Редакцияот 24.11.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

ЧЕТ-НУРА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

 

ТОКТОМ

 

XXIX ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН КЕЗЕКСИЗ X СЕССИЯСЫ

 

2025-жылдын 24-ноябры № 10/18

 

Чет-Нура айыл аймагынан Нарын облустук Теңир-Тоо  өнүктүрүү фондуна тапшырылып жаткан долбоорду бекитүү жөнүндө

 

Чет-Нура айыл аймагынан Нарын облустук Теңир-Тоо өнүктүрүү фондуна тапшырылып жаткан Чет-Нура айыл аймагынын Орто-Саз айылына дан эгиндерин тазалоочу сепаратор сатып алуу  долбоорун бекитип берүү, айыл башчысынын кайрылуусун карап, талкуулап Чет-Нура айыл аймагынын айылдык кеӊешинин кезексиз Х  сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.   Чет-Нура айыл аймагынын айыл өкмөтү тарабынан даярдалган Орто-Саз айылына дан эгиндерин тазалоочу сепаратор сатып алуу долбоору жактырылып  бекитилсин.

 

2. Токтомду аткарылышын ишке ашыруу жагы Чет-Нура айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн экономиканы өнүктүрүү, ишкердикти колдоо,  инвестиция тартуу жана айыл чарба бөлүмүнүн башчысы С. Сыдыковага тапшырылсын.

3. Токтомду аткарлышын көзөмөлдөө жагы Чет-Нура айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Кулешовго милдеттендирилсин.

4. Ушул токтом каттоодон өткөрүлүп, chetnura.gov.kg веб-сайтка жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүү Чет-Нура айылдык кеңешинин жооптуу катчысы Мамырбеков Асылбеке милдеттендирилсин.

 

 

 

 

Төрага:

С. Бектемир уулу