Загрузка документа…
Т.БАЛТАГУЛОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Т.Балтагулов айылдык кеңешинин 2-чакырылышынын кезектеги 3-сессиясынын
2025-жылдын 6-февралындагы №3/4
«Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкарууларынын Союзуна, ассоциацияларына мүчөлүк акы бөлүп берүү жөнүндө»
Т.Балтагулов айыл аймагында Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкарууларынын Союзуна, ассоциацияларына мүчөлүк акы төлөп берүү максатында, айылдык кеңештин бюджет, экономика, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик жана жергиликтүү коомдоштуктар менен байланыш боюнча туруктуу комиссия мүчөлөрүнүн 2025-жылдын 31-январында өткөрүлгөн №2 отурумунун протоколундагы чечимин угуп жана талкуулап, Т.Балтагулов айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.2025-жылдын бюджетинен Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкарууларынын Союзүнө төлөнүүчү мүчөлүк акысы үчүн “26211300 беренесине 186,6миң сом төлөп берүүгө макулдук берилсин.
2.Токтомго тиешелүү документтерин тактап берүү айыл өкмөттүн финансы экономика бөлүмүнүн башчысы Г.Хамрабаевге жүктөлсүн.
3.Токтомду “alabuka.kg” веб-сайтына жарыялоо жана Жалал-Абад областык Юстиция башкармалыгынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик рейстрине жөнөтүү жагы, айылдык кеңештин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин бюджет, экономика, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик жана жергиликтүү коомдоштуктар менен байланыш боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага |
Т.Хамракулов
|