Загрузка документа…
Т.БАЛТАГУЛОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Т.Балтагулов айылдык кеңешинин 2-чакырылышынын кезектеги 3-сессиясынын
2025-жылдын 6-февралындагы №3/10
«Т.Балтагулов айыл аймагындагы ичүүчү суунун төлөм ченемин бекитүү жөнүндө »
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 27-беренесинин 4-бөлүмчөсүнө ылайык жана айылдык кеңештин бюджет, экономика, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик жана жергиликтүү коомдоштуктар менен байланыш боюнча туруктуу комиссия мүчөлөрүнүн 2025-жылдын 31-январында өткөрүлгөн №2 отурумунун протоколунун чечимин жана муниципалдык ишкананын директору Дооранбек уулу Мунарбектин сунушун угуп жана талкуулап, Т.Балтагулов айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Т.Балтагулов айыл аймагында ичүүчү суунун төлөмү электр энергиясынын каражаты талап кылынбаган таза суу түтүктөрү үчүн экендиги эске алынсын. ченеми 1 (бир) айга;
-суу түтүгү орнотулган кожолуктарга-150сом;
-ташып ичкен кожолуктарга-50 сом;
-мончолорго-1000 сом;
-автоунаа жуучу кызмат көрсөтү ишканаларына-1000 сом белгиленсин.
2.Токтомдо көрсөтүлгөн сунуштар Т.Балтагулов айыл аймагында аткарууга алынсын жана “Чанач-Сай” муниципалдык ишканасынын кызматкерлери иш алып барышсын.
3.Токтомду “alabuka.kg” веб-сайтына жарыялоо жана Жалал-Абад областык Юстиция башкармалыгынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик рейстрине жөнөтүү жагы, айылдык кеңештин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин бюджет, экономика, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик жана жергиликтүү коомдоштуктар менен байланыш боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага |
Т.Хамракулов
|