Загрузка документа…
Т.БАЛТАГУЛОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Т.Балтагулов айылдык кеңешинин 2-чакырылышынын кезектеги 3-сессиясынын
2025-жылдын 6-февралындагы №3/6
«Т.Балтагулов айыл аймагында өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана жарандык коргонуу комиссияларынын кол тийгис акча каражатын бөлүү жөнүндө»
Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын 16-майындагы Бюджеттик кодексинин 51-беренесине жана Кыргыз Республикасынын 2018-жылдын 24-майындагы “Жарандык коргонуу жөнүндө” №54 Мыйзамынын 10-беренесине ылайык, айыл аймагында ар кандай табигый кырсыктандырдын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу максатында, айылдык кеңештин бюджет, экономика, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик жана жергиликтүү коомдоштуктар менен байланыш боюнча туруктуу комиссия мүчөлөрүнүн 2025-жылдын 31-январында өткөрүлгөн №2 отурумунун протоколунун чечимин угуп жана талкуулап, Т.Балтагулов айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.2025-жылга айыл аймакта ар түрдүү өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу, кесепеттерин жоюу, калктын коопсуздугун камсыз кылуу жана жарандык коргонуу комиссияларынын кол тийгис акча каражаты үчүн, жергиликтүү бюджеттин эсебинен 500 000 (беш жүз миң) сом акча каражаты ажыратып берүүгө макулдук берилсин.
2.Токтомго тиешелүү документтерин тактап берүү айыл өкмөттүн финансы экономика бөлүмүнө жүктөлсүн.
3.Токтомду “alabuka.kg” веб-сайтына жарыялоо жана Жалал-Абад областык Юстиция башкармалыгынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик рейстрине жөнөтүү жагы, айылдык кеңештин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин бюджет, экономика, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик жана жергиликтүү коомдоштуктар менен байланыш боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага |
Т.Хамракулов
|