Загрузка документа…
Т.БАЛТАГУЛОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Т.Балтагулов айылдык кеңешинин 2-чакырылышынын кезектеги 3-сессиясынын
2025-жылдын 6-февралындагы №3/8
«Айыл аймакта кыймылсыз мүлктүн турак жай имараттарынын 2025-2027- жылдарга ставкасын бекитүү жөнүндө»
Т.Балтагулов айыл аймагындагы кыймылсыз мүлктүн турак жай имараттарынын 2025-2027-жылдарга ставкасын бекитүү максатында, айылдык кеңештин бюджет, экономика, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик жана жергиликтүү коомдоштуктар менен байланыш боюнча туруктуу комиссия мүчөлөрүнүн 2025-жылдын 31-январында өткөрүлгөн №2 отурумунун протоколунун чечимин угуп жана талкуулап, Т.Балтагулов айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Айыл аймак боюнча Кыргыз Республикасынын Салык Кодексин 379,380 беренелерине ылайык, 2025-2027-жылдар үчүн кыймылсыз мүлктүн турак жай имараттарынын төлөмү 270,0 чарчы метрден ашса, ар бир чарчы метрине 20 (жыйырма) сомдон төлөнүүсүнө макулдук берилсин.
2.Токтомго ылайык иш алып баруу жана керектүү документтерин тактап берүү айыл өкмөттүн финансы экономика бөлүмүнө жүктөлсүн.
3.Токтомду “alabuka.kg” веб-сайтына жарыялоо жана Жалал-Абад областык Юстиция башкармалыгынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик рейстрине жөнөтүү жагы, айылдык кеңештин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин бюджет, экономика, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик жана жергиликтүү коомдоштуктар менен байланыш боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага |
Т.Хамракулов
|