Загрузка документа…
Т.БАЛТАГУЛОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Т.Балтагулов айылдык кеңешинин 2-чакырылышынын кезектеги 3-сессиясынын
2025-жылдын 6-февралындагы №3/9
«“Чанач-Сай” муниципалдык ишканасынын 2025-жылга бюджетин бекитүү жөнүндө»
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 34-беренесине ылайык, айылдык кеңештин бюджет, экономика, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик жана жергиликтүү коомдоштуктар менен байланыш боюнча туруктуу комиссия мүчөлөрүнүн 2025-жылдын 31-январында өткөрүлгөн №2 отурумунун чечимине жана муниципалдык ишкананын директору Дооранбек уулу Мунарбектин сунушун угуп жана талкуулап, Т.Балтагулов айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.“Чанач-Сай” муниципалдык ишканасынын 2025-жылга бюджетинин киреше бөлүгү 6000,0 сомго, (анын ичинен 50000,0 сом муниципалдык ишкананын кирешеси, жергиликтүү бюджеттен 10000,0 сом субсидия) чыгаша бөлүгү 6000,0 сомго бекитилсин.
2.Муниципалдык ишкананын бюджетин толуктоо, ишин туруктуулугун камсыздоо үчүн жергиликтүү бюджеттин 2511беренесинен 1000,0 сом субсидия бөлүп берүүгө мыйзам чегинде макулдук берилсин.
3.Которулган каражаттарды максаттуу пайдалануу жана аткарылган жумуштар боюнча айылдык кеңешине маалымат берүү жагы муниципалдык ишкананын директору Дооранбек уулу Мунарбекке жүктөлсүн.
4.Токтомду “alabuka.kg” веб-сайтына жарыялоо жана Жалал-Абад областык Юстиция башкармалыгынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик рейстрине жөнөтүү жагы, айылдык кеңештин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
5.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин бюджет, экономика, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик жана жергиликтүү коомдоштуктар менен байланыш боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага |
Т.Хамракулов
|