Загрузка документа…
Т.БАЛТАГУЛОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Т.Балтагулов айылдык кеңешинин 2-чакырылышынын кезектеги 3-сессиясынын
2025-жылдын 6-февралындагы №3/5
«Жер пайдалануу эрежелерин белгилөө жөнүндө»
Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 13-статясынын жана Кыргыз Республикасынын мүлккө муниципалдык менчик жөнүндөгү 2002-жылдын 15-мартындагы №37 мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 14-мартындагы №56 Жарлыгынын негизинде Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Улуттук Коопсуздук Комитетинин 2024-жылдын 26-29-ноябрь күндөрү жүргүзүлгөн текшерүүнүн жыйынтыгы менен жана Кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттиктин Ала-Бука филиалынын 2024-жылдын 2-декабрындагы №01-08/262 катына ылайык жана айылдык кеңештин жер жана агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын 2025-жылдын 31-январында өткөрүлгөн №2 отурумун угуп жана талкуулап, Т.Балтагулов айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Ак-Коргон айылындагы А.Каюмов көчөсүндө жайгашкан 0,29 га жер аянты муниципалдык менчикке алынсын.
2.Ак-Коргон айылындагы А.Каюмов көчөсүндө жайгашкан 0,29 га жер аянтын мыйзамдаштыруу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Кийикбаевге жүктөлсүн.
3.Токтомду “alabuka.kg” веб-сайтына жарыялоо жана Жалал-Абад областык Юстиция башкармалыгынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик рейстрине жөнөтүү жагы, айылдык кеңештин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин Жер жана агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага |
Т.Хамракулов
|