредиттин эсеби боюнча жүгүртүү-сальдо ведомосттору, отчеттук датага карата эсептеги учурдагы калдыктар жөнүндө маалымат, ошондой эле банктык коштоо жөнүндө келишимде аныкталган башка маалыматтар чагылдырылат;
5) банктык коштоонун параметрлери, анын ичинде төмөнкүлөр, бирок алар менен гана чектелбейт: коштолуучу контракт/долбоор тууралуу маалыматтар, эсептешүү шарттары жана бюджеттик кредиттин эсептерин пайдалануу тартиби, акча каражаттарынын максаттуу сарпталышын контролдоонун предмети, акча каражаттарынын максаттуу сарпталышын контролдоодо ыйгарым укуктуу банктын бюджеттик кредиттин эсебинен акча каражаттарын сарптоодон баш тартуусуна алып келүүчү учурлардын тизмеги;
6) банктык коштоо жөнүндө келишимге өзгөртүүлөрдү киргизүүнүн, ошондой эле аны бузуунун шарттары жана тартиби;
7) берүүчү (кошо аткаруучу) тарабынан төлөм документинде көрсөтүлүүчү маалыматка карата талаптар;
8) ыйгарым укуктуу банктын бюджеттик кредит боюнча зайымчыдан, берүүчүдөн (кошо аткаруучудан) банктык коштоо үчүн зарыл болгон документтерди жана маалыматтарды суроого, ошондой эле бюджеттик кредиттин эсеби боюнча төлөм документин банктык коштоо жөнүндө келишимде белгиленген тартипте жана мөөнөттө текшерүүнү жүзөгө ашырууга укугу;
9) ыйгарым укуктуу банктын бюджеттик кредиттин эсеби боюнча төлөм документин аткаруудан баш тартуу укугу, ошондой эле мындай баш тартуунун шарттары жана тартиби;
10) ыйгарым укуктуу банктын бюджеттик кредиттин эсеби боюнча төлөм документин аткаруудан негизсиз баш тартуусуна байланыштуу жоопкерчилиги.
26. Агент долбоорлордун ушул Жобонун талаптарына шайкештигин баалайт жана тиешелүү корутундуну ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга берет.
27. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган долбоорлорду кредиттөө үчүн республикалык бюджеттин мүмкүнчүлүгүнө карата долбоорлорго баалоо жүргүзөт.
28. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын долбоорлорду баалоосунун жыйынтыгы төмөнкүдөй болушу мүмкүн:
1) оң корутунду;
2) долбоорлорду жеткире иштеп чыгуу үчүн тармактык мамлекеттик органга кайтаруу;
3) терс корутунду.
29. Чечимдердин долбоорлору ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан оң корутунду чыгарылгандан кийин гана тармактык мамлекеттик орган же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы тарабынан Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын кароосуна киргизилет.
30. Министрлер Кабинетинин бюджеттик кредиттерди берүү жөнүндө чечими тиешелүү жылга республикалык бюджетте көрсөтүлгөн максаттарга каралган каражаттардын чегинде кабыл алынат. Республикалык бюджетте бюджеттик кредиттерди берүүгө каралган каражаттар жок болгон учурда, "кошумча каражаттар издеп табылган учурда" деген сын пикир менен Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин профилдик комитети менен макулдашуу зарыл.
31. Төлөө жөндөмдүүлүгүн аныктоо ушул Жобонун 4-тиркемесинде көрсөтүлгөн методикага ылайык жүргүзүлөт.
32. Кредиттик келишимдердин долбоорлору Министрлер Кабинетинин бюджеттик кредит берүү жөнүндө чечимине ылайык иштелип чыгат жана ушул Жобонун 5-тиркемесине ылайык форма боюнча таризделет. Кредиттик келишимге Министрлер Кабинетинин бюджеттик кредит берүү жөнүндө чечимине ылайык кошумча шарттар киргизилиши мүмкүн.
33. Кредиттик келишимде бюджеттик кредитти берүү жана пайдалануу шарттары жана ыкмасы, төлөө графиги, бюджеттик кредит боюнча милдеттенмелерди аткарууну камсыздоо ыкмалары жана өлчөмдөрү, ошондой эле кредиттик келишимдин шарттарын аткарбагандыгы жана/же талаптагыдай аткарбагандыгы үчүн тараптардын жоопкерчилиги камтылат.
34. Бюджеттик кредиттердин пайыздык ставкасы төмөнкүдөй өлчөмдө белгиленет:
1) социалдык маанилүү маселелерди чечүүгө жана улуттук коопсуздукту камсыз кылууга багытталган долбоорлор, инфратүзүмдүк долбоорлор боюнча - жылына 1 (бир) пайыздан кем эмес жана 3 (үч) пайыздан жогору эмес;
2) мамлекеттик ишканалар жана уставдык капиталындагы акцияларынын (катышуу үлүшүнүн) 50 (элүү) жана андан көп пайызы мамлекетке таандык болгон акционердик коомдор тарабынан пайда алуу максатында ишке ашырылуучу инфратүзүмдүк долбоорлор боюнча - 4 (төрт) пайыздан төмөн эмес жана 5 (беш) пайыздан жогору эмес;
3) пайда алууга багытталган долбоорлор (коммерциялык долбоорлор) боюнча - жылына 6 (алты) пайыздан төмөн эмес;
4) чет өлкөлүк кредиторлордун каражаттарынын эсебинен ишке ашырылуучу долбоорлор боюнча Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерде каралган пайыздык ставкадан төмөн эмес;
5) жеңилдетүү эсебинин каражаттарынын эсебинен ишке ашырылуучу долбоорлор боюнча, эл аралык капитал рыногунда тартылган мамлекеттик зайымдардын пайыздык ставкасынан төмөн эмес.
35. Пайыздарды эсептөө дифференцияланган же аннуитеттик метод менен жүргүзүлөт. Бюджеттик кредиттерди пайдалануу үчүн пайыздарды эсептөө методу Министрлер Кабинетинин чечими менен аныкталат.
36. Бюджеттик кредитти берүү ыкмалары:
1) зайымчынын төлөм документтерин төлөө;
2) бюджеттик кредиттин эсебине өздөштүрүү планына ылайык транштар менен бир жолу же болбосо зайымчы тарабынан өтүнмө жана тийиштүү документтерди берүүгө жараша которуу;
3) товардык-материалдык ресурстарды берүү.
37. Зайымчынын бюджеттик кредиттин эсебине акча каражаттарын которуу же зайымчыга товардык-материалдык ресурстарды берүү кредиттик келишим түзүлгөндөн кийин жүзөгө ашырылат.
38. Бюджеттик кредиттин кезектеги траншын которуу зайымчы тарабынан төмөнкү документтерди тиркөө менен өтүнмө берилгенден кийин жүзөгө ашырылат:
1) мурда берилген акча каражаттарын максаттуу пайдаланылгандыгын ырастоочу документтер;
2) мурунку транштын максаттуу пайдаланылгандыгы жөнүндө тармактык мамлекеттик органдын ырастоосу;
3) кезектеги траншты которуу зарылдыгын ырастоочу башка документтер.
39. Зайымчыга товардык-материалдык ресурстарды берүү товардык коштомо кагаздар жана кабыл алуу-өткөрүп берүү актылары түрүндө, ал эми акча каражаттарын которуу - төлөм тапшырмасы түрүндө таризделет.
40. Бюджеттик кредиттер төмөнкү мөөнөттөргө берилет:
1) кыска мөөнөттүү - 1 (бир) жылга чейин;
2) орто мөөнөттүү - 1 (бир) жылдан 3 (үч) жылга чейин;
3) узак мөөнөттүү - 3 (үч) жылдан ашык.
41. Бюджеттик кредиттин мөөнөтү бюджеттик кредиттин каражаттары ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын эсебинен которулган учурдан тартып, ал эми кредит товардык-материалдык ресурстар түрүндө бөлүнгөн учурда - тиешелүү документтердин негизинде алар берилген күндөн тартып эсептелет. Кредиттик келишимдин шарттарында каралган учурларда, бюджеттик кредиттин мөөнөтү кредиттик келишимдин шарттарына ылайык эсептелет.
42. Агент бюджеттик кредиттердин эсебин жүргүзөт жана алардын кайтарылышын камсыз кылат.
43. Агент бюджеттик кредиттердин системалык жана системадан тышкаркы эсебин жүргүзөт.
Бюджеттик кредиттерди системадан тышкары эсепке алууга банкрот болгон ишканалар, өнбөс жана төлөнгөн карыздар, ошондой эле өндүрүп алуу мүмкүн болбогон субъекттердин карыздары кирет.
44. Бюджеттик кредиттерди эсепке алуу төмөнкүдөй маалыматтарды камтыйт:
1) зайымчынын аталышы/аты-жөнү;
2) долбоордун аталышы жана максаты;
3) берилген бюджеттик кредиттердин суммасы, анын ичинде алардын өздөштүрүлгөн суммалары жана өздөштүрүлбөгөн суммаларынын калдыктары;
4) кредиттөөнүн шарттары;
5) бюджеттик кредитти төлөө суммасы, анын ичинде негизги карызды, эсептелген пайыздарды жана финансылык санкцияларды (айып төлөмдү) төлөө суммасы;
6) зайымчылардын карызынын абалы, анын ичинде бюджеттик кредиттер боюнча мөөнөтү келүүчү, мөөнөтү келген жана мөөнөтү өткөн төлөмдөр;
7) бюджеттик кредиттердин камсыздалуу абалы;
8) өнбөс карыздардын суммасы.
5-глава. Стартап-долбоорлорду жана Кыргыз Республикасынын Депозиттерди коргоо боюнча агенттигин бюджеттик кредиттөө өзгөчөлүктөрү
45. Бюджеттик кредиттер социалдык маанилүү милдеттерди чечүүгө багытталган, ошондой эле өлкөнүн экономикалык, азык-түлүк, экологиялык жана улуттук коопсуздугун камсыздоо үчүн стратегиялык мааниге ээ стартап-долбоорлорду каржылоо үчүн берилиши мүмкүн.
46. Бюджеттик кредиттер ушул главага каршы келбеген бөлүгүндө ушул Жобонун ченемдерине ылайык стартап-долбоорлорду жүзөгө ашыруучу субъекттерге берилет.
47. Бюджеттик кредит алуу үчүн өтүнмө ээсинин жеке салымы суралган кредиттин суммасынын 30 (отуз) пайызынан кем болбоого тийиш.
48. Бюджеттик кредит алууга талапкер болгон өтүнмө ээси ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга милдеттүү түрдө төмөнкүлөрдү камтыган бизнес-планды берет:
1) долбоорду баяндоону, максаттуу рынокту (сатып алуучулар, атаандаштар, рыноктун көлөмү жана анын өсүшү);
2) инвестициялык жана финансылык пландарды, натыйжалуулукту талдоону (кирешелүүлүк, рентабелдүүлүктүн көрсөткүчтөрү, өнүктүрүү сценарийи);
3) коэффициенттердин эсебин, анын ичинде чыгашасыздык чекитин (акчалай жана накталай мааниде);
4) болжолдук маалыматтарды, өзүн-өзү актоо мөөнөтүн;
5) мүмкүн болуучу тобокелдиктерди баяндоону (бул жерде алардын төмөндөө стратегиясы эске алынат жана SWOT-талдоо жүргүзүлөт).
49. Стартап-долбоорлорду бюджеттик кредиттөөдөгү тобокелдиктер толугу менен республикалык бюджетке жүктөлөт.
50. Депозиттерди коргоо фондунун каражаттары учурдагы милдеттенмелерди жабуу үчүн жетишсиз болгон учурда, Кыргыз Республикасынын Депозиттерди коргоо боюнча агенттигине бюджеттик кредит берилиши мүмкүн.
51. Министрлер Кабинетинин Кыргыз Республикасынын Депозиттерди коргоо боюнча агенттигине бюджеттик кредит берүү жөнүндө чечиминин долбоорун демилгелөө банктык аманаттарды (депозиттерди) коргоо чөйрөсүндөгү мыйзамдарга ылайык ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан жүргүзүлөт.
52. Кыргыз Республикасынын Депозиттерди коргоо боюнча агенттигинин атайын ыйгарым укуктарын эске алуу менен ушул Жободо белгиленген зайымчынын төлөө жөндөмдүүлүгүн камсыздоо жана текшерүү шарттары Кыргыз Республикасынын Депозиттерди коргоо боюнча агенттигине берилүүчү бюджеттик кредиттерге карата колдонулбайт. Көрсөтүлгөн бюджеттик кредиттер төмөнкү шарттарга ылайык келүүгө тийиш:
1) максаттуу багыты - өздүк каражаттар жетишсиз болгон учурда салымчыларга компенсацияларды өз убагында төлөөнү камсыз кылуу жана/же Депозиттерди коргоо фондунун ликвиддүүлүгүн кармап туруу үчүн гана;
2) төлөө булактары - мыйзамдарда каралган чекте депозиттерди коргоо системасынын катышуучуларынын милдеттүү төгүмдөрү (сый акылары) жана Депозиттерди коргоо фондунун башка кирешелери;
3) эсепке алуу жана контролдоо - кредиттин каражаттары өзүнчө банктык эсепте эсепке алынат, Кыргыз Республикасынын Депозиттерди коргоо боюнча агенттиги кредит толук төлөнгөнгө чейин кредиторго каражаттардын максаттуу пайдаланылышы жана кыймылы жөнүндө ар айлык отчеттуулукту берип турат.
6-глава. Бюджеттик кредиттерге мониторинг жүргүзүү
53. Бюджеттик кредиттерге мониторинг зарылчылыкка жараша, бирок жылына бир жолудан кем эмес жүргүзүлөт.
54. Бюджеттик кредиттерге мониторинг жүргүзүүнүн максаты зайымчылар тарабынан кредиттик келишимдердин шарттарын сактоо, бюджеттик кредиттерди максаттуу пайдалануу жана бюджеттик кредиттерди кайтарып берүүнү камсыз кылуу болуп саналат.
55. Мониторинг агент же кредиттик агенттер тарабынан төмөнкүдөй жолдор менен жүргүзөт:
1) кредиттин (негизги сумманын жана пайдалануу үчүн пайыздардын) өз убагында төлөнүшүнө байкоо жүргүзүү;
2) кредитти камсыздоонун бар экендиги фактысын белгилөө жана анын абалын текшерүү;
3) зайымчынын финансылык абалына байкоо жүргүзүү;
4) каражаттарды иш жүзүндө пайдалануу жөнүндө отчетторду жана баштапкы документтерди, анын ичинде банктык коштоо жөнүндө отчетторду текшерүү;
5) кредиттер боюнча байкоо жүргүзүлүүчү карыздын сапатын жана көлөмүнүн түзүмүн талдоо;
6) көйгөйлүү зайымчыларды аныктоо жана аларды чечүү боюнча иш-чараларды иштеп чыгуу.
56. Зайымчылар агенттин же кредиттик агенттин талабы боюнча алардын финансылык-экономикалык жана өндүрүштүк иши жөнүндө, ошондой эле долбоорду ишке ашыруунун жүрүшү жөнүндө отчетторду жана маалыматтарды берүүгө милдеттүү.
Каражаттарды иш жүзүндө пайдалануу жөнүндө отчетторду жана баштапкы документтерди алар татаал болгондуктан же белгилүү бир тармакта атайын билимдерди талап кылгандыктан текшерүү мүмкүн болбогон учурда, иш жүзүндө аткарылган иштерди текшерүү тийиштүү тармакта кесиптик иш тажрыйбасы бар эксперттерди жана адистерди тартуу менен жүзөгө ашырылат.
57. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жана агент зайымчынын финансылык-чарбалык иши жөнүндө маалыматтарды, анын ичинде төмөнкүлөрдөн суроого жана алууга ыйгарым укуктарга ээ:
1) Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан лицензияланган банктардан, Кыргыз Республикасынын аймагында иштеп жаткан алардын филиалдарынан жана өкүлчүлүктөрүнөн зайымчынын макулдугу менен анын эсептери жөнүндө;
2) аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынан жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынан алардын компетенциясына кирген маселелер боюнча, ошондой эле бюджеттик кредиттин максаттуу пайдаланылышын жана кайтарылышын контролдоо үчүн жооптуу тармактык мамлекеттик органдан - максаттуу пайдаланылышын ырастоо, кайтаруу боюнча көрүлүп жаткан чаралар жана долбоорду ишке ашыруунун жүрүшү жөнүндө маалыматтарды;
3) финансылык-кредиттик уюмдардан жана кредиттик бюролордон зайымчынын макулдугу менен анын кредиттик милдеттенмелеринин бар экендиги жөнүндө;
4) менчигинин түрүнө карабастан коммерциялык жана коммерциялык эмес уюмдардан жана бюджеттик кредитти пайдалануу мезгилинде зайымчы менен бүтүм жасаган Кыргыз Республикасынын жарандарынан жасалган бүтүмдөр жөнүндө.
58. Бюджеттик кредиттерге мониторинг жүргүзүүнүн жыйынтыгы боюнча көйгөйлүү зайымчылар аныкталган учурда, агент тарабынан бекитилген нускамага ылайык агент тиешелүү иштерди жүргүзөт.
7-глава. Милдеттенмелерди аткаруу
59. Зайымчы кредиттик келишимдин шарттарын талаптагыдай аткарууга, бюджеттик кредиттин каражаттарын максаттуу жана натыйжалуу пайдаланууну жана долбоордун ийгиликтүү ишке ашырууну камсыз кылууга милдеттүү.
60. Милдеттенмелер кредиттик келишимдин шарттарына жана Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарынын талаптарына ылайык талаптагыдай түрдө жана белгиленген мөөнөттө аткарылууга тийиш.
61. Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында же кредиттик келишимде каралган учурларды кошпогондо, милдеттенмени аткаруудан бир тараптуу баш тартууга жол берилбейт.
62. Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында же кредиттик келишимде каралган учурларды кошпогондо, кредиттик келишимдин шарттарын бир тараптуу өзгөртүүгө жол берилбейт.
63. Зайымчылар тарабынан бюджеттик кредиттер боюнча карызды төлөө кредиттик келишимдин ажырагыс бөлүгү болгон мөөнөттүү милдеттенмеге (төлөө графигине) ылайык жүргүзүлөт.
64. Эгерде кредиттик келишимдин шарттарында башкача каралбаса, зайымчы милдеттенмени мөөнөтүнөн мурда аткарууга укуктуу.
65. Акча каражаттарын пайдалануу үчүн пайыздарды кошуп эсептөө акча каражаттары зайымчынын бюджеттик кредитинин эсебине которулган датадан тартып, ал эми кредиттер товардык ресурстар түрүндө бөлүнгөн учурда, алар зайымчыга өткөрүлүп берилген күндөн тартып карыз толук төлөнгөнгө чейин же эгерде кредиттик келишимде башкача айтылбаса, бюджеттик кредиттер боюнча карызды өндүрүп алуу жөнүндө соттун актысы чыгарылганга чейин жүргүзүлөт.
66. Бюджеттик кредиттерди пайдалануу үчүн пайыздарды эсептөөдө базалык мезгилдин негизи катары, эгерде Министрлер Кабинетинин чечими менен же Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдердин шарттарында башкача каралбаса, ар бир айдагы күндөрдүн иш жүзүндөгү саны менен 365 (үч жүз алтымыш беш) күнгө барабар болгон календардык жылдын узактыгы кабыл алынат.
67. Төлөө мөөнөтү келген күнгө карата төлөнбөгөн мөөнөтү келген төлөмдөр ошол күндөн кийинки күндөн баштап мөөнөтү өткөн төлөмдөр деп эсептелет.
68. Кошуп эсептелинген пайыздардын жана финансылык санкциялардын (айып төлөмдөрдүн) суммасы зайымчыга жиберилүүчү карызды салыштырып текшерүү актыларында, кабарламаларда, дооматтарда жана башка финансылык документтерде көрсөтүлөт.
69. Бюджеттик кредиттерди акча каражаттары менен төлөө ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан, агенттик макулдашуу же Министрлер Кабинетинин чечими менен белгиленген тартипте казыналыктын системасы аркылуу же башка булактардын эсептери боюнча төлөмдү өткөрүү жолу менен төлөм документинин негизинде эсепке алынат.
8-глава. Милдеттенмелерди аткарууну камсыз кылуу ыкмалары
70. Зайымчынын милдеттенмелерин аткаруу финансылык санкциялар (айып төлөм), күрөө, кепилчилик, кепилдик, карыздын суммасын акцептсиз эсептен чыгаруу укугун берүү, зайымчынын алыш-бериш эсебинен кирешелерди бөлүү келишими жана Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында каралган башка ыкмалар менен камсыз кылынат.
71. Финансылык санкцияларды (айып төлөмдү) кошуп эсептөөнүн шарттары кредиттик келишимдин шарттарында көрсөтүлөт.
72. Күрөө келишимин тариздөө ушул Жобонун 6-тиркемесине ылайык форма боюнча жүргүзүлөт.
73. Кепилчилик келишимин тариздөө ушул Жобонун 7-тиркемесине ылайык форма боюнча жүргүзүлөт.
74. Кепилдик келишимин тариздөө ушул Жобонун 8-тиркемесине ылайык форма боюнча жүргүзүлөт.
75. Ушул Жобонун тиркемелеринде көрсөтүлгөн келишимдердин бардык формалары типтүү болуп саналат жана келишимдин шарттарына мыйзамдарга каршы келбеген кошумча шарттарды киргизүү жолу менен өзгөртүлүшү мүмкүн.
76. Күрөө мүлкүнүн реалдуу рыноктук наркын баалоо баалоо жүргүзүү укугуна уруксаты бар баалоочуларды тартуу менен жүргүзүлөт. Мында 5 жылдан көп эмес мурда сатып алынган жабдуулар жана инструменталдык техника суроо-талаптын жана тобокелдиктин төмөндөтүүчү коэффициенттерин колдонуп, физикалык жана моралдык эскирүүсүн эске алуу менен баланстык наркы боюнча күрөө катары кабыл алынышы мүмкүн.
77. Күрөө мүлкүнүн наркын баалоо бюджеттик кредитти алууга өтүнмө түзүлгөн датага карата физикалык жана моралдык эскирүүсүн эске алуу менен мүлктүн окшош түрлөрүнүн рыноктук наркы боюнча жүзөгө ашырылат.
78. Кредиттик келишим боюнча милдеттенмелерди аткарууну камсыздоонун бир нече ыкмаларын караган келишимдерди тариздөөгө жол берилет.
79. Бул Жобонун милдеттүү камсыздоо бөлүгүндөгү талаптары аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарына, мамлекеттик мекемелерге, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына, республикалык жана жергиликтүү бюджеттерден каржылануучу муниципалдык мекемелерге жана күрөөлүк камсыздоого менчик укугунда турган бардык активдерди (мүлктүк комплекс катары ишкананын күрөөсү) берген юридикалык жактарга жайылтылбайт.
Күрөөнү берүүнүн мүмкүн эместиги жөнүндө маалымат бюджеттик кредит бөлүү жөнүндө чечимдин долбоорун демилгелеген тармактык мамлекеттик орган тарабынан берилүүгө тийиш. Берилген маалыматтардын аныктыгы үчүн жоопкерчиликти тармактык мамлекеттик орган тартат.
80. Бюджеттик кредит кредиттик агент аркылуу берилген учурларда, милдеттенмелерди аткарууну камсыз кылуу кредиттик агент тарабынан белгиленген тартипке ылайык жүргүзүлөт.
9-глава. Бюджеттик кредиттерди кайра түзүмдөштүрүү
81. Бюджеттик кредиттерди кайра түзүмдөштүрүү Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексине ылайык кредиттик келишимде белгиленген мөөнөттөрдө жана көлөмдөрдө милдеттенмелерди аткаруу мүмкүнчүлүгүн жокко чыгарган финансылык кыйынчылыктар же ал жеткис күчтүн (форс-мажор) таасири келип чыкканда жүргүзүлөт. Бул учурда зайымчы тарабынан көрүлүүчү чаралар анын ишин финансылык жактан жакшыртууга жана кредиттик келишим боюнча кабыл алынган милдеттенмелерди андан ары аткарууну активдештирүүгө багытталууга тийиш.
82. Бюджеттик кредиттерди кайра түзүмдөштүрүү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңештин профилдик комитети менен макулдашуу боюнча Министрлер Кабинети тарабынан ишке ашырылат.
83. Министрлер Кабинетинин бюджеттик кредиттерди кайра түзүмдөштүрүү жөнүндө чечимдеринин долбоорлору тармактык мамлекеттик орган, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы же ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан демилгелениши мүмкүн.
Мында жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы республикалык маанидеги шаарлардын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан тышкары, Кыргыз Республикасынын Президентинин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү аркылуу чечимдин долбоорун демилгелейт.
84. Зайымчы же тармактык мамлекеттик орган бюджеттик кредитти кайра түзүмдөштүрүү боюнча сунуштарды кароо үчүн ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга карызды кайтарып берүү шарттарын өзгөртүү боюнча сунуштарды жана кайра түзүмдөштүрүүнүн зарылдыгын негиздеген материалдарды киргизет.
85. Бюджеттик кредиттер боюнча карызды кайра түзүмдөштүрүү жөнүндө сунушка төмөнкүлөр тиркелет:
1) акыркы 3 (үч) жыл үчүн тиешелүү формаларды тиркөө менен финансылык отчеттуулук. Юридикалык жак 3 (үч) жылдан аз иш жүргүзгөн учурларда, иштеген мезгили үчүн финансылык отчеттуулук берилет;
2) мөөнөттү болжолдонгон узартуунун бүткүл мезгилине бизнес-план, анда төмөнкүлөр чагылдырылат:
- кирешелердин, пайданын жана акча каражаттарынын кыймылынын реалдуу жана жетүүгө мүмкүн болгон деңгээлдери;
- зарыл болгон адам ресурстары, финансылык чыгашалар жана жүгүртүү капиталы;
- тобокелдиктин негизги булактары жана бул тобокелдиктерди азайтуу;
3) милдеттенмелердин аткарылышын камсыз кылуу боюнча сунуштар.
86. Күрөөлүк камсыздоо жетишсиз болгон учурда же эгерде мурда бюджеттик кредиттер күрөөсүз негизде берилген болсо, күрөөлүк камсыздоо жөнүндө сунуш ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын талабы боюнча берилет.
87. Бюджеттик кредиттерди кайра түзүмдөштүрүү боюнча берилген материалдарды кароонун жыйынтыгы боюнча негиздер болгон учурда, ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган кредиттик келишимдин шарттарын өзгөртүү мүмкүнчүлүгү жөнүндө корутунду даярдайт.
88. Киргизилген сунуш ушул Жобонун талаптарына ылайык келбеген, зайымчынын финансылык-экономикалык абалы канааттандырарлык эмес болгон жана анын ишинин өнүгүү келечеги жок болгон учурда, ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган терс корутунду (баш тартуу) даярдайт.
89. Министрлер Кабинетинин чечиминин долбоорунда бюджеттик кредиттерди кайра түзүмдөштүрүү, анын ичинде төмөнкүлөр каралат:
1) карызды төлөө мөөнөттөрүн өзгөртүү;
2) кредитти пайдалануу үчүн пайыздык ставканы өзгөртүү;
3) жеңилдетилген мезгилдин мөөнөттөрүн берүү же өзгөртүү;
4) бюджеттик кредиттер боюнча карыздарды пайдалануу үчүн кошуп эсептелген пайыздарды жана/же финансылык санкцияларды (айып төлөм) өзүнчө суммага бөлүү жолу менен капиталдаштыруу;
5) аткаруу мөөнөтүн кийинкиге жылдыруу жана Кыргыз Республикасынын бюджеттик жана жарандык мыйзамдарына каршы келбеген башка негиздүү сунуштар.
90. Бюджеттик кредиттерди кайра түзүмдөштүрүүдө кредиттерди кайтаруунун чектүү мөөнөттөрү төмөнкүдөй белгиленет:
1) карыздын калдыгы 1000000 (бир миллион) сомго чейин болсо - 3 (үч) жылдан ашык эмес;
2) карыздын калдыгы 1000000дон (бир миллион) 10000000 (он миллион) сомго чейин болсо - 7 (жети) жылдан ашык эмес;
3) карыздын калдыгы 10000000дон (он миллион) 20000000 (жыйырма миллион) сомго чейин болсо - 10 (он) жылдан ашык эмес;
4) карыздын калдыгы 20000000дон (жыйырма миллион) 50000000 (элүү миллион) сомго чейин болсо - 12 (он эки) жылдан ашык эмес;
5) карыздын калдыгы 50000000 (элүү миллион) сом жана андан ашык болсо - 15 (он беш) жылдан ашык эмес.
91. Эгерде зайымчыга көз каранды болбогон себептерден улам анын жумуш шарттары өзгөрүлсө (өлкөдөгү экономикалык кырдаалдын начарлашы, форс-мажор), бюджеттик кредитти пайдалангандыгы үчүн пайыздык чен төмөндөө жагына өзгөрүлөт.
92. Кредиттик келишимдин шарттарына кредитти пайдалангандыгы үчүн пайыздык чендердин өлчөмүн төмөндөтүү бөлүгүндө өзгөртүүлөрдү киргизүүдө анын өлчөмү бюджеттик кредитти пайдалангандыгы үчүн белгиленген пайыздык чендин өлчөмүнүн 50 (элүү) пайызынан кем болбоого тийиш.
Мында белгиленүүчү пайыздык ставка ушул Жобонун 34-пунктунда долбоорлордун тиешелүү түрлөрү үчүн белгиленген минималдуу жол берилген ставкадан төмөн болбошу керек.
93. Министрлер Кабинети тарабынан кайра кредиттелген бюджеттик кредиттер боюнча бюджеттик кредитти пайдалануу үчүн башка пайыздык ставкаларды колдонууга жол берилет. Мында кайра кредиттелген бюджеттик кредиттер боюнча пайыздык ставкалардын өлчөмдөрү Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, мыйзамдарда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерде көрсөтүлгөн пайыздык ставкалардан аз болбошу керек.
94. Төлөмдөрдүн мезгилдүүлүгүн өзгөртүүнү караган карызды төлөөнүн графигин өзгөртүү зайымчынын ар айлык акчалай агымын, ишиндеги сезондуулукту, сатуу рыногунун, чийки заттарды, комплекттөөчүлөрдү берүүнүн өзгөчөлүктөрүн жана башка факторлорду эске алуу менен жүргүзүлөт.
95. Форс-мажордук жана зайымчыга көз каранды болбогон жагдайлардын келип чыгышына байланыштуу кредиттик келишимдин шарттарын өзгөртүү жөнүндө сунуштарды кароо төмөнкүлөрдүн негизинде жүргүзүлөт:
1) тиешелүү органдардын мындай жагдайлардын жана кырдаалдардын келип чыгышын ырастаган актыларынын;
2) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары же тиешелүү райондордун мамлекеттик администрациялары тарабынан берилүүчү маалымкаттардын.
96. Кредиттик келишимдин өзгөрүлгөн шарттарын агент же кредиттик агент колдонуудагы кредиттик келишимдерге кошумча макулдашуулар түрүндө тариздейт.
10-глава. Милдеттенмедеги жактарды алмаштыруу
97. Кредиттик келишимдин негизинде кредиторго таандык болгон талап кылуу укугу ал тарабынан талап кылуу укугун өткөрүп берүү жөнүндө бүтүм боюнча башка жакка өткөрүлүп берилиши же Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарынын негизинде башка жакка өтүшү мүмкүн.
98. Эгерде Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында же кредиттик келишимде башкача каралбаса, кредитордун укуктарынын башка жакка өтүшү үчүн зайымчынын макулдугу талап кылынбайт.
99. Карызды башка жакка өткөрүүгө кредитордун же кредитордун атынан талап кылуу укугу берилген органдын макулдугу менен гана жол берилет, бул кайра түзүлүүчү кредиттик келишимдин шарттарында эске алынат.
100. Зайымчынын карызын анын укук улантуучусуна кайра тариздөө Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылуучу юридикалык жакты кайра уюштурууда (кошууда, бириктирүүдө, бөлүүдө, бөлүп чыгарууда, кайта түзүүдө) жүргүзүлөт.
101. Юридикалык жакты кайра уюштурууда анын карызын кайра тариздөө бөлүүчү баланска жана өткөрүп берүү актысына ылайык жүргүзүлөт. Эгерде Министрлер Кабинетинин чечими менен башкача каралбаса, жаңы юридикалык жак менен келишимдик мамиле милдеттенмелердин аткарылышын камсыздоону (күрөө же башка ыкма менен) милдеттүү түрдө берүү менен кайра уюштурулган юридикалык жак менен кредиттик келишимде аныкталгандай эле шарттарда таризделет.
102. Жаңы жак үчүн кредит берүүнүн шарттарын өзгөртүүгө Министрлер Кабинетинин чечиминин негизинде гана жол берилет.
103. Кредиттерди кайтарып берүү боюнча милдеттенмелерди аткаруунун ишенимдүүлүгү жогорулаган учурда, зайымчынын карызын башка жакка өткөрүү агент тарабынан жүргүзүлөт. Финансылык абалы бюджеттик кредиттер боюнча милдеттенмени аткарууга мүмкүндүк бербеген жакка карызды өткөрүүгө жол берилбейт.
104. Ушул Жобого ылайык зайымчынын карызы башка жакка өткөрүлгөн учурда, зайымчынын кредиттик келишим боюнча милдеттенмеси өткөрүлгөн карыздын суммасына тең суммада аткарылат.
11-глава. Бюджеттик кредиттөө боюнча милдеттенмелерди аткарбагандыгы же талаптагыдай аткарбагандыгы үчүн жоопкерчилик
105. Финансылык санкцияларды (айып төлөм) эсептөө Министрлер Кабинетинин чечимине, кредиттик келишимге ылайык белгиленет жана төмөнкү учурларда колдонулат:
1) бюджеттик кредит боюнча мөөнөтү өткөн карыз пайда болгондо - бюджеттик кредитти пайдалануу үчүн эки эселенген пайыздык ставка, бирок мөөнөтү өткөн төлөмдүн суммасына аны төлөө үчүн белгиленген датадан кийинки күндөн баштап милдеттенме иш жүзүндө аткарылган күнгө чейин ар бир мөөнөтү өткөн күн үчүн эсептелүүчү жылдык 6 пайыздан кем эмес өлчөмдө финансылык санкция (айып төлөм) түрүндө;
2) зайымчы тарабынан кредиттик келишимде каралган милдеттенмелердин аткарылышын камсыздоону берүү мөөнөтү сакталбаганда - бюджеттик кредиттин суммасынын 0,2 пайызы өлчөмүндө бир жолку эсептелүүчү финансылык санкция (айып төлөм) түрүндө. Мында көрсөтүлгөн финансылык санкцияны (айып төлөмдү) төлөө зайымчынын милдеттенмелердин аткарылышын камсыздоону берүү милдетинен бошотпойт жана кредитордун ушул Жободо жана/же кредиттик келишимде каралган башка чараларды колдонуу укугун чектебейт.
106. Мөөнөтү өткөн төлөмдөр үчүн финансылык санкцияларды (айып төлөмдөрдү) кошуп эсептөө төмөнкү учурларда токтотулуп турат:
1) ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын корутундусу менен ырасталган, ал жеткис жана күтүлбөгөн күчтөрдүн, анын ичинде эпидемиянын, өрттүн, жарылуунун, авариянын, суу ташкынынын, кургакчылыктын, жер титирөөнүн, табигый-климаттык жана техногендик кыйроолордун таасиринин кесепетинен милдеттенмелерди талаптагыдай аткарууга таасирин тийгизүүчү өзгөчө жана алдын алууга болбогон жагдайлардын (форс-мажор) келип чыгуу фактысы пайда болгондо - форс-мажордук жагдайлар келип чыккан күндөн тартып зайымчынын финансылык абалын жакшыртуу үчүн зарыл болгон мезгил ичинде, бирок 1 (бир) жылдан ашык эмес;
2) жеке жак каза болгондо - зайымчынын каза болгондугу жөнүндө күбөлүк берилген күндөн тартып анын мураскору (укук улантуучусу) аныкталганга чейин.
107. Мөөнөтү өткөн төлөмдөр үчүн финансылык санкцияларды (айып төлөмдөрдү) кошуп эсептөө төмөнкү учурларда токтотулат:
1) бюджеттик кредиттер боюнча карызды өндүрүп алуу жөнүндө соттук акты чыгарылган учурдан тартып;
2) кошуп эсептелген финансылык санкциялардын (айып төлөмдүн) суммасы кредиттик келишим боюнча негизги карыздын суммасынын 20 (жыйырма) пайызынан ашкан учурда;
3) юридикалык жак жоюлган учурда.
108. Мөөнөтү өткөн төлөмдөр үчүн финансылык санкцияларды (айып төлөмдөрдү) кошуп эсептөөнү токтотуу же токтотуп туруу зайымчыны кредиттик келишим боюнча милдеттенмелерди талаптагыдай аткаруудан бошотпойт.
109. Зайымчы кабыл алган милдеттенмелер келишимдин шарттарына жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына ылайык талаптагыдай жана белгиленген мөөнөттө аткарылууга тийиш.
110. Бюджеттик кредиттин каражаттарынын эсебинен мамлекеттик сатып алуулар жүргүзүлгөн учурда, зайымчы мамлекеттик сатып алуулар чөйрөсүндөгү мыйзамдардын ченемдерин сактоо үчүн жоопкерчилик тартат.
111. Бюджеттик кредиттөөнүн шарттары бузулганда агент же кредиттик агент бюджеттик кредит боюнча карыздарды мөөнөтүнөн мурда өндүрүп алуу жол-жобосун демилгелөөгө укуктуу.
112. Карызды мөөнөтүнөн мурда өндүрүп алуу жол-жобосу төмөнкүдөй учурларда демилгеленет:
1) зайымчы бюджеттик кредиттин кезектеги бөлүгүн кайтаруу үчүн 180 (бир жүз сексен) күндөн ашык белгиленген мөөнөттү бузганда;
2) кредиттик келишимде белгиленген милдеттенмелердин аткарылышын камсыздоону берүү мөөнөтү аяктаган күндөн кийинки күндөн тартып 12 ай өткөн учурда, камсыздоо көрсөтүлгөн датага чейин зайымчы тарабынан берилбесе;
3) күрөө берүүчү тарабынан келишимди камсыз кылуучу шарттар сакталбаганда жана күрөө предметин тескөө жөнүндө эрежелер бузулганда;
4) кредиттик келишимдин шарттарына, анын ичинде бюджеттик кредиттин максаттуу пайдаланылышына мониторинг жүргүзүү мүмкүнчүлүгүнө зайымчы тарабынан тоскоолдук кылынганда же чектөө аракети жасалганда;
5) бюджеттик кредиттерди иш жүзүндө пайдалануу жөнүндө отчетторду жана баштапкы документтерди текшерүүдө бюджеттик кредитти максатсыз пайдалануу фактысы аныкталган учурда.
113. Эгерде кабарланган учурдан тартып 180 (бир жүз сексен) күн өткөндөн кийин зайымчы карыздарын төлөө боюнча чара көрбөсө, кредиттик агент бюджеттик кредит боюнча карыздарды мөөнөтүнөн мурда өндүрүп алууга киришүүгө укуктуу.
114. Мөөнөтүнөн мурда өндүрүп алуу жол-жобосун демилгелөөдө бюджеттик кредитти төлөө мөөнөттөрү кредиттик келишимдин шарттарына карабастан демилгелеген күндөн тартып токтоосуз башталат.
12-глава. Бюджеттик кредитти соттук жана соттон тышкаркы тартипте төлөөнүн өзгөчөлүктөрү
115. Зайымчы бюджеттик кредитти төлөө боюнча милдеттенмелерди аткаруу жөнүндө кредитордун талаптарын аткарбаган учурда агент же кредиттик агент тарабынан Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына жана ушул Жобонун талаптарына ылайык карызды соттук тартипте мажбурлап өндүрүп алуу боюнча чаралар көрүлөт.
116. Карызкорлор менен бюджеттик кредиттер боюнча сот актысын ыктыярдуу аткаруу жөнүндө макулдашуу түзүүгө уруксат берилет.
117. Сот актысын ыктыярдуу аткаруу агент же кредиттик агент менен зайымчынын же субсидиялык жоопкерчилик тартуучу адамдын ортосунда кол коюлган макулдашуу менен бекитилүүгө тийиш. Макулдашуу түзүүнүн максаты болуп мажбурлоо мүнөзүндөгү чараларды колдонбостон, сот актыларынын кепилденген аткарылышын бир кыйла үнөмдүү ыкма менен камсыздоо саналат.
118. Сот актысын ыктыярдуу аткаруу жөнүндө макулдашууну түзүү зайымчыны Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында белгиленген жоопкерчиликтен бошотпойт.
119. Агент же кредиттик агент жарашуу макулдашуусун түзүүгө жана аны Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык сот аркылуу бекитүүгө укуктуу.
120. Жарашуу макулдашуусунун милдеттенмелерин аткаруунун тартиби, шарттары жана мөөнөттөрү зайымчынын мурда алган милдеттенмелеринин шарттарына салыштырмалуу кыйла жеңилдетилген болбоого тийиш.
121. Мөөнөтү бүткөн милдеттенмелер боюнча жарашуу макулдашуусу түзүлгөн учурда жарашуу макулдашуусунун мөөнөтү 5 (беш) жылдан ашпоого тийиш.
122. Эгерде ушул Жобонун 115-пунктунда каралган аракеттер жетишсиз болсо жана милдеттенмелердин аткарылбай калышы сакталуу бойдон калса, агент же кредиттик агент Кыргыз Республикасынын банкроттук чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык мамлекеттин алдында милдеттенмелери бар зайымчынын банкроттук жол-жобосун демилгелейт. Бул учурда агент же кредиттик агент зайымчыга банкроттук жол-жобосун демилгелөө ниети жөнүндө кабарлоого тийиш. Кабарлоодо кредиттик келишим боюнча милдеттенмелердин аткарылбагандыгы көрсөтүлөт жана бул зайымчы кабарлоодо көрсөтүлгөн мезгилдин ичинде милдеттенмелерди аткарбаган учурда агент банкроттук жол-жоболорун белгилөө үчүн сотко кайрылары жөнүндө эскертүү камтылууга тийиш.
123. Зайымчы банкрот болгондо кредитордун талаптарын канааттандыруу Кыргыз Республикасынын банкроттук чөйрөсүндөгү мыйзамдарында белгиленген тартипте жүргүзүлөт.
124. Күрөөнүн предметин соттон тышкаркы тартипте өндүрүп алуу күрөө жөнүндө келишимдин же болбосо кредиттик келишимдин шарттары бузулган учурларда күрөөнүн предметин соттон тышкаркы тартипте ээликтен ажыратуу шарттарын камтыган макулдашуунун негизинде жүргүзүлөт.
125. Күрөөнүн предметин соттон тышкаркы тартипте өндүрүп алуу жол-жобосун демилгелөө Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында жана Кыргыз Республикасынын күрөө чөйрөсүндөгү мыйзамдарында белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат.
126. Бюджеттик кредиттер боюнча кредитордун талаптарына доонун эскирүү мөөнөтү жайылтылбайт.
127. Бюджеттик кредиттер боюнча карызды өндүрүп алуу жөнүндө сот актысы чыгарылган учурдан тартып пайыздарды жана финансылык санкцияларды (айып төлөм) кошуп эсептөө токтотулат.
128. Чет өлкө валютасында берилген бюджеттик кредиттер боюнча карызды өндүрүп алууда карыздын суммасы сот актысы чыгарылган учурга карата расмий курс боюнча улуттук валютада белгиленет.
13-глава. Бюджеттик кредитти мүлк менен төлөөнүн өзгөчөлүктөрү
129. Мыйзамдуу күчүнө кирген сот актылары, зайымчыны жоюу же анын банкроттугу (кудуретсиздиги) боюнча аткаруу өндүрүшүнүн процесстеринде агент же кредиттик агент карызкордун (күрөө берүүчүнүн) мүлкүн, анын ичинде ачык тооруктарда сатылбай калган мүлкүн Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында белгиленген тартипте, ошондой эле Кыргыз Республикасынын аткаруу өндүрүшү, күрөө жана банкроттук чөйрөсүндөгү мыйзамдарында белгиленген тартипте өзүнө калтырууга укуктуу. Мында мүлк акыркы тоорукта (аукциондо, конкурста) белгиленген нарк боюнча кабыл алынат.
130. Агент же кредиттик агент зайымчынын, күрөө берүүчүнүн же үчүнчү жактын мүлкүн бюджеттик кредит боюнча карыздарды төлөөнүн эсебинен кабыл алууга укуктуу. Мында мүлк ушул Жобонун 76-пунктуна ылайык жүргүзүлгөн баалоо боюнча кабыл алынат.
131. Ушул Жобонун 129, 130-пункттарында көрсөтүлгөн мүлктү кабыл алууда зайымчынын кредиттик келишими боюнча милдеттенмеси кабыл алуу учурундагы мүлктүн наркынын суммасына аткарылат, ага ылайык агенттин же кредиттик агенттин талаптары кабыл алынган мүлктүн суммасына жараша канааттандырылат.
132. Кредитордук талаптарды канааттандыруу жана бюджеттик кредит боюнча зайымчынын милдеттенмелерин аткаруу учуру болуп төмөнкүлөр эсептелет: кыймылсыз мүлккө карата - менчик укугун мамлекеттик каттоо датасы, кыймылдуу мүлккө карата - каттоо органдарында кыймылдуу мүлктү каттоо датасы жана кабыл алуу-өткөрүп берүү актысы түзүлгөн дата.
133. Агент же кредиттик агент мүлктү кредитордук талаптарды канааттандыруу максатында кабыл алган учурда, мындай мүлк ушул Жобонун 146-пунктунда белгиленген учурларды кошпогондо, Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык ээликтен ажыратылууга тийиш.
Мүлк сатылганга чейин агент өз ишинде аны багыты боюнча пайдаланууга укуктуу.
134. Бюджеттик кредиттер боюнча карызды төлөөнүн эсебине кабыл алынган турак жай мүлкүн сатуу төмөнкү шарттарды эске алуу менен жүзөгө ашырылат:
1) турак жайдын мурдагы ээси же анын жакын туугандары мүлктү менчикке өткөн учурдагы наркы боюнча сатып алууга артыкчылыктуу укукка ээ, мында, зайымчынын бюджеттик кредит боюнча карызы бар болгон учурда карыздын калдыгы мүлктүн наркына кошулат;
2) мурдагы ээси же анын жакын туугандары сатып алуу укугунан баш тартканда мүлк үчүнчү жактарга ээликтен ажыратылышы мүмкүн.
Мында агент мындай мүлктү ушул Жобонун 76-пунктуна ылайык баалоо аркылуу аныкталган нарк боюнча сатууга укуктуу.
135. Бюджеттик кредиттер боюнча карызды төлөөнүн эсебине кабыл алынган мүлктү сатуу үчүн агент риэлтордун кызмат көрсөтүүлөрүн тартууга укуктуу. Мында көрсөтүлгөн кызматтар үчүн сый акы агент тарабынан белгиленген мүлктүн наркына кошулган, бирок 5 (беш) пайыздан ашпаган баа түрүндө аныкталат.
136. Мүлктү ээликтен ажыратуунун натыйжасында түшкөн акча каражаттары (мындан ары - түшкөн каражаттар) мүлк кабыл алынган (өндүрүп алынган) төлөө эсебине бюджеттик кредитти төлөөгө багытталат.
137. Мүлк агент же кредиттик агент тарабынан мүлктү кабыл алуу учурундагы наркынан жогору наркта ээликтен ажыратылган учурда, түшкөн каражаттардын айырмасы ушул Жобонун 145-пунктунда каралган чыгашалардын ордун толтурууга багытталат.
Ушул Жобонун 145-пунктунда каралган чыгашалардын ордун толтуруудан кийин калган түшкөн каражаттардын калдыгы республикалык бюджеттин кирешесине эсепке киргизилүүгө тийиш.
138. Эгерде кабыл алынган (өндүрүп алынган) мүлктүн кабыл алуу учурундагы наркы бюджеттик кредиттер боюнча талаптардын өлчөмүнөн жогору болсо, кредитордук талаптарды канааттандыруу учурунда пайда болгон айырма мүлк ээликтен ажыратылган жана акча каражаттары республикалык бюджетке түшкөн күндөн тартып 30 (отуз) күндүн ичинде республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен мүлктүн менчик ээсине төлөп берилүүгө тийиш. Кабыл алынган (өндүрүп алынган) мүлк мамлекеттик менчикке айландырылганда, төлөп берилүүчү айырма тийиштүү жылга республикалык бюджеттин чыгаша бөлүгүндө эске алынышы керек.
Кабыл алынган (өндүрүп алынган) мүлк мөөнөтүн узартып төлөө менен ээликтен ажыратылган учурда, кредитордук талаптарды канааттандыруу убагында пайда болгон нарктагы айырма мүлктүн менчик ээсине ээликтен ажыратуу мөөнөтүнүн ичинде акча каражаттарынын түшүүсүнө жараша төлөп берилет.
139. Ушул Жобонун 138-пунктунда көрсөтүлгөн нарктагы айырма агенттин же кредиттик агенттин ушул Жобонун 145-пунктунда каралган чыгашаларын эсептен чыгаруу менен, мүлктүн менчик ээсине бюджеттик кредиттер боюнча мөөнөтү өткөн милдеттенмелери жок болгон шартта төлөп берилет.
140. Мүлктү кабыл алган күндөн тартып 120 (бир жүз жыйырма) күндүн ичинде аны ээликтен ажыратууга мүмкүн болбогон учурда, кабыл алынган (өндүрүп алынган) мүлк мөөнөтүн узартып төлөө менен ээликтен ажыратылат.
Көрсөтүлгөн мөөнөттүн ичинде ээликтен ажыратуу жөнүндө жарыя агенттин расмий сайтына милдеттүү түрдө жайгаштырылууга, ошондой эле республикалык маанидеги гезиттерде кеминде үч жолу жана жергиликтүү маанидеги гезиттерде кеминде үч жолу, маалыматтык интернет-порталдарда бир эле учурда жайгаштыруу менен жарыяланууга тийиш.
Мүлктү мөөнөтүн узартып төлөө менен сатууда, сатылган мүлктүн толук наркына эсептелүүчү жана агенттин эсептешүү эсебине которулууга тийиш болгон пайыздык ставка жылдык 3 (үч) пайыз өлчөмүндө белгиленет.
141. Кабыл алынган (өндүрүп алынган) мүлктү мөөнөтүн узартып төлөө менен ээликтен ажыратууда ээликтен ажыратуу жөнүндө жарыя агенттин расмий сайтына милдеттүү түрдө жайгаштырылууга, ошондой эле республикалык маанидеги гезиттерде жана жергиликтүү маанидеги гезиттерде жарыяланууга, ээликтен ажыратуу шарттарын көрсөтүү менен маалыматтык интернет-порталдарда жайгаштырылууга тийиш.
142. Кабыл алынган (өндүрүп алынган) мүлктү мөөнөтүн узартып төлөө менен ээликтен ажыратууда ээликтен ажыратуунун чектүү мөөнөттөрү белгиленет:
1) наркы 1000000 (бир миллион) сомго чейин болгондо - 3 (үч) жылдан ашык эмес;
2) наркы 1000000 (бир миллион) сомдон 5000000 (беш миллион) сомго чейин болгондо - 5 (беш) жылдан ашык эмес;
3) наркы 5000000 (беш миллион) сом жана андан жогору болгондо - 10 (он) жылдан ашык эмес.
Сатып алуучунун белгиленген мөөнөттөрдө мөөнөтүн узартып сатып алуу-сатуу келишими боюнча милдеттенмелерин аткарууну кыйындаткан жагдайлар келип чыккан учурда, агент милдеттенмелерди аткаруунун мөөнөттөрүн өзгөртүү, бирок 3 (үч) жылдан ашык эмес мөөнөткө өзгөртүү жөнүндө чечим кабыл алууга укуктуу, мында пайыздык ставка жылдык 5 (беш) пайыз өлчөмүндө белгиленет.
143. Аткаруу өндүрүшү жана банкроттук процессинде ачык тооруктарда сатылбай калган карызкордун (күрөө берүүчүнүн) мүлкүн кабыл алууда агент же кредиттик агент кабыл алынган мүлктү түшкөн арыз боюнча мөөнөтүн узартып төлөө менен сатат.
144. Мүлктү ээликтен ажыратуу же болбосо мамлекеттик менчикке айландыруу учуруна чейинки мүлккө сарпталган чыгашалар агенттин же кредиттик агенттин каражаттарынын эсебинен каржыланат.
145. Төмөнкүлөр мүлккө сарпталган чыгашалар болуп саналат:
1) мүлктү баалоого;
2) мүлккө менчик укугун каттоого;
3) укук күбөлөндүрүүчү документтерди тариздөөгө;
4) салыктарга;
5) мүлктү демонтаждоого жана ордунан көчүрүүгө;
6) мүлктү кайтарууга жана сакталышын камсыздоого;
7) тооруктарды жана аукциондорду уюштурууга жана өткөрүүгө;
8) мүлктү оңдоого, анын ичинде сырдоого, калибрлөөгө, калыбына келтирүүгө, бузук жерлерин оңдоого.
146. Кабыл алынган (өндүрүп алынган) мүлк төмөнкү учурларда мамлекеттик менчикке өткөрүлүүгө тийиш:
1) мүлктү Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында белгиленген мөөнөттүн ичинде ээликтен ажыратууга мүмкүн болбогон учурда;
2) мүлк мамлекеттик бийлик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын пайдалануусу үчүн зарыл болгон учурда;
3) чарбалык коомдун уставдык капиталына салым катары киргизүү зарыл болгон учурда.
14-глава. Өнбөс карыздарды таануунун өзгөчөлүктөрү
147. Бюджеттик кредиттер боюнча карыздар өндүрүп алууда өнбөс карыздар деп таанылат жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык төмөнкү учурларда эсептен чыгарылууга тийиш:
1) ыйгарым укуктуу каттоочу органдын реестрден чыгаруу же юридикалык жактардын реестринде жок экендиги жөнүндө чечиминин көчүрмөсүнүн же маалымкатынын негизинде юридикалык жакты жоюуда;
2) банкроттук процессинде юридикалык жак, жеке ишкер төмөнкү документтердин негизинде жоюлганда:
- юридикалык жакты, жеке ишкерди банкрот деп таануу жөнүндө соттун чечиминин тиешелүү соттун мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү;
- кредиторлор жыйынынын юридикалык жакты банкрот деп жарыялоо жана соттон тышкары тартипте атайын администрациялоону жүргүзүү жөнүндө чечиминин көчүрмөсү;
- кредиторлор жыйынынын атайын администратордун корутунду отчетун бекитүү жана соттон тышкары тартипте атайын администрациялоону аяктоо жөнүндө протоколунун көчүрмөсү;
- администратордун корутунду отчетунун көчүрмөсү;
- администратордун корутунду отчетун бекитүү жөнүндө соттун чечиминин тиешелүү соттун мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү;
- ыйгарым укуктуу каттоочу органдын мамлекеттик реестрден чыгаруу жөнүндө чечиминин көчүрмөсү.
3) төмөнкү шарттар болгон учурда - бюджеттик кредит боюнча карыздын 3 жыл ичинде төлөнбөгөндүгү, зайымчы юридикалык жактын юридикалык дареги катталган жери боюнча иш жүргүзбөгөндүгү, зайымчы жеке жактын жашаган жери жана убактылуу катталган жери боюнча жоктугу, Кыргыз Республикасынын аймагында жооптуу жактардын, башкаруу органдарынын жана уюштуруучулардын жоктугу жана активдердин жоктугу, эгерде кредитор бюджеттик кредиттин карызын мажбурлап өндүрүп алуу боюнча бардык чараларды көргөн болсо;
4) юридикалык жактарда банкроттук белгилери болгон, мамлекеттик органдар уюштуруучусу болуп эсептелген субъекттерди укук мураскорлорун аныктабай кайра уюштуруу же жоюу учурларында;
5) соттун чечими боюнча милдеттенмелердин токтотулушу же сот органдары тарабынан доо талаптарын канааттандыруудан баш тартуу жөнүндө, анын ичинде аткаруу баракчасын аткарууга берүү мөөнөтүн калыбына келтирүүдөн баш тартууга байланыштуу чечимдин кабыл алынышы, ошондой эле 2022-жылдын 21-январына чейинки мезгилде доонун эскирүү мөөнөтү өтүп кеткен милдеттенмелер боюнча төмөнкү документтердин негизинде:
- бюджеттик кредитти төлөө милдеттенмеси боюнча милдеттенмелерди токтотуу же аткаруу баракчасын берүү мөөнөтүн калыбына келтирүүдөн баш тартуу жөнүндө сот актысынын тиешелүү соттун мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү. Талаптар жарым-жартылай канааттандырылган учурда, канааттандыруудан баш тартылган сумма өнбөс карыз деп таанылат;
- агенттин же кредиттик агенттин Кыргыз Республикасынын жарандык сот өндүрүшү чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык зайымчыга карата карыз фактысын аныктоо же карызды өндүрүп алуу боюнча чаралардын колдонулушун камсыз кылууну чагылдырган арызы;
6) жеке жактын каза болгондугу, анын укук мураскери же мурасчысы жок болгондо жана жеке жактын мүлкү жок же жетишсиз болгондо төмөнкү документтердин негизинде:
- жеке жактын каза болгондугу жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөсү;
- анын укук мураскери же мурасчысы жок экендиги жөнүндө соттун чечиминин көчүрмөсү;
- кыймылсыз мүлккө болгон укуктарды каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кыймылсыз жана кыймылдуу мүлктүн жоктугу жөнүндө маалымкаты;
7) жеке жактын мүлкү жок же жетишсиз болгондо төмөнкү документтердин негизинде аны каза болду, дайынсыз жоголду же аракетке жөндөмсүз деп таануу:
- жеке жакты каза болду, дайынсыз жоголду же аракетке жөндөмсүз деп жарыялоо жөнүндө соттун чечиминин көчүрмөсү;
- анын укук мураскери же мурасчысы жок экендиги жөнүндө соттун чечиминин көчүрмөсү;
- кыймылсыз мүлккө болгон укуктарды каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кыймылсыз жана кыймылдуу мүлктүн жоктугу жөнүндө маалымкаты;
8) Кыргыз Республикасынын кылмыш сот өндүрүшү чөйрөсүндөгү мыйзамдарында белгиленген тартипте жеке жакка карата өзгөчө оор кылмыштар үчүн соттун айыптоочу өкүмү күчүнө киргенде, анын жана ага тилектеш же субсидиялык жоопкерчилик тарткан адамдарда кредитордун талаптарын канааттандыруу үчүн күрөөгө коюлган жана башка мүлк жетишсиз болгондо, төмөнкү документтердин негизинде:
- жеке жакка карата сот өкүмүнүн көчүрмөсү;
- анын укук мураскери жоктугу жөнүндө соттун чечиминин көчүрмөсү;
- кыймылсыз мүлккө болгон укуктарды каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кыймылсыз жана кыймылдуу мүлктүн жоктугу жөнүндө маалымкаты;
9) зайымчынын банкроттук процессин демилгелөө жолу менен карызды өндүрүп алуу мүмкүн болбогондо, Кыргыз Республикасынын банкроттук жөнүндө мыйзамдарынын талаптарына ылайык, карыздын суммасы жетишсиз болгондугуна байланыштуу.
15-глава. Бюджеттик кредиттер боюнча карыздарды эсептен чыгаруу механизминин өзгөчөлүктөрү
148. Республикалык бюджеттен жана башка булактардан бюджеттик кредиттерди эсептен чыгаруу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан Министрлер Кабинетинин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеш менен макулдашылган чечиминин негизинде жүргүзүлөт.
149. Зайымчы, тармактык мамлекеттик орган же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы бюджеттик кредит боюнча карызды эсептен чыгаруу зарылчылыгы жөнүндө негиздүү сунуштарды ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга киргизет.
150. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган бюджеттик кредит боюнча карызды эсептен чыгарууга макул болгон учурда тармактык мамлекеттик орган же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы Министрлер Кабинетинин тиешелүү чечиминин долбоорун даярдайт.
Мында республикалык маанидеги шаарлардын өз алдынча башкаруу органдарынан тышкары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы Кыргыз Республикасынын Президентинин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү аркылуу чечимдин долбоорун демилгелейт.
151. Зайымчы жок болгон учурда бюджеттик кредиттер боюнча карыздарды эсептен чыгаруу жөнүндө сунушту ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган демилгелей алат.
152. Жергиликтүү бюджеттерден бюджеттик кредиттерди эсептен чыгаруу жергиликтүү кеңеш менен макулдашуу боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдары тарабынан жүзөгө ашырылат.
153. Кредитордун талап кылуу укуктарын токтотуу жолу менен банкроттукка байланыштуу юридикалык жакты жоюу учурларында бюджеттик кредиттерди эсептен чыгаруу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан банкроттук жөнүндө мыйзамдарга ылайык жүзөгө ашырылат.
154. Жеке жакты каза болду, дайынсыз жоголду же аракетке жөндөмсүз деп таануу учурунда кредитордун талап кылуу укуктарын токтотуу жолу менен бюджеттик кредиттер боюнча карызды эсептен чыгаруу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан соттун чечиминин негизинде жүргүзүлөт.
155. Жеке жакка карата өзгөчө оор кылмыштар үчүн соттун айыптоочу өкүмү күчүнө кирген учурларда, анын жана ага тилектеш же субсидиялык жоопкерчилик тарткан адамдарда кредитордун талаптарын канааттандыруу үчүн күрөөгө коюлган жана башка мүлк жетишсиз болгондо, зайымчыны кредиттик келишим боюнча милдеттенмелерди аткаруудан бир жолу бошотуу жолу менен карызды эсептен чыгаруу соттун чечиминин негизинде жүргүзүлөт.
16-глава. Лизингдик операцияларды жөнгө салуунун өзгөчөлүктөрү
156. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын атынан Министрлер Кабинети лизинг берүүчү болуп чыкканда лизинг берүү жөнүндө чечим Министрлер Кабинети тарабынан лизингди берүү шарттарын аныктоо менен кабыл алынат.
157. Лизинг төмөнкү шарттарда берилет:
1) мөөнөттүүлүк - лизинг мүлкү убактылуу ээлик кылууга жана пайдаланууга бериле турган мөөнөттү белгилөө каралат;
2) лизинг келишиминин мөөнөтү аяктаганда лизинг алуучу лизинг предметин сатып алат;
3) акы төлөө - лизингдин предметин пайдалануу үчүн лизингдик төлөмдөр түрүндө лизинг алуучу тарабынан төлөө каралат;
4) лизинг алуучулардын төмөнкүлөрдү камтыган төлөө жөндөмдүүлүгү:
- бюджеттик кредиттер жана лизинг төлөмдөрү боюнча төлөө мөөнөтү өткөн карызынын жоктугу;
- зайымчынын Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарында белгиленген салыктарды төлөө жана бюджетке башка милдеттүү төлөмдөр боюнча мөөнөтү өткөн карызынын жоктугу.
158. Лизинг алууга талапкер өтүнмө берүүчү тармактык мамлекеттик органга төмөнкүлөрдү берет:
1) лизинг алууга өтүнмө;
2) ушул Жобонун 3-тиркемесине ылайык форма боюнча лизингди тариздөө үчүн зарыл болгон документтердин тизмеги.
159. Министрлер Кабинетинин лизинг берүү жөнүндө чечимдеринин долбоорлорун иштеп чыгуу жана демилгелөө тармактык мамлекеттик орган тарабынан жүргүзүлөт.
160. Лизинг берүү жөнүндө чечимдердин долбоорлору ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган оң корутунду бергенден кийин гана тармактык мамлекеттик орган тарабынан Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын кароосуна киргизилет.
17-глава. Ачык-айкындуулукту камсыздоонун жана чагылдыруунун өзгөчөлүктөрү
161. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга, агентке же кредиттик агентке Калк үчүн ачыктыкты, айкындуулукту жана жеткиликтүүлүктү камсыз кылуу үчүн бюджеттик кредиттөө жөнүндө материалдарды жалпыга маалымдоо каражаттарында жайгаштыруу аркылуу маалыматтык компанияны жүргүзүү жоопкерчилиги жүктөлөт.
162. Агенттин же кредиттик агенттин расмий сайттарында (бар болсо) төмөнкүлөр камтылган бюджеттик кредиттөө аркылуу ишке ашырылуучу долбоор жарыяланып турат:
1) долбоордун максаттары жана милдеттери;
2) каржылоо булактарынын сыпаттамасы жана долбоорду ишке ашыруу механизми;
3) долбоорду ишке ашыруунун этаптары жана мөөнөттөрү;
4) долбоордон күтүлүүчү натыйжалар.
|
| Бюджеттик кредиттер менен иштөө жөнүндө жобого 1-тиркеме |
|
| Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги |
Өтүнмө
____________________________________________________________
(субъекттин аталышы)
Бюджеттик кредиттер менен иштөө жөнүндө жобого ылайык
_____________________________________ суммасындагы бюджеттик кредитти
____________________ чейин берүү мүмкүнчүлүгүн, анын ичинде
____________________ чейин __________________________ төлөөгө
жеңилдетилген мезгилди төмөнкү максаттар үчүн кароону өтүнөт:
- _______________________________________ - ______________ сом;
- _______________________________________ - ______________ сом.
Финансылык туруктуулукту жана төлөө жөндөмдүүлүгүн ырастоо катары
бюджеттик кредитти алууга төмөнкү документтердин тизмеги тиркелет
(Бюджеттик кредиттер менен иштөө жөнүндө жобонун 2-тиркемесине ылайык):
- __________________________________________________________;
- __________________________________________________________.
| Өтүнмө ээси: _____________ (уюмдун жетекчисинин же жеке жактын аты-жөнү) |
|
|
|
|
| Датасы: __________________________ Колу: ____________________________ |
|
|
| Бюджеттик кредиттер менен иштөө жөнүндө жобого 2-тиркеме |
Бюджеттик кредитти алууга документтердин ТИЗМЕГИ
1. Юридикалык жактар үчүн:
1) кирешелердин жана чыгашалардын сметасын көрсөткөн, долбоордун натыйжалуулугун, рентабелдүүлүгүн жана болжолдуу финансылык-экономикалык көрсөткүчтөрүн камтыган бизнес-план.
Бюджеттик кредитти алуучулар мамлекеттик жана муниципалдык органдар болуп эсептелген учурларда, ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча бизнес-план кирешелердин жана чыгашалардын сметасына, техникалык-экономикалык көрсөткүчтөргө жана зайымчынын келечектеги финансылык-экономикалык көрсөткүчтөрүн чагылдырган башка документтерге алмаштырылышы мүмкүн;
2) гербдүү мөөр менен күбөлөндүрүлгөн каттоо жана уюштуруу документтеринин көчүрмөлөрү (устав/жобо, каттоо жөнүндө күбөлүк, лицензия);
3) жетекчинин паспортунун, кызмат ордуна дайындоо жөнүндө буйруктун жана/же Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин тиешелүү токтомунун көчүрмөлөрү;
4) акыркы үч жыл үчүн белгиленген формага ылайык финансылык отчеттуулук жана салык кызматынын мөөрү менен ырасталган кирешелер жөнүндө декларация.
Өтүнмө берилген айга чейинки 12 календардык ай мезгили үчүн отчеттуулук айлар боюнча (ар бир ай үчүн) берилет.
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары финансылык отчеттуулук катары акыркы 3 (үч) жыл үчүн жергиликтүү бюджеттин аткарылышы жөнүндө маалымат берет.
Юридикалык жак үч жылдан аз иш жүргүзгөн учурларда болгон иш мезгили үчүн финансылык отчеттуулук берилет.
Стартап-долбоорлорду каржылоо үчүн бюджеттик кредиттер берилген учурларда акыркы үч жыл үчүн финансылык отчеттуулук берилбеши мүмкүн;
5) салык кызматынын жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун алдында карыздын жок/бар экендиги жөнүндө маалымкат;
6) тиешелүү кредиттик бюро тарабынан ырасталган финансы-кредиттик уюмдардын алдында карыздын жок/бар экендиги жөнүндө маалымкат;
7) кредит алууга жана күрөөнү коюуга уюштуруучулардын же тиешелүү башкаруу органдарынын чечими (макулдугу). Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары кредит алууга жана күрөөнү коюуга шаардык кеңештин жана/же тиешелүү башкаруу органдарынын чечимин (макулдугун) берет;
8) күрөөгө коюлуп жаткан жана пайдаланылып жаткан мүлккө менчик укугун ырастаган документтердин көчүрмөлөрү (сатып алуу-сатуу келишими, инвентаризациялык иш, пайдалануу укугу жөнүндө акт);
9) берилип жаткан мүлк (кыймылсыз мүлк, кыймылдуу мүлк) чектөөдө жана күрөөдө турбагандыгы жөнүндө каттоо кызматтарынын маалымкаты.
2. Жеке жактар үчүн:
1) өтүнмө ээсинин/кепилчинин паспортунун көчүрмөсү (салыштырып текшерүү үчүн түп нускасы);
2) ЖИ каттоо жөнүндө патенттин/күбөлүктүн көчүрмөсү;
3) зайымчынын/кепилчинин никелешүү тууралуу күбөлүгүнүн көчүрмөсү;
4) кредит алууга жубайынын нотариус тарабынан күбөлөндүрүлгөн макулдугу жана жубайынын паспортунун көчүрмөсү;
5) жашаган жеринен маалымкат;
6) өтүнмө ээсинин/кепилчинин акыркы 12 ай үчүн эмгек акысы, ээлеген кызмат орду жана эмгек стажы көрсөтүлгөн иштеген жеринен маалымкат;
7) кошумча кирешелердин бар экендигин ырастаган документтер;
8) тиешелүү кредиттик бюро тарабынан ырасталган финансы-кредиттик уюмдардын алдында карыздын жок/бар экендиги жөнүндө маалымкат;
9) күрөөгө коюлуп жаткан жана пайдаланылып жаткан мүлккө менчик укугун ырастаган документтердин көчүрмөлөрү (сатып алуу-сатуу келишими, инвентаризациялык иш, пайдалануу укугу жөнүндө акт);
10) берилип жаткан мүлк (кыймылсыз мүлк, кыймылдуу мүлк) чектөөдө жана күрөөдө турбагандыгы жөнүндө каттоо кызматтарынын маалымкаты.
|
| Бюджеттик кредиттер менен иштөө жөнүндө жобого 3-тиркеме |
Лизинг алууга документтердин ТИЗМЕГИ
1. Юридикалык жактар үчүн:
1) бизнес-план;
2) гербдүү мөөр менен күбөлөндүрүлгөн каттоо жана уюштуруу документтеринин көчүрмөлөрү (устав, каттоо жөнүндө күбөлүк, патент);
3) жетекчинин паспортунун, кызмат ордуна дайындоо жөнүндө буйруктун көчүрмөлөрү;
4) акыркы үч жыл үчүн финансылык отчеттуулуктун эл аралык стандарттарында белгиленген формага ылайык финансылык отчеттуулук (эгерде юридикалык жак финансылык отчеттуулукту жүргүзбөсө, салык декларациясын берет) жана салык кызматынын мөөрү менен ырасталган кирешелер жөнүндө декларация.
Өтүнмө берилген айга чейинки 12 календардык ай мезгили үчүн отчеттуулук айлар боюнча (ар бир ай үчүн) берилет.
Юридикалык жак үч жылдан аз иш жүргүзгөн учурларда болгон иш мезгили үчүн финансылык отчеттуулук берилет.
5) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын жана Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун алдында карыздын жоктугу жөнүндө маалымкат;
6) тиешелүү кредиттик бюро тарабынан ырасталган финансы-кредиттик уюмдардын алдында карыздын жок/бар экендиги жөнүндө маалымкат;
7) лизинг алууга уюштуруучулардын чечими (макулдугу).
2. Жеке жактар үчүн:
1) өтүнмө ээсинин/кепилчинин паспортунун көчүрмөсү (салыштырып текшерүү үчүн түп нускасы);
2) зайымчынын/кепилчинин никелешүү тууралуу күбөлүгүнүн көчүрмөсү;
3) кредит алууга жубайынын нотариус тарабынан күбөлөндүрүлгөн макулдугу жана жубайынын паспортунун көчүрмөсү;
4) жашаган жеринен маалымкат;
5) өтүнмө ээсинин/кепилчинин акыркы 12 ай үчүн эмгек акысы, ээлеген кызмат орду жана эмгек стажы көрсөтүлгөн иштеген жеринен маалымкат;
6) кошумча кирешелердин бар экендигин ырастаган документтер (бар болсо);
7) тиешелүү кредиттик бюро тарабынан ырасталган финансы-кредиттик уюмдардын алдында карыздын жок/бар экендиги жөнүндө маалымкат.
|
| Бюджеттик кредиттер менен иштөө жөнүндө жобого 4-тиркеме |
Өтүнмө ээсинин төлөө жөндөмдүүлүгүн аныктоо МЕТОДИКАСЫ
1. Өтүнмө ээсинин - жеке жактын төлөө жөндөмдүүлүгүн аныктоо
Өтүнмө ээсинин төлөө жөндөмдүүлүгүн талдоонун максаты кредиттин өлчөмү, аны төлөө мөөнөттөрү, төлөөнү уюштуруу бөлүгүндө кредит берүүнүн эң алгылыктуу шарттарын аныктоо болуп саналат.
Өтүнмө ээсинин кредиттик жөндөмдүүлүгүн аныктоо үчүн анын кирешелерин жана чыгашаларын изилдөө сунушталат. Кирешелер төмөнкүдөй багыттар боюнча аныкталат:
- эмгек акы;
- аманаттар жана баалуу кагаздар;
- ишкердик иш;
- башкалар.
Чыгашалардын негизги беренелерине киреше салыгын жана башка салыктарды төлөө, алименттер, мурда алынган кредиттер жана бөлүп төлөөгө сатылып алынган товарлар боюнча ар айлык төлөмдөр, өмүрдү жана мүлктү камсыздандыруу боюнча төлөмдөр, коммуналдык төлөмдөр ж.б. кирет.
Кредит алуу үчүн өтүнмө ээси өзүнүн кредиттик жөндөмдүүлүгүн ырастаган төмөнкү документтерди ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга берет:
- иштеген жеринен эмгек акы жөнүндө маалымкат (кармоолордун өлчөмүн жана түрлөрүн көрсөтүү менен);
- банктардагы салымдар боюнча кирешелерди ырастаган документтер;
- өтүнмө ээсинин кирешелерин жана чыгашаларын ырастаган башка документтер.
Жогоруда көрсөтүлгөн документтердин негизинде өтүнмө ээсинин төлөө жөндөмдүүлүгүнө талдоо жүргүзүлөт, анын эмгек акысын, банктардагы салымдар, баалуу кагаздар боюнча пайыздарды жана башка кирешелерди эске алуу менен орточо айлык кирешелери аныкталат.
Орточо айлык чыгашалар төлөнүүчү киреше салыгынын жана башка салыктардын өлчөмдөрүн, эмгек акыдан кармалуучу чегерүүлөрдү (алименттер, мурда берилген ссудаларды төлөө ж.б.), батир акысы жана коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөмдөрдү жана башка чыгашаларды эске алуу менен аныкталат.
Ушуга окшош ыкма менен өтүнмө ээсинин кепилчисинин төлөө жөндөмдүүлүгүнө талдоо жүргүзүлөт (зарыл болгон учурда).
Документтерди талдоонун натыйжасында алынган маалыматтар боюнча кирешелер, чыгашалар жана пайда аныкталат. Алынган маалыматтардын негизинде өтүнмө ээсинин негизги карызды жана пайыздарды төлөөгө төлөмдөрдү жүзөгө ашыруу мүмкүнчүлүгү, ал эми кепилчинин - зайымчы төлөөгө жөндөмсүз болгон учурда аларды жүзөгө ашыруу мүмкүнчүлүгү талданат. Бул үчүн:
- өтүнмө ээси суралып жаткан кредит боюнча жүзөгө ашырууга тийиш болгон негизги карыз жана пайыздар боюнча ар айлык төлөмдүн суммасы аныкталат;
- кредиттик жөндөмдүүлүк коэффициенти эсептелет, ал негизги карыз жана ал боюнча пайыздардын ар айлык төлөмдөрүнүн суммасынын орточо айлык таза кирешенин суммасына болгон катышы катары аныкталат:
КЖк = Ат / К,
мында:
Ккж - кредиттик жөндөмдүүлүк коэффициенти;
Ат - кредит боюнча айлык төлөмдүн суммасы;
К - айлык кирешенин суммасы.
Коэффициент өтүнмө ээсинин кредиттер боюнча ар айлык төлөмдөрдү жүзөгө ашыруу жөндөмдүүлүгүн аныктайт.
Жогоруда саналган чыгашалардын кирешелердеги үлүшүн, анын ичинде кредитти төлөө боюнча чыгашаларды аныктоочу коэффициент эсептелет.
Кчү = (Ат + Ач) / К,
мында:
Кчү - чыгашалардын үлүшүн аныктоочу коэффициент;
Ач - кредит боюнча төлөмдөн тышкары, өтүнмө ээсинин айлык чыгашаларынын суммасы.
Коэффициент жогоруда саналган чыгашалардын жана кредитти төлөө боюнча чыгашалардын кардардын бюджетине тийгизген таасиринин даражасын көрсөтөт.
2. Өтүнмө ээсинин - юридикалык жактын төлөө жөндөмдүүлүгүн аныктоо
Юридикалык жактын ишенимдүү финансылык абалы анын төлөө жөндөмдүүлүгүнүн жана кредиттик жөндөмдүүлүгүнүн, тактап айтканда чарбалык келишимдерге ылайык төлөм талаптарын өз убагында канааттандыруу, кредитти жана пайыздарды кайтарып берүү, кызматкерлерге эмгек акы төлөп берүү, бюджетке төлөмдөрдү жана салыктарды төгүү жөндөмдүүлүгүнүн негизи болуп саналат.
Ушуга байланыштуу финансылык абалды баалоо кредитти берүүнүн максатка ылайыктуулугун жана аны берүү шарттарын аныктоо, кредитти кайра түзүмдөштүрүү (тактап айтканда кредит берүүнүн негизги шарттарын өзгөртүү) жөнүндө чечим кабыл алуу, агент тарабынан ар бир берилген кредит боюнча кабыл алынган тобокелдиктерди жана жалпысынан байкоо жүргүзүлүүчү карыздын көлөмүнүн сапатын баалоо максатында жүргүзүлөт.
Баалоонун натыйжасы юридикалык жактын финансылык абалынын сапаты жөнүндө тыянак болуп саналат: жакшы, орто (канааттандырарлык) же начар (канааттандырарлык эмес) финансылык абал. Юридикалык жактын финансылык абалын баалоо методикасы тобокелдиктерге сандык жана сапаттык талдоо жүргүзүүгө негизделет.
Тобокелдиктерди сандык талдоо тобокелдиктин төмөнкү топторун жана аларды мүнөздөгөн финансылык коэффициенттерди баалоону болжолдойт:
- ишкананын активдеринин ликвиддүүлүк эмес тобокелдигин (ликвиддүүлүк коэффициентин);
- ишкананын финансылык туруктуулугун төмөндөтүү тобокелдигин (жеке жана зайымдык каражаттардын катышынын коэффициенти, жеке каражаттар менен камсыз болуу коэффициенти).
Тобокелдиктерге сапаттык талдоо жүргүзүүдө сандык көрсөткүчтөр менен туюнтулбай турган маалыматтар каралат. Мындай талдоону жүргүзүү үчүн өтүнмө ээси тарабынан берилген маалыматтар, ошондой эле маалыматтык базалардын жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын маалыматтары (алардын аныктыгынын ыктымалдыгына коррекциялоо менен) колдонулат.
2.1. Юридикалык жактын финансылык абалын баалоодо ликвиддүүлүк жана финансылык туруктуулук коэффициенттери пайдаланылат:
а) ликвиддүүлүктүн жана төлөө жөндөмдүүлүгүнүн көрсөткүчтөрү.
Юридикалык жактын финансылык абалын кыска мөөнөттүү келечектеги көз карашта баалоодо ликвиддүүлүктүн жана төлөө жөндөмдүүлүгүнүн көрсөткүчтөрү, т.а. кыска мөөнөттүү милдеттенмелер боюнча эсептешүүлөрдү өз убагында жана толук көлөмдө жүргүзүү жөндөмдүүлүгү баалоо критерийлери болуп саналат.
1-таблица
Өтүнмө ээсинин (юридикалык жактын) кыска мөөнөттүү келечекте төлөө жөндөмдүүлүгүн аныктоо методикасы
Көрсөткүчтүн аталышы | Коэффициенттер | Эсептөө формуласы | Кыскача мүнөздөмөсү |
Ликвиддүүлүктүн көрсөткүчтөрү | Учурдагы ликвиддүүлүктүн коэффициенти | Жүгүртүү активдери/кыска мөөнөттүү милдеттенмелер | Учурдагы милдеттенмелердин бир сомуна учурдагы активдердин канча сому туура келе тургандыгын көрсөтүү менен активдердин ликвиддүүлүгүнө жалпы баа берет. Бул көрсөткүчтү эсептөө логикасы ишкана кыска мөөнөттүү милдеттенмелерди негизинен учурдагы активдердин эсебинен төлөгөндүгүндө жатат, эгерде учурдагы активдер чоңдугу боюнча учурдагы милдеттенмелерден ашса, ишкана ийгиликтүү иштеп жатат деп каралат |
Тез ликвиддүүлүктүн коэффициенти | Жүгүртүү активдери (ТМЗ кошпогондо)/кыска мөөнөттүү милдеттенмелер | Өзүнүн мазмундук мааниси боюнча бул коэффициент учурдагы ликвиддүүлүк коэффициентине окшош. Бирок учурдагы активдердин кыйла тар чөйрөсү боюнча эсептелет, эсептөөдөн алардын кыйла аз ликвиддүү бөлүгү - өндүрүштүк запастары алып салынат. Мындай алып салуунун логикасы запастардын олуттуу аз ликвиддүүлүгүнөн гана турбастан, бирок андан да маанилүүсү өндүрүштүк запастарды аргасыз саткан учурда түшүрүүгө мүмкүн болгон акча каражаттары аларды сатып алуу боюнча сарптоолордон олуттуу төмөн болушу мүмкүн. Ошондуктан ишкананын кыска мөөнөттүү милдеттенмелерден товардык-материалдык запастарды сатууга барбай туруп, төлөп кутулуу жөндөмдүүлүгүн аныктоо абдан маанилүү | |
Абсолюттук ликвиддүүлүк коэффициенти | Акча каражаттары/кыска мөөнөттүү милдеттенмелер | Абсолюттук ликвиддүүлүк коэффициенти ишкананын ликвиддүүлүгүнүн кыйла катуу критерийи болуп саналат жана зарыл болгон учурда кыска мөөнөттүү зайымдык милдеттенмелердин кайсы бөлүгүн башка активдерди пайдаланууга барбай туруп, болгон акча каражаттарын пайдалануу менен гана тезинен төлөө мүмкүн экендигин көрсөтөт | |
Төлөө жөндөмдүүлүгүнүн көрсөткүчтөрү | Жеке жүгүртүү каражаттарынын чоңдугу | Жеке жүгүртүү каражаттары/кыска мөөнөттүү милдеттенмелер | Бул көрсөткүч ишкананын жүгүртүү активдеринин курамында болгон жеке жүгүртүү каражаттарынын чоңдугун аныктайт. Жеке жүгүртүү каражаттарын көбөйтүү ишкананын иштиктүү активдүүлүгүнүн жогорулагандыгын, ал эми аларды азайтуу тескерисинче, анын иштиктүү активдүүлүгүнүн төмөндөгөндүгүн мүнөздөйт |
Төлөө жөндөмдүүлүгүнүн көрсөткүчтөрү | Жеке капиталдын маневрдүүлүгү | Жеке жүгүртүү каражаттарынын чоңдугу/жеке капиталдын чоңдугу | Бул коэффициент компаниянын жеке капиталынын кайсы бөлүгү учурдагы ишти каржылоо үчүн пайдаланыла тургандыгын, т.а. жүгүртүү каражаттарына салынгандыгын жана кайсы бөлүгү капиталдаштырылганын көрсөтөт |
Жеке жүгүртүү каражаттары менен камсыз болуу коэффициенти | Жеке жүгүртүү каражаттары/жүгүртүү активдери | Финансылык планда компаниянын учурдагы иши кыска мөөнөттүү активдерди жана пассивдерди туруктуу трансформациялоодо көрсөтүлөт. Ийгиликтүү иштеп жаткан ишкананын каалаган активдеринин эки каржылоо булагы бар: жеке жана тартылган. Эгерде ишканада жеке жүгүртүү каражаттарынын жетишсиздиги байкалса, эреже катары бул ишкананын балансынын түзүмү канааттандырарлык эмес, финансылык абалы туруксуз. Жеке жүгүртүү каражаттарынын болушу уюмдун финансылык туруктуулугунун маанилүү көрсөткүчтөрүнүн бири болуп саналат, жеке жүгүртүү капиталынын жоктугу уюмдун бардык жүгүртүү каражаттары зайымдык булактарынын эсебинен түзүлгөндүгү жөнүндө күбөлөндүрөт |
б) финансылык туруктуулуктун көрсөткүчтөрү
Юридикалык жактын финансылык абалынын негизги мүнөздөмөлөрүнүн бири болуп анын узак мөөнөттүү келечектеги туруктуулугу саналат. Чарбалык субъекттин өзүнүн узак мөөнөттүү зайымдары боюнча өз убагында жооп бере алуу жөндөмдүүлүгү анын узак мөөнөттүү келечектеги финансылык туруктуулугун далилдейт. Ушуга байланыштуу дүйнөлүк эсептик-аналитикалык практика ишкананын финансылык туруктуулугун баалоо үчүн бир катар көрсөткүчтөр системаларын иштеп чыккан.
2-таблица
Өтүнмө ээсинин (юридикалык жактын) узак мөөнөттүү келечекте кредитти төлөө жөндөмдүүлүгүн аныктоонун методикасы
Көрсөткүчтүн аталышы | Коэффициенттер | Эсептөө формуласы | Кыскача мүнөздөмө |
Финансылык туруктуулуктун көрсөткүчтөрү | Автономиянын коэффициенти | Жеке капитал/баланстын жыйынтыгы | Коэффициент ишкананын пассивдериндеги жеке каражаттардын үлүшүн чагылдырат жана менчик ээлери үчүн да жана кредиторлор үчүн да кызыгууну жаратат. Пассивдерде жеке каражаттардын үлүшү зайымдык каражаттардын үлүшүнөн ашык болууга тийиш деп эсептелет. Автономиянын жогорку коэффициенти финансылык тобокелдикти кыскартат жана сырттан кошумча каражаттарды тартууга мүмкүнчүлүк берет. Бирок өтө ири чоңдугу кредиттик ресурстарды тартууну билбегендиги тууралуу да күбөлөндүрүшү мүмкүн. Коэффициенттин өзгөрүүсү ишкананын ишинин кеңейүүсүн же кыскаруусун көрсөтүшү мүмкүн |
Финансылык туруктуулуктун көрсөткүчтөрү | Жеке жана зайымдык каражаттардын катышынын коэффициенти (капиталдашты-руунун коэффициенти) | Милдеттенмелердин чоңдугу/жеке капитал | Ушул коэффициент төмөнкүдөй интерпретацияга ээ: жеке каражаттардын салынган ар бир сомуна зайымдык каражаттардын канча сому туура келери жана финансылык туруктуулуктун тобокелдигинин жетиштүү жогорку деңгээли жөнүндө күбөлөндүрөт |
Узак мөөнөттүү салымдардын түзүмүнүн коэффициенти | Узак мөөнөттүү милдеттенмелер/жүгүртүүдөн тышкаркы активдер | Узак мөөнөттүү салымдардын түзүмүнүн коэффициентин эсептөөнүн негизги идеясы узак мөөнөттүү кредиттер жана зайымдар негизги каражаттарды жана башка капиталдык салымдарды каржылоо үчүн пайдаланылат деген божомолго негизделген. Ошону менен бирге негизги каражаттардын жана башка жүгүртүүдөн тышкаркы активдердин кайсы бөлүгү (%) тышкы инвесторлордун эсебинен каржыланарын көрсөтөт | |
Финансылык леверидждин деңгээли | Узак мөөнөттүү милдеттенмелер/жеке капитал | Ушул коэффициент ишкананын финансылык туруктуулугунун негизги мүнөздөмөлөрүнүн бири болуп эсептелет, анын экономикалык интерпретациясы төмөнкүдөй: жеке каражаттардын ар бир сомуна зайымдык капиталдын канча сому туура келери |
2.2. Юридикалык жактын ишинин натыйжалуулугун баалоодо рентабелдүүлүктүн көрсөткүчтөрү пайдаланылат.
Рентабелдүүлүктүн көрсөткүчтөрү юридикалык жактын ишине салынган каражаттардын жалпы натыйжалуулугун баалоо үчүн арналган.
3-таблица
Өтүнмө ээсинин (юридикалык жактын) ишинин рентабелдүүлүгүн аныктоонун методикасы
Көрсөткүчтүн аталышы | Коэффициенттер | Эсептөө формуласы | Кыскача мүнөздөмө |
Рентабелдүүлүктүн көрсөткүчтөрү | Активдердин рентабелдүүлүгү | Таза пайда/жыйынды активдер | Коэффициент активдердин ар бир сомуна канча сом таза пайда алынгандыгын көрсөтөт |
Сатуулардын рентабелдүүлүгү | Таза пайда/түшкөн акча | Коэффициент сатылган продукциянын ар бир сомуна ишкана алган таза кирешенин чоңдугун көрсөтөт | |
Жеке капиталдын рентабелдүүлүгү | Таза пайда/жеке капитал | Коэффициент жеке капиталдын канчалык натыйжалуу пайдаланылганын көрсөтөт жана акционерлер үчүн өзгөчө маанилүү, анткени фондулук биржада акциялардын котировкасына таасирин тийгизиши мүмкүн |
|
| Бюджеттик кредиттер менен иштөө жөнүндө жобого 5-тиркеме |
Форма
№ _____ кредиттик келишим
____________________________ (шаар) |
| _____-ж. "____" _______________ (датасы) |
Мындан ары "Кредитор" деп аталуучу ______________________, (аталышы)
_________________________________________________ негизинде иштеген
(документтин түрү, № жана берилген датасы)
бир тараптан __________________________________________ атынан
(кызмат орду, аты-жөнү)
жана мындан ары "Зайымчы" деп аталуучу _________________________
(субъекттин аталышы, турган жери)
___________________________________________ негизинде иштеген
(документтин түрү, № жана берилген датасы)
экинчи тараптан ____________________________ атынан төмөнкүлөр
(кызмат орду, аты-жөнү)
жөнүндө ушул Кредиттик келишимди (мындан ары - Келишим) түздү:
1. Келишимдин предмети
1.1. Ушул Келишим __________________________________________ ылайык түзүлдү.
(чечимдин аталышы, № жана берилген датасы)
1.2. Ушул Келишимдин предмети болуп ________________________________________
(бюджеттик кредиттин максаты)
үчүн _________________________________________________ түрүндө
түрү, суммасы, валютасы)
Зайымчыга бюджеттик кредит берүү болуп саналат.
2. Келишимдин шарттары
2.1. Бюджеттик кредит максаттуу пайдалануу, камсыздалуу, мөөнөттүүлүк жана
кайтарымдуулук шарттарында берилет.
2.2. Бюджеттик кредит _____________________________ менен камсыздалып берилет.
(камсыздоонун түрү)
2.3. Бюджеттик кредиттин пайыздык ставкасы жылына ______ пайыз.
Акча каражаттарын пайдалануу үчүн пайыздарды кошуп эсептөө акча каражаттары зайымчынын
бюджеттик кредитти алуу жана сарптоо үчүн гана арналган бюджеттик кредиттик эсебине которулган
датадан тартып жүргүзүлөт.
2.4. Бюджеттик кредитти төлөө мөөнөтү ___________________.
(датасы)
Бюджеттик кредит боюнча карызды төлөө ушул Келишимдин ажырагыс бөлүгү болгон мөөнөттүү
милдеттенмелерге (төлөө графигине) ылайык жүргүзүлөт.
2.5. Кайтаруу акча каражаттарын алыш-бериш эсебине которуу менен жүргүзүлөт:
___________________________________________________________________________________
БИК: _______________________________________________________________________________
Төлөөчүнүн банкы: ___________________________________________________________________
Алуучу: _____________________________________________________________________________
Багыты: ____________________________________________________________________________
Төлөм коду: ________________________________________________________________________.
2.6. Бюджеттик кредит ушул Келишимди камсыздоо үчүн нотариалдык конторада күрөө
жөнүндө келишим таризделгенден жана ал мамлекеттик каттоо органдарында каттоодон
өткөндөн кийин берилет (айрым учурларда - Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин
чечимине ылайык).
3. Кредитордун милдеттери
3.1. Кредитор ушул Келишимдин шарттарында ________________________________________
(кредиттин максаты)
үчүн ___________________________________________________________ түрүндө Зайымчыга
(кредиттин түрү, көлөмү жана баасы)
бюджеттик кредит берүүгө милдеттенет.
4. Зайымчынын милдеттери
4.1. Ушул Келишимге кол коюлган учурдан тартып __________ мөөнөттө ушул Келишим
боюнча милдеттенмелерди аткарууну камсыз кылуу үчүн күрөө жөнүндө келишимди нотариалдык
тариздөө жана аны Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык мамлекеттик каттоо органдарында
каттоодон өткөрүү (айрым учурларда - Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечимине ылайык).
4.2. Алынган кредитти максаттуу багыты боюнча гана пайдалануу керек, кредитти башка адамдарга берүүгө
тыюу салынат.
4.3. Кредитти _____________________________________________________________ түрүндө алууда
(кредиттин түрү)
_______________________________________________________________________________________
(тараптардын аталышы)
ортосунда кабыл алуу-өткөрүп алуу актысы жана төмөнкү документтер таризделет (тизме көрсөтүлөт):
_________________________________________________________________________________________.
4.4. Кредитордун биринчи талабы боюнча отчетту жана алардын финансы-экономикалык жана өндүрүштүк иши жөнүндө, ошондой эле долбоорду ишке ашыруунун жүрүшү жөнүндө маалыматты берүү.
4.5. Кредит боюнча карызды ушул Келишимдин 2.5-пунктунда көрсөтүлгөн алыш-бериш эсебине акча каражаттарын которуу жолу менен төгүү.
4.6. Төлөмдүн мөөнөтү кечиктирилген учурда Зайымчы мөөнөтү кечиктирилген суммага жылдык ____ пайыз өлчөмүндө финансылык санкцияларды (үстөк айыпты) төлөйт.
4.7. Юридикалык жактын жетекчилиги алмашкан учурда жаңы жетекчи беш күндүн ичинде анын жетекчи болуп дайындалгандыгы жөнүндө тиешелүү документтерди берүүгө милдеттүү.
4.8. Почта жана банктык реквизиттери, ошондой эле юридикалык дареги өзгөргөн учурда зайымчы беш күндүн ичинде жаңы реквизиттерди билдирүүгө милдеттүү.
4.9. Кредитордун талабы боюнча карызды салыштырып текшерүү актысын түзүү.
4.10. Ушул Келишим боюнча милдеттенмелердин аткарылышы үчүн Зайымчы Зайымчынын иш жүзүндөгү карызынын, Кредиттик келишимди аткарууга байланышкан бардык чыгымдардын суммасында, анын ичинде соттук чыгымдарды, ошондой эле мөөнөтү өтүп кеткен карыздын суммасына кошуп эсептелген финансылык санкцияларды (үстөк айыптарды) Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык өндүрүп алууга мүмкүн болгон бардык мүлкү, ага тиешелүү болгон бардык укуктары, талаптары, активдери жана банктардагы жана башка финансылык-кредиттик мекемелердеги эсептериндеги бардык акча каражаттары менен жооп берет.
5. Кредитордун укуктары
5.1. Ушул Келишимди жана күрөө келишимин тариздөөдө Зайымчы анык эмес маалымат берсе жана күрөө жөнүндө келишимди нотариалдык конторада өз убагында тариздөөдөн баш тартса кредитти берүүнү токтотууга.
5.2. Бюджеттик кредиттин калдыгын төмөнкү учурларда мөөнөтүнөн мурда өндүрүүгө:
- эгерде Келишимде бюджеттик кредитти бөлүп төлөө каралса, бюджеттик кредиттин кезектеги бөлүгүн кайтаруу үчүн белгиленген 180 күндөн ашык мөөнөт зайымчы тарабынан бузулган учурда;
- күрөө берүүчү тарабынан Келишимди камсыз кылуучу шарттар сакталбаган жана күрөө предметин тескөө жөнүндө эрежелер бузулган учурда;
- кредиттин максаттуу пайдаланылышын контролдоо мүмкүндүгүнө зайымчы тоскоолдук кылганда же чектөөгө аракет жасаганда;
- бюджеттик кредитти максатсыз пайдалануу фактысы аныкталган учурда.
5.3. Зайымчыга кабарлабастан берилген кредиттин максаттуу пайдаланылышын, күрөө предметинин сандык жана сапаттык абалын текшерүүгө.
5.4. Ушул Келишимдин 2.4-пунктунда көрсөтүлгөн мөөнөттө Зайымчы кредит төлөө боюнча өз милдеттенмелерин аткарбаган учурда Кредитор Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык өндүрүп алууну күрөөгө айландырат (айрым учурларда - Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечимине ылайык).
5.5. Зайымчыдан ушул Келишимдин шарттарын талаптагыдай аткарууну талап кылууга.
6. Зайымчынын укуктары
6.1. Зайымчы төмөнкүлөргө укуктуу:
1) карызынын учурдагы абалы жөнүндө маалыматтарды алууга;
2) карыздын бир бөлүгүн же карыздын бардык суммасын мөөнөтүнөн мурда төлөөгө;
3) ушул Келишим боюнча милдеттенмелер аткарылгандан кийин камсыздоону кайра чакыртып алууга.
7. Өзгөчө жагдайлар
7.1. Финансылык санкцияларды (үстөк акыларды) кошуп эсептөө төмөнкү учурларда токтотула турат:
- ал жеткис жана күтүлбөгөн күчтөрдүн, анын ичинде эпидемиянын, өрттүн, жарылуунун, авариянын, суу ташкынынын, кургакчылыктын, жер титирөөнүн, табигый-климаттык жана техногендик кыйроолордун таасиринин кесепетинде милдеттенмелерди талаптагыдай аткарууга таасирин тийгизген өзгөчө жана алдын алууга болбогон жагдайлар (форс-мажор) жаралган фактылар пайда болгондо - форс-мажордук жагдайлар жаралган күндөн тартып форс-мажордун кесепеттерин жоюу үчүн зарыл болгон мезгил ичинде, бирок 1 жылдан ашпаган;
- жеке адам каза болгондо - зайымчы каза болгондугу жөнүндө күбөлүк берилген күндөн тартып анын мураскору (укук улантуучусу) аныкталганга чейин.
7.2. Финансылык санкцияларды (айып төлөмдөрдү) кошуп эсептөө төмөнкү учурларда токтотулат:
- бюджеттик кредит боюнча мөөнөтү өтүп кеткен карызды өндүрүү жөнүндө соттук акты чыгарылган датадан тартып, соттук актыда көрсөтүлгөн суммада;
- кошуп эсептелген финансылык санкциялардын (айып төлөмдөрдүн) суммасы кредиттик келишим боюнча карыздын негизги суммасынын 20 пайызынан ашкан учурда.
7.3. Ушул Келишимге кол койгон адамга доо коюуга мүмкүн болбогон жагдайлар (кайра уюштуруу, жоюу же каза болуу) келип чыккан учурда ушул Келишим боюнча шарттарды анын укук улантуучусу аткарууга тийиш.
8. Корутунду жоболор
8.1. Ушул Келишимдин шарттарын аткаруу процессинде келип чыккан талаш-тартыштарды жана кайчы пикирлерди тараптар дооматтарды жиберүү жолу менен карайт. Макулдашууга жетишилбеген учурда талаш-тартыш сот тартибинде каралууга тийиш.
8.2. Ушул Келишим кол коюлган учурдан тартып күчүнө кирет жана тараптар милдеттенмелерин толук аткарганга чейин колдонулат.
8.3. Күрөө жөнүндө келишим жана күрөөлүк камсыздоо жөнүндө документтер ушул Келишимдин ажырагыс бөлүгү болуп саналат (айрым учурларда - Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечимине ылайык).
8.4. Ушул Келишимдин шарттары тараптардын жазуу жүзүндөгү макулдашуусу боюнча өзгөртүлүшү мүмкүн.
8.5. Ушул Келишимди нотариалдык тариздөө боюнча чыгымдар Зайымчынын эсебинен жүргүзүлөт.
8.6. Ушул Келишим 4 (төрт) нускада түзүлдү: 2 - Кредиторго, 1 - Зайымчыга, 1 - күрөө жөнүндө келишимди тариздөө үчүн нотариалдык конторага берилет.
9. Тараптардын реквизиттери
Кредитор:
______________________________ (органдын аталышы менен анын атынан аты-жөнү) Дареги: ____________________________________ ОКПО _____________________________________ ИСН _______________________________________ Алыш-бериш эсеби __________________________ ___________________________________________ (кызмат орду) (аты-жөнү) __________________________________________ (колу) М.О. |
|
|
| Зайымчы:
___________________________________________________ (субъекттин аталышы менен анын атынан аты-жөнү) Дареги: ____________________________________ ОКПО _____________________________________ ИСН _______________________________________ Алыш-бериш эсеби __________________________ ___________________________________________ (кызмат орду) (аты-жөнү) __________________________________________ (колу) М.О. |
|
|
| Бюджеттик кредиттер менен иштөө жөнүндө жобого 6-тиркеме |
Форма
№ ________ күрөө жөнүндө келишим
____________________________ (шаары) |
| __________________________________ (датасы жазуу жүзүндө) |
Биз төмөндө кол койгондор, биринчи тараптан мындан ары "Күрөө кармоочу" деп аталуучу
_____________________________________________________________________ негизинде
(түрү, № жана берилген датасы)
____________________________________________________________ атынан аракеттенген,
(органдын аталышы)
________________________________________________________________________________
(кызмат орду, аты-жөнү)
жана экинчи тараптан ____________________________________________________________
(субъекттин аталышы, жайгашкан жери)
мындан ары "Күрөө берүүчү" деп аталуучу _________________________________ негизинде
(№ жана датасы)
__________________________________ атынан аракеттенген төмөнкүлөр жөнүндө
(аты-жөнү)
ушул Келишимди түздүк:
1. Келишимдин предмети
1.1. Бул Келишим ______________________________________________________________
(чечимдин аталышы, № жана берилген датасы)
ылайык Күрөө берүүчүгө _________________________________________________ түрүндө.
_______________________________________________________________________________
(сумма (цифра жана жазуу жүзүндө), валютанын түрү)
суммасына _______________________________ чейин төлөө мөөнөтү менен берүү жөнүндө
(датасы)
_________________________ кредиттик келишим боюнча милдеттенмелердин
аткарылышын камсыз кылуу үчүн түзүлдү.
Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык милдеттенмелерди аткарууну камсыз кылууда
Күрөө берүүчү төмөнкү мүлктү күрөөгө коёт: _____________ баалоо наркы: _________________________
кимге таандык: ______________________________________________________________________.
(суммасы, валютанын түрү)
1.2. Күрөөгө коюлган мүлккө болгон укуктар төмөнкү документтер менен ырасталат:
________________________________________________________________________________________.
(аталышы, № жана датасы)
1.3. Күрөөгө коюлган мүлктү тараптар баалайт: __________________________________________________.
(сумма (цифра жана жазуу жүзүндө), валютанын түрү)
1.4. Күрөөгө коюлган мүлк Күрөө берүүчүнүн ээлигинде жана пайдалануусунда калат.
1.5. Бул Келишимди түзүү учуруна карата күрөөгө коюлган мүлк ижарага берилген, күрөөгө коюлган, талаш-тартышта болгон жана камакка алынган эмес.
2. Тараптардын милдеттери
2.1. Күрөө берүүчү төмөнкүлөргө милдеттенет:
- Күрөө кармоочунун жазуу жүзүндөгү макулдугусуз күрөөгө коюлган мүлктү башка жактарга бекер бербөөгө, күрөөгө койбоого, алмаштырбоого, ошондой эле кандайдыр бир башкача жол менен тескебөөгө;
- күрөөгө коюлган мүлктү күтүү үчүн талаптагыдай шарттарды камсыз кылууга;
- ушул Келишимдин 1.1-пунктунда аталган кредиттик келишим күчүндө турган мезгилде күрөөдөгү мүлктүн сакталышы жана техникалык абалы үчүн жеке жоопкерчилик тартууга;
- Күрөө кармоочунун өкүлдөрүнө күрөөгө коюлган мүлктүн болушун, санын, абалын жана аны күтүү шарттарын текшерүү максатында анын турган жерине кирүүгө уруксат берүүгө;
- күрөөгө коюлган мүлктүн жоголушу же бузулушу боюнча коркунучтар пайда болгондугу жөнүндө Күрөө кармоочуга токтоосуз кабарлоого;
- күрөө предмети жок болгон учурда аны калыбына келтирүүгө же күрөө предметин наркы жоголгон күрөө предметинен төмөн болбогон буюм менен алмаштырууга же макулдашылган төлөө мөөнөттөрүнө карабастан карызды (карыздын тиешелүү бөлүгүн) төлөөгө;
- Күрөө кармоочуга коюлган мал өлгөн, жоголгон, уурдалган учурда малдын башын калыбына келтирүүгө;
- күрөө жөнүндө келишимдин түп нускаларына белги коюу менен күрөөдөгү мүлктү ээликтен ажыратууга тыюу салуу жолу менен тиешелүү каттоо органдарында каттоодон өткөрүүгө.
2.2. Күрөө кармоочу төмөнкүлөргө милдеттенет:
- Зайымчы ушул Келишимдин 1.1-пунктунда аталган кредиттик келишим боюнча милдеттенмелерди өз убагында аткарган учурда карызды төлөө жөнүндө кол коюлган салыштырып текшерүү актысынын негизинде күрөөгө коюлган мүлктү ээликтен ажыратууга тыюу салууну алып салууга;
- Күрөө берүүчүнүн талаптарын канааттандырган учурда күрөөгө коюлган мүлктүн эсебинен кредит боюнча карыздын жалпы суммасын жана мүлктү сатуу жол-жобосуна байланышкан чыгымдарды кошкондо, Күрөө кармоочунун талаптарын канааттандыргандан кийин калган айырманын суммасын кайтарып берүүгө.
3. Тараптардын укуктары
3.1. Күрөө кармоочу төмөнкүлөргө укуктуу:
- күрөөдөгү мүлктүн абалын текшерүүгө;
- тиешелүү мүлккө рыноктун конъюнктурасы өзгөргөн учурда тараптар менен макулдашуу боюнча күрөөгө коюлган мүлктүн наркын өзгөртүүгө;
- күрөө предмети жоголгон, бузулган жана талап кылынбай калган учурда күрөө менен камсыздалган милдеттенмелерди мөөнөтүнөн мурда аткарууну же күрөө предметин алмаштырууну талап кылууга;
- Күрөө берүүчү кредиттик келишимди аткаруу боюнча өз милдеттенмелерин талаптагыдай аткарбаган учурда карызды толук көлөмдө акчалай каражаттар же башка ликвиддүү мүлк менен өндүрүп алууга;
- күрөө предметин сатуудан түшкөн сумма Күрөө кармоочунун талаптарын толук канааттандыруу үчүн жетишсиз болгон учурда жетпеген сумманы Күрөө берүүчүнүн башка мүлкүнөн талашсыз тартипте алууга;
- күрөө предмети өзүм билемдик менен орунсуз жок кылынган учурда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Күрөө берүүчүнү жоопкерчиликке тартууга.
3.2. Күрөө берүүчү күрөө предметине анын мүнөзүнө жана багытына ылайык ээлик кылууга жана колдонууга укуктуу.
4. Өзгөчө шарттар
4.1. Ушул Күрөө жөнүндө келишимге кол койгон Күрөө берүүчүгө талап коюу мүмкүнчүлүгүн жокко чыгарган жагдайлар (каза болгон, камакка алынган жана башка жагдайлар) келип чыккан учурда ушул Күрөө жөнүндө келишим боюнча шарттар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык анын укук улантуучусу (мураскору) тарабынан аткарылууга тийиш.
5. Келишимди колдонуу мөөнөтү
5.1. Ушул Келишим нотариалдык күбөлөндүрүлгөн учурдан тартып күчүнө кирет жана ушул Келишимдин 1.1-пунктунда көрсөтүлгөн кредиттик келишим боюнча милдеттенмелер толук аткарылганга чейин колдонулат.
5.2. Ушул Келишимдин 4.1-пунктунда көрсөтүлгөн жагдайлар келип чыккан учурда ушул Келишим боюнча колдонуу мөөнөттөрү жана милдеттенмелери токтотулбайт.
6. Башка шарттар
6.1. Ушул Келишимдин шарттары тараптардын жазуу жүзүндөгү өз ара макулдашуусу боюнча өзгөртүлүшү жана толукталышы мүмкүн.
6.2. Ушул Келишимдин 1.1-пунктунда көрсөтүлгөн кредиттик келишим боюнча милдеттенмелер аткарылган учурда күрөө ээликтен ажыратууга тыюу салууну алып салбастан, Күрөө кармоочу менен макулдашуу боюнча башка кийинки милдеттенмелерди да камсыз кылышы мүмкүн.
6.3. Күрөө берүүчү ушул Келишимде көрсөтүлгөн күрөө предметин ушул Келишимдин 1.1-пунктунда көрсөтүлгөн кредиттик келишим боюнча милдеттенмелер толук аткарылганга чейин, ошондой эле кредиттик келишимдин шарттарына кандай болбосун өзгөртүүлөр киргизилген учурда күрөөгө берүүгө жана калтырууга өзүнүн макулдугун ырастайт.
6.4. Өндүрүп алууну мүлккө айландыруу учурунда ушул Келишимди тариздөө боюнча, ошондой эле күрөөгө коюлган мүлктү сатууга байланышкан чыгымдар Күрөө берүүчүнүн эсебинен жүргүзүлөт.
6.5. Ушул Келишимден келип чыгышы мүмкүн болгон бардык талаш-тартыштарды жана кайчы пикирлерди тараптар сүйлөшүүлөр аркылуу чечүүгө умтулат жана макулдашууга жетише албаган учурда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык сотто каралууга тийиш.
6.6. Ушул Келишим ___________________ нускада түзүлдү.
7. Тараптардын даректери жана реквизиттери
Күрөө кармоочу:
__________________________________ (органдын аталышы) ___________________________________ (документтин түрү жана №, берүү датасы) ___________________________________ (фамилиясы, инициалдары) ____________________________________ (кызмат орду) ___________________________________ (колу) М.О. |
|
|
| Күрөө берүүчү:
___________________________________________________ (субъекттин аталышы) Дареги: ____________________________________________ ОКПО _____________________________________________ ИСН ______________________________________________ Паспорту __________________________________________ __________________________________________________ (фамилиясы, инициалдары) __________________________________________________ (колу) М.О. |
|
20____-ж. "____" ______________.
Бул Келишимди мен ___________________________________________________________________________,
нотариалдык конторанын мамлекеттик нотариусу күбөлөндүрдүм.
Келишимге тараптар менин катышуумда кол койду, тараптардын ким экендиги жана алардын аракетке
жөндөмдүүлүгү белгиленди, ошондой эле мүлктүн: _________________________________________________
____________________________________________________________ таандыктыгы текшерилди, зарыл болгон
документтер тиркелет:
Реестрде ______________________________________________________________________ менен катталды.
______________________________________________________________________ мамлекеттик алым алынды.
Мамлекеттик нотариус __________________________________________________________________________.
ТЫЮУ САЛУУ
20___-ж. "____" _______________ мен _______________________________________________________________
мамлекеттик нотариалдык конторанын мамлекеттик нотариусу тарабынан "Нотариат жөнүндө"
Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 70-беренесинин негизинде ушул Күрөө жөнүндө келишимдин
күбөлөндүрүлгөндүгүнө байланыштуу Күрөө жөнүндө келишимде көрсөтүлгөн төмөнкү мүлктү:
__________________________ Күрөө жөнүндө келишим токтотулганга чейин ээликтен ажыратууга тыюу салынат.
Реестрде № _______________________________________________________________________ менен катталды.
_________________________________________________________________________ мамлекеттик алым алынды.
Мамлекеттик нотариус _____________________________________________________________________________.
|
| Бюджеттик кредиттер менен иштөө жөнүндө жобого 7-тиркеме |
Форма
Кредиттик келишимге КЕПИЛЧИЛИК КЕЛИШИМИ
____________________________ (шаар) |
| "____" _______________________ (күн, ай жана жыл) |
Ушул Кепилчилик келишими ___________________________________________________________________
негизинде иштеген _____________________________________________________________________ атынан
____________________________________________________________________________________________
(органдын аталышы)
(мындан ары "Кредитор") бир тараптан, _________________________________________________________
(документтин түрү)
негизинде иштеген ____________________________________________________________________ атынан
____________________________________________________________________________________________
(субъекттин аталышы)
(мындан ары "Кепилчи") экинчи тараптан жана ____________________________________________________
негизинде иштеген ____________________________ атынан _________________________________________
(субъекттин аталышы)
(мындан ары "Карызкор"), бирге алганда "Тараптар" деп аталгандардын ортосунда түзүлдү.
Тараптар төмөнкүлөр жөнүндө макулдашты:
1. Келишимдин предмети
1.1. Кепилчи ушул Келишим менен ____________________________________________________________,
(датасы, №)
Кредиттик келишим боюнча (мындан ары - Кредиттик келишим) Карызкордун милдеттенмелерин
аткаруу белгиленген тартипте анын укук мураскорлоруна өткөн учурларды кошкондо, Карызкордун
милдеттенмелерин аткаруусу үчүн Кредитордун алдында толук жооп берүү милдеттенмесин өзүнө алат.
1.2. Кепилчи Негизги келишимдин бардык шарттары менен таанышты жана макулдугун билдирди.
2. Тараптардын милдеттери
2.1. Кепилчи Кредиттик келишим же ага байланышкан жана анын ажырагыс бөлүгү болуп саналган башка келишимдер, макулдашуулар боюнча Карызкор өз милдеттенмелерин аткарбаган же талаптагыдай аткарбаган учурда Карызкор менен бирге Кредитордун алдында бирдей жоопкерчилик тартат, анын ичинде:
1) Кредиттик келишим боюнча негизги карызды толук көлөмдө кайтаруу боюнча;
2) бюджеттик кредитти пайдалангандыгы үчүн кошуп эсептелген пайыздарды төлөө боюнча;
3) төлөмдү кечиктиргендиги үчүн кошуп эсептелген финансылык санкцияларды (айып төлөмдөрдү) төлөө боюнча;
4) Карызкордун милдеттенмелерин соттук же соттон тышкары тартипте өндүрүп алууга же аткарууга же Кредиттик келишим боюнча Кредитордун кайсы болбосун укуктарын жүргүзүүгө байланыштуу Кредитор же кандайдыр бир жак тарткан ар кандай ырасталган чыгымдарды (анын ичинде, бирок алар менен чектелбестен сот чыгымдары, тышкы консультанттардын кызмат көрсөтүүлөрү үчүн акы, жыйымдар жана алымдар) төлөө боюнча.
2.2. Кепилчи Кредиттик келишимде каралган валютада, өлчөмдөрдө, мөөнөттөрдө жана тартипте Карызкордун милдеттенмелерин толук жана өз убагында аткарууга кепилдик берет.
2.3. Эгерде Кредиттик келишимде белгиленген төлөө мөөнөтү келгенде Карызкор тарабынан Кредиторго төлөнүүгө тийиш болгон сумма төлөнбөсө, Карызкор төлөмдүн кечиктирилгендиги жөнүндө Кепилчиге өз убагында билдирүүгө милдеттенет.
2.4. Кепилчи төлөө мөөнөтү келген учурдан тартып _____ күндүн ичинде Карызкор тарабынан Кредиторго төлөнбөгөн сумманы, анын ичинде төлөө мөөнөтү өтүп кеткен учурда Кредиттик келишимде белгиленген айып төлөмдү төлөөгө милдеттүү.
2.5. Эгерде Кепилчи ушул Келишимдин 2.4-пунктуна ылайык өз милдеттенмесин аткарбаса, Кепилчи төлөмдү кечиктирген ар бир күн үчүн Кредиторго ________________________ өлчөмүндөгү айып төлөмдү (мөөнөтү кечиктирилген суммадан пайызды) кошумча төлөйт.
2.6. Карызкор төлөмдү белгиленген мөөнөттө төлөөгө мүмкүндүгүнүн жоктугу жөнүндө Кепилчиге өз убагында кабарлабаган учурда Карызкор Кепилчиге ушул Келишимдин 2.5-пунктунда белгиленген айып төлөмдүн ордун толтурууга милдеттүү.
2.7. Ушул Келишим боюнча Кепилчинин милдеттенмеси абсолюттук, шексиз жана кайтарылгыс болуп саналат. Анын аныктыгына жана аткарыла тургандыгына Карызкордун милдеттенмелеринин жалпы суммасы, аткаруу мөөнөттөрү жана ыкмалары, түп нускалыгы, аныктыгы, мыйзамдарга ылайыктуулугу, камсыздалышы, жарым-жартылай токтотулушу, бузулушу, өзгөртүү жана/же толуктоо таасирин тийгизбейт. Ошондой эле Кепилчинин милдеттенмелеринин аныктыгына, аткарыла тургандыгына Карызкордун банкрот деп жарыяланышы жана/же кудуретсиздик процессинде болушу, Кепилчинин жана/же Карызкордун уюштуруучуларынын (катышуучуларынын) курамынын ар кандай өзгөрүшү таасирин тийгизбейт.
2.8. Негизги келишим боюнча милдеттенмелерди толук көлөмдө аткаргандан кийин Кепилчи Карызкорго кайра талап коюуга укуктуу.
2.9. Кепилчи ушул Келишим боюнча милдеттенмелерди аткаруу үчүн Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык ага таандык бардык мүлк, укуктар, талаптар, активдер жана өндүрүп алуу жүргүзүлүшү мүмкүн болгон банктардагы жана башка
финансы-кредиттик мекемелердеги эсептердеги акча каражаттары менен жооп берет.
2.10. Ушул келишимге кол коюуда Кепилчи төмөнкүлөргө кепилдик берет жана ырастайт:
- ушул Келишимди түзүү Кепилчи катышуучу болуп саналган же ал байланышкан ар кандай макулдашууларга жана келишимдерге каршы келбейт жана кандайдыр бир шарттарды жана жоболорду бузууларга алып келбейт;
- Кепилчиге же анын мүлкүнө карата соттук териштирүүлөр, дооматтар жана финансылык мүнөздөгү талаптар жоктугун, ошондой эле Кепилчинин милдеттенмелерин аткарууга олуттуу таасир этиши мүмкүн болгон күрөөлөр же башка оорчулуктар жок экендигин.
2.11. Карызкор Кепилчиге Кредиттик келишимдин көчүрмөсүн берүүгө милдеттүү.
3. Өзгөчө шарттар
3.1. Кепилчи өз милдеттенмесин белгиленген мөөнөттөрдө аткарбаган учурда Кредитор Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында белгиленген тартипте Кепилчиден карызды өндүрүп алууга укуктуу.
3.2. Кепилчи камсыз кылынган милдеттенмени талаптагыдай аткарбоонун натыйжасында келип чыккан чыгымды Кредиторго төлөп берүүгө милдеттенет.
4. Кошумча шарттар
4.1. Ушул Келишим кол коюлган учурдан тартып күчүнө кирет жана Кредиттик келишим боюнча Карызкордун Кредитордун алдындагы милдеттенмелери толук аткарылганга чейин колдонулат.
4.2. Ушул Келишимге ар кандай өзгөртүүлөр жана толуктоолор эгерде алар жазуу жүзүндө таризделсе жана бардык Тараптар кол койсо күчүнө кирет. Алар камсыз кылган милдеттенме токтотулбастан, кепилчиликти токтотууга жол берилбейт.
4.3. Келишим бирдей юридикалык күчкө ээ болгон 3 (үч) түп нускада, Тараптардын ар бири үчүн бирден нускада түзүлдү.
5. Тараптардын юридикалык даректери жана колдору
Кредитор ___________________________________________________ (органдын аталышы) Кыргыз Республикасы Дареги ____________________________________________ Алуучу банк: _______________________________________ Алыш-бериш эсеби: _________________________________ БИК: ______________________________________________ __________________________________________________ (аты-жөнү) __________________________________________________ Колу М.О |
|
|
| Кепилчи ___________________________________________________ (субъекттин аталышы) Кыргыз Республикасы Дареги ____________________________________________ Алуучу банк: _______________________________________ Алыш-бериш эсеби: _________________________________ БИК: ______________________________________________ __________________________________________________ (аты-жөнү) __________________________________________________ Колу М.О |
|
Карызкор ___________________________________________________ (субъекттин аталышы) Кыргыз Республикасы Дареги ____________________________________________ Алуучу банк: _______________________________________ Алыш-бериш эсеби: _________________________________ БИК: _____________________________________________ __________________________________________________ (кызмат орду) (аты-жөнү) ___________________________________________________ Колу М.О. |
|
|
|
|
|
|
| Бюджеттик кредиттер менен иштөө жөнүндө жобого 8-тиркеме |
Форма
№ _________ кепилдик келишими
____________________________ (шаар) |
| "____" __________________ ______ |
Ушул Кепилдик келишими _____________________________________________________
(документтин түрү)
негизинде иштеген _____________________________________________________ атынан
(кызмат орду, аты-жөнү)
____________________________________________________________________________
(органдын аталышы)
(мындан ары "Кредитор") бир тараптан жана ______________________________________
(документтин түрү)
негизинде иштеген _______________________________________________________ атынан
(кызмат орду, аты-жөнү)
______________________________________________________ (мындан ары "Кепил") экинчи
(субъекттин аталышы)
тараптын ортосунда түзүлдү.
Тараптар төмөнкүлөр жөнүндө макулдашты:
1. Келишимдин предмети
1.1. Кепил Карызкор ___________________________________________________ тарабынан
(аталышы)
_______________________________________________________________ кредиттик келишим
(дата, №)
(мындан ары - Кредиттик келишим) боюнча милдеттенмелер аткарылбаган же талаптагыдай
эмес аткарылган учурда төмөнкүлөргө милдеттенет.
1.2. Кепил тарабынан Карызкордун Кредиторго болгон милдеттенмелери толук көлөмдө аткарылат,
анын ичинде:
1) Кредиттик келишим боюнча негизги карызын толук көлөмдө кайтаруу боюнча;
2) бюджеттик кредитти пайдалануу үчүн кошуп эсептелген пайыздарды төлөө боюнча;
3) өз убагында төлөбөгөндүгү үчүн кошуп эсептелген финансылык санкцияларды (айып төлөмдөрдү)
төлөө боюнча;
4) Зайымчынын милдеттенмелерин соттук же соттон тышкары тартипте өндүрүп алууга жана/же
аткарууга же Кредиттик келишим боюнча Кредитордун кайсы болбосун укуктарын жүргүзүүгө байланыштуу
Кредитор же кандайдыр бир жак тарткан ар кандай ырасталган чыгымдарды (сот чыгымдары,
тышкы консультанттардын кызмат көрсөтүүлөрү үчүн акы, жыйымдар, алымдар жана башкалар) төлөө боюнча.
2. Келишимди аткаруунун тартиби
2.1. Кепил Кредитордун жазуу жүзүндөгү билдирүүсүн алган учурдан тартып _______ календардык күндүн
ичинде Кредитордун тиешелүү эсебине төлөм тапшырмалары менен акча каражаттарын которуу аркылуу
Карызкордун милдеттенмелерин аткарууга милдеттенет.
2.2. Ушул Келишим _______________________________________________________________________ сом
(сумма цифралар жана жазуу жүзүндө, валюта)
суммасындагы кепилдик акча каражаттары менен камсыз кылынат.
2.3. Ушул Келишим Кепилдин түздөн-түз, шексиз жана кайтарылгыс акчалай милдеттенмеси болуп саналат.
Ушул Келишим боюнча милдеттенмелерди аткаруудан бир тараптуу баш тартууга жол берилбейт.
3. Келишимди колдонуу мөөнөтү
3.1. Ушул Келишим кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет жана Карызкордун милдеттенмелерин аткаруу мөөнөтү келген күндөн тартып үч айдын ичинде Кредитор тарабынан Кепилге доо коюлган шартта Кредиттик келишим боюнча милдеттенмелер толук аткарылганга чейин колдонулат.
4. Тараптардын жоопкерчилиги
4.1. Кепил ушул Келишим боюнча милдеттенмелерди аткаруу үчүн Кредитордун алдында Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык ага таандык бардык мүлк, укуктар, талаптар, активдер жана өндүрүп алуу жүргүзүлүшү мүмкүн болгон банктардагы жана башка финансы-кредиттик мекемелердеги эсептердеги акча каражаттары менен жооп берет.
5. Кошумча шарттар
5.1. Ушул Келишимге киргизилүүчү бардык өзгөртүүлөр жана толуктоолор эки тараптын белгиленген тартипте таризделген жазуу жүзүндөгү макулдугу берилгенде гана анык болот.
5.2. Кепилдин атынан ушул Келишимге кол койгон адам анын ушул Келишимди түзүүгө укугун ырастаган документтин түп нускасын берет. Бул документтин түп нускасы же күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү ушул Келишимдин тиркемеси болуп саналат.
5.3. Ушул Келишимге ылайык кепилденген сумманы төлөө Кредитордун биринчи жазуу жүзүндөгү талабынан кийин жүргүзүлүүгө тийиш.
5.4. Ушул Келишим кол коюлган учурдан тартып кредит үчүн милдеттенмелер боюнча акыркы төлөмгө чейин Кредиттик келишимдин бардык мөөнөтүнүн ичинде колдонулуучу Кепилдин мыйзамдуу анык милдеттенмеси болуп саналат.
5.5. Ушул Келишим 2 (эки) нускада, ар бир тарап үчүн бирден түзүлөт.
6. Тараптардын юридикалык даректери жана колу
Кредитор ___________________________________________________ (органдын аталышы) Кыргыз Республикасы Дареги ___________________________________________ Алуучу банк: ______________________________________ Алыш-бериш эсеби: ________________________________ БИК: _____________________________________________ _________________________________________________ (аты-жөнү) _________________________________________________ Колу М.О. |
|
|
| Кепил ___________________________________________________ (субъекттин аталышы) Кыргыз Республикасы Дареги ___________________________________________ Алуучу банк: ______________________________________ Алыш-бериш эсеби: ________________________________ БИК: _____________________________________________ _________________________________________________ (аты-жөнү) _________________________________________________ Колу М.О. |