Загрузка документа…
ЖАЙЫЛ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН
ЖАЙЫЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
VIII Чакырылыш, 8-кезектүү сессиялык отурум
2025-жылдын 18-июлу № 27
Жайыл айыл аймагы боюнча Кыргыз Республдикасынын Салык Кодексинин 388 жана 404 беренелерине ылайык жергиликтүү салыктарды, жергиликтүү Кеңештин ченемдик укуктук актылары менен колдонууга киргизүү жана зоналдык коэффициентти кабыл алуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесинин 4-пунктуна жана Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 388, 404-беренелерине ылайык, Жайыл айыл өкмөтүнүн киреше боюнча башкы адисинин жергиликтүү салыктар жана зоналдык коэффициент боюнча берилген маалыматын угуп жана талкуулуп , Жайыл айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Салык кодексинин 388 жана 404-беренелерине ылайык жергиликтүү салыктар 2026-жылдан баштап жергиликтүү кеңештин ченемдик укуктуу актылары менен колдонууга киргизилсин:
- турак эмес имараттар, курулмалар жана жайлар ошондой эле калктуу конуштардагы жана айыл чарба багытындагы эмес жер участоктору үчүн салыктар:
2. Жайыл айыл аймагы боюнча зоналык коэффициент КЗ-2 өлчөмүндө кабыл алынсын.
3. Бул токтом ченемдик укуктук актылардын бирдиктүү мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Чүй-Бишкек шаардык юстиция Башкармалыгына жөнөтүлсүн.
4. Ушул токтомдун аткрылышына көзөмөлдүк кылуу милдетин Жайыл айыл өкмөтүнүн башчысы С.Ж.Суйналиевге жүктөлсүн.
Жайыл айылдык кеңешинин төрагасы |
|
К.К. Чолпонкулов |