Загрузка документа…
Т.БАЛТАГУЛОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Т.Балтагулов айылдык кеңешинин 2-чакырылышынын кезектеги 3-сессиясынын
2025-жылдын 6-февралындагы №3/11
«Т.Балтагулов айыл аймагынын жайыт комитетинин 2025-жылга карата бюджетин бекитүү жөнүндө »
Т.Балтагулов айыл аймагынын жайыт комитетинин 2025-жылга бюджетин бекитүү боюнча, айылдык кеңештин бюджет, экономика, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик жана жергиликтүү коомдоштуктар менен байланыш боюнча туруктуу комиссия мүчөлөрүнүн 2025-жылдын 31-январында өткөрүлгөн №2 отурумунда комитеттин төрагасы З.Рыскуловдун жайыт пайдалануучулар бирикмесинин жайыт комитетинин бюджетинин киреше жана чыгашасы жөнүндө берген маалыматтарын угуп жана талкуулап, айылдык кеңештин депутаттарынын сунуштарын эске алып, Т.Балтагулов айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Т.Балтагулов айыл аймагынын жайыт комитетинин 2025-жылга карата бюджетинин киреше бөлүгү 700 000 (жети жүз миң) сом, чыгаша бөлүгү 700 000 (жети жүз миң) сомго бекитилсин.
2.2025-жылга карата кабыл алынган бюджетинин аткарылышы жана максаттуу пайдалануу жагы жайыт комитетинин башчысы З.Рыскуловго жүктөлсүн.
3.Токтомду “alabuka.kg” веб-сайтына жарыялоо жана Жалал-Абад областык Юстиция башкармалыгынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик рейстрине жөнөтүү жагы, айылдык кеңештин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин бюджет, экономика, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик жана жергиликтүү коомдоштуктар менен байланыш боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага |
Т.Хамракулов
|