Загрузка документа…
Т.БАЛТАГУЛОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Т.Балтагулов айылдык кеңешинин 2-чакырылышынын кезектеги 3-сессиясынын
2025-жылдын 6-февралындагы №3/3
«Т.Балтагулов айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын 1-январына карата эсептик счетто жана атайын төлөм каражатындагы калдык суммаларды бекитүү жөнүндө»
Т.Балтагулов айыл өкмөтүнүн финансы экономика бөлүмүнүн башчысы Г.Хамрабаевдун билдирүүсүнүн негизинде 2025-жылдын 1-январына карата айыл өкмөттүн эсептик счетунда жана атайын төлөм каражатындагы калдык суммаларды бекитүү жөнүндө айылдык кеңештин бюджет, экономика, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик жана жергиликтүү коомдоштуктар менен байланыш боюнча туруктуу комиссия мүчөлөрүнүн 2025-жылдын 31-январында өткөрүлгөн №2 отурумунун протоколун угуп жана талкуулап, Т.Балтагулов айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.2025-жылдын 1-январына карата эсептик счетунда жана атайын төлөм каражатындагы калдык суммаларды статьялар жана тармактар боюнча бекитип берүү жөнүндө айылдык кеңештин бюджет, экономика, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик жана жергиликтүү коомдоштуктар менен байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын билдирүүсү эске алынсын.
2.Т.Балтагулов айыл өкмөтүнүн бюджетинде 2025-жылдын 1-январына карата калган 4645,2 миң сом акча каражаты төмөнкү беренелер боюнча:
-2215 беренесине 750,0 миң сом,
-2511 беренесине 1500,0 миң сом,
- 3111 беренесине 2395,2 миң сом бекитилсин.
3.Атайын каражатындагы 1115,0 миң сом калдык төмөнкү беренелер боюнча:
-2215 беренесине 13,0 миң сом,
-2218 беренесине 1102,0 миң сомго бекитилсин.
4. Токтомду “alabuka.kg” веб-сайтына жарыялоо жана Жалал-Абад областык Юстиция башкармалыгынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик рейстрине жөнөтүү жагы, айылдык кеңештин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
5.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин бюджет, экономика, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик жана жергиликтүү коомдоштуктар менен байланыш боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага |
Т.Хамракулов
|