Загрузка документа…
Т.БАЛТАГУЛОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Т.Балтагулов айылдык кеңешинин 2-чакырылышынын кезектеги 3-сессиясынын
2025-жылдын 6-февралындагы №3/12
«Чек ара кызматынын 2030 аскер бөлүгүнүн өздүк курамына ок атуу көнүгүүлөрү үчүн жер тилкесин ажыратып берүү жөнүндө »
Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын 2030 аскер бөлүгүнүнүн 2025-жылдын 23-январындагы №12/55 сандуу катын жана Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын 2025-жылдын 11-февралындагы № 05-01/538 катын аткарууга алып, Эл депутаттарынын Ак-Там айылдык округунун Кеңешинин V чакырылышынын 2010-жылдын 23-мартындагы XI сессиясынын №11/6 токтомунун негизинде Т.Балтагулов айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Чек ара кызматынын 2030 аскер бөлүгүнүн өздүк курамына ок атуу көнүгүүлөрүн өткөрүү үчүн, Т.Балтагулов айыл аймагынын Ак-Там айылындагы Дарбаза-Кол участкасындагы №1228 контурундагы 2,0 га жер тилкесин мөөнөтсүз пайдаланууга мыйзам чегинде макулдук берилсин.
2.Токтомго тиешелүү документтерин тактап берүү айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Кийикбаевге жүктөлсүн.
3.Токтомду “alabuka.kg” веб-сайтына жарыялоо жана Жалал-Абад областык Юстиция башкармалыгынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик рейстрине жөнөтүү жагы, айылдык кеңештин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин Жер жана агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага |
Т.Хамракулов
|