Загрузка документа…
Т.БАЛТАГУЛОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Т.Балтагулов айылдык кеңешинин 2-чакырылышынын кезектеги 3-сессиясынын
2025-жылдын 6-февралындагы №3/7
«Т.Балтагулов айыл аймагында маалыматтык, жарнамалык түзүмдү жайгаштыруу жана имараттардын, курулмалардын фасаддарынын сырткы көрүнүшүнө карата талаптардын (дизайн код) эрежелери боюнча жобосун бекитүү жөнүндө»
Т.Балтагулов айыл аймагында имараттарга жана курулмаларга маалыматтык жана жарнамалык түзүмдү жайгаштыруу максатында “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 27-34- беренелерине ылайык, Жер жана агрардык маселелер боюнча турукту комиссиянын 2025-жылдын 31-январында өткөрүлгөн №2 отурумунун протоколундагы чечимин угуп жана талкуулап, Т.Балтагулов айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Т.Балтагулов айыл аймагында маалыматтык, жарнамалык түзүмдү жайгаштыруу жана имараттардын, курулмалардын фасаддарынын сырткы көрүнүшүнө карата талаптардын (Дизайн код) эрежелери боюнча жобосун бекитүүгө макулдук берилсин.
2.Токтомдун 1-пункутунда көрсөтүлгөн талаптар жана эрежелер айыл аймагында аткарууга алынсын жана Ала-Бука райондук шаар курулушу жана архитектура башкармалыгынын кызматкерлери менен мыйзамга ылайык биргеликте иш алып барылсын.
3. Токтомду “alabuka.kg” веб-сайтына жарыялоо жана Жалал-Абад областык Юстиция башкармалыгынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик рейстрине жөнөтүү жагы, айылдык кеңештин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин Жер жана агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага |
Т.Хамракулов
|