Загрузка документа…
Т.БАЛТАГУЛОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Т.Балтагулов айылдык кеңешинин 2-чакырылышынын кезектеги 3-сессиясынын
2025-жылдын 6-февралындагы №3/2
«Т.Балтагулов айыл өкмөтүнүн 2025-жылга карата бюджетин бекитүү жөнүндө»
Кыргыз Республикасынын бюджеттик укуктарынын негизги принциптери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарын аткаруу максатында Т.Балтагулов айыл өкмөтүнүн финансы бөлүмүнүн башчысы Г.Хамрабаевдун билдирүүсүн жана айылдык кеңештин бюджет, экономика, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик жана жергиликтүү коомдоштуктар менен байланыш боюнча туруктуу комиссия мүчөлөрүнүн 2025-жылдын 31-январында өткөрүлгөн №2 отурумунун протоколун угуп жана талкуулап, Т.Балтагулов айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Т.Балтагулов айыл өкмөтүнүн 2025-жылга жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгү 59391,0 миң сомго, чыгаша бөлүгү 2111 беренеси-16997,5 миң сом, 2121-беренеси-2458,1 миң сом, 2211-беренеси-410,6 миң сом, 2212-беренеси-55,0миң сом, 2214-беренеси-350,0миң сом, 2215-беренеси-6605,1миң сом анын ичинен 22152 беренесине 600,0миң сом, 22153-беренесине-75,0 миң сом, 22154-беренесине-5930,1 миң сом, 2221-беренеси-2700,0 миң сом, 2222-беренеси-1276,0миң сом, 2224-беренеси-2111,8миң сом, 2511-беренеси-1378,6миң сом, 2721-беренеси-896,1миң сом, 2821-беренеси-593,9 миң сом, 2621-беренеси-186,6 миң сом, 3111-беренеси-23371,7 миң сом, бардыгы 59391,0 миң сомго бекитилсин.
2.Т.Балтагулов айыл өкмөтүнүн 2025-жылга атайын төлөм каражаттарын сметасынын киреше бөлүгү 4050,0 миң сомго, чыгаша бөлүгү 4050,0 миң сомго бекитилсин.
3.Айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Кийикбаевге жана айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы Г.Хамрабаевге бюджеттик каражаттарды максаттуу пайдаланууну камсыз кылуу, чыгымдарды пайдаланууну оптималдаштыруу боюнча чараларды көрүү, бардык ички финансылык ресурстарды бюджеттин кирешесине мобилизациялоо, кошумча каражаттарды табуу боюнча иш-чараларды иштеп чыгуу аны турмушка ашыруу, Кыргыз Республикасынын бюджеттик мыйзамдарын аткарууну камсыз кылуу тапшырылсын.
4. Токтомду “alabuka.kg” веб-сайтына жарыялоо жана Жалал-Абад областык Юстиция башкармалыгынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик рейстрине жөнөтүү жагы, айылдык кеңештин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
5.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин бюджет, экономика, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик жана жергиликтүү коомдоштуктар менен байланыш боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага |
Т.Хамракулов
|