Редакцияот 07.07.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

МИҢ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Миң-Булак айыл аймагынын айылдык Кеңешинин XXIX  чакырылышынын II кезекcиз сессиясы

 

2025-жылдын  7-июлу  №7/43      

        

    Миӊ-Булак айыл аймагында мүлк салыгынын зоналык коэффицентин кароо жөнундө

 

         Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 3-апрелиндеги ПЖ №85 жарлыгы боюнча Мамлекеттик салык кызматынын Нарын областынын Нарын району боюнча  башкармалыгынын 13.06.2025-жылдагы №038-038/03/516 каты боюнча  Салык кодексинин 388 жана 404-беренелерине ылайык зоналык коеффиценттер (Кз) жана нарктык  зоналар боюнча талкуулап,   Миӊ-Булак айылдык кеӊешинин сессиясы  токтом кылат:

1.    Кыргыз Республикасынын салык кодексинин 388 жана  404-беренелерине ылайык, турак эмес имараттар, курулмалар жана жайлар, ошондой эле калктуу конуштардагы жана айыл чарба багытындагы эмес жер участокторунун зоналык коэффиценти 1,8 эсебинде бекитилсин.

2.      Бул токтомдун аткарылышын Миӊ-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы А. Океновго милдетендирилсин.

 

  3. Ушул токтом, каттоодон  ɵткɵрүлүп, min-bulak.gov.kg  веб сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын мамлекеттик реестирине киргизүү үчүн Нарын облустук юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн

 

 

  Төраганын орун басары

Б. Оморов