Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 30-январы № 45
Кыргыз Республикасынын Министрлер
Кабинетинин 2025-жылдын 29-майындагы
№ 290 “Жеңилдиктердин ордуна ай сайын акчалай
компенсацияларды төлөө жөнүндө” токтомуна
өзгөртүү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 18-апрелиндеги № 132 “Жарандардын айрым категорияларына ай сайын акчалай компенсацияларды төлөө жөнүндө” Жарлыгын ишке ашыруу максатында, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 29-майындагы № 290 “Жеңилдиктердин ордуна ай сайын акчалай компенсацияларды төлөө жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Жеңилдиктердин ордуна ар айлык акчалай компенсацияларды дайындоо тартиби жөнүндө жободо:
– жогоруда аталган Жобонун тиркемесинде:
23-пункттун 2-пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“2) Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин жана башка аскердик түзүлүштөрүнүн архивдик маалымкаты (аскер кызматчысынын 1993-жылдан 1999-жылга чейинки мезгилде тажик-афган мамлекеттик чек арасынын участокторун кайтарууга катышкандыгын ырастоочу документ) (Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин жана башка аскердик түзүлүштөрүнүн маалыматтык системасында маалыматтар жок болгон учурда)”.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2026-жылдын 3-февралындагы № 7 (3767) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.А. Касымалиев |