Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2026-жылдын 16-январы № 12-т
Бажылык жөнгө салууну өркүндөтүү максатында, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 1-июнундагы № 20-т тескемесине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган тескеме менен бекитилген Кыргыз Республикасында ишкерлерди тейлөө борборун түзүү тартибинде жана шарттарында:
– 8-пункттун 2-пунктчасынын үчүнчү абзацында “жана бажы жол-жоболорун” деген сөздөр алып салынсын;
– 7-глава төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“6. Борбордун аянтчасында ишке тартылган мамлекеттик органдардын жана башка уюмдардын функциялары
12. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын алдындагы “Тышкы соода чөйрөсүндөгү “Бирдиктүү терезе борбору” мамлекеттик ишканасы тышкы экономикалык ишти жүзөгө ашыруу үчүн уруксат берүүчү жана башка документтерди алууга жана берүүгө өтүнмөлөрдү кабыл алууну жүргүзөт, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын колл-борборуна жана (же) бажы органдарына жөнөтүү үчүн бажы чөйрөсүнө тиешелүү маселелер боюнча консультацияларды өткөрөт.
13. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик салык кызматы төмөнкүлөрдү жүзөгө ашырат:
1) каттарды, арыздарды, документтерди кабыл алууну;
2) салык төлөөчүнү каттоону (кайра каттоону), эсептик каттоону, ишин токтотууну каттоону;
3) кошумча нарк салыгы боюнча салык төлөөчүлөрдү каттоону жана каттоону жокко чыгарууну;
4) салыктар, салыктык эмес төлөмдөр жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча отчёттуулукту кабыл алууну;
5) “салык төлөөчүнүн кабинетинде” каттоону (салык кызматтарын электрондук вариантта колдонуу үчүн);
6) патенттерди жана камсыздандыруу полистерин, электрондук патенттерди берүүнү жана алардын колдонуу мөөнөтүн узартууну;
7) так отчёттуулук бланктарын каттоону;
8) алкоголдук продукцияларды жүгүртүүгө лицензия алуу үчүн документтерди кабыл алууну;
9) салыктык каттоо жөнүндө, карыздын жоктугу жөнүндө маалымкаттарды берүүнү;
10) камсыздандыруу төгүмдөрүнө салык салуу, анын ичинде салык жол-жоболорун фискалдаштыруу компоненттеринин системасын ишке киргизүү маселелери жана башка маселелер боюнча консультацияларды берүүнү.
14. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Баалуу металлдар департаменти ишкерлерди атайын эсепке коюуну жүзөгө ашырат.
15. Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматы төмөнкүлөрдү жүзөгө ашырат:
1) банктык эмес финансы рыногунда иш жүргүзүү үчүн лицензияларды жана (же) уруксаттарды берүүнү жана берүүдөн баш тартууну;
2) консультациялык жардам көрсөтүүнү.
16. Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги төмөнкүлөрдү жүзөгө ашырат:
1) товардык белгини, тейлөө белгисин каттоого өтүнмөлөрдү кабыл алууну жана товардык белгини жана тейлөө белгисин каттоону;
2) товардык белгини жана тейлөө белгисин каттоо маселелери боюнча консультацияларды берүүнү.
17. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги төмөнкүлөрдү жүзөгө ашырууга лицензияларды берүүнү жүргүзөт:
1) жеке медициналык ишти;
2) фармацевттик ишти.
18. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) (ишкердик иштин субъекттерин) мамлекеттик каттоону, кайра каттоону жана ишин токтотууну каттоону жүзөгө ашырат.
19. Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борбору Кыргыз Республикасынын аймагында чет өлкөлүк жарандардын, жарандыгы жок адамдардын эмгектик же ишкердик ишти жүзөгө ашыруу укугуна уруксат берет.
20. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу Жерде жүрүүчү жана суу транспорту департаменти автомобиль транспорту менен жүктөрдү жана жүргүнчүлөрдү ташууга лицензияларды берүүнү жүзөгө ашырат.
21. Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасы товарларды экспертизалоону жана товарлардын эмнеден жасалгандыгы жөнүндө сертификаттарды берүүнү жүзөгө ашырат.
22. Ишкердик иштин субъекттеринин укуктарын, эркиндиктерин жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо боюнча ыйгарым укуктуу адам (мындан ары – бизнес-акыйкатчы) ишкердик иштин субъекттеринен мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, мамлекеттик сектордун ишканаларынын, ошондой эле алардын кызмат адамдарынын аракеттерине (анын ичинде чечимдерине) же аракетсиздигине даттанууларды кабыл алат жана карап чыгат жана тийиштүү мамлекеттик органдарга, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына, мамлекеттик сектордун ишканаларына сунуштарды жана сунуштамаларды жөнөтөт.
23. “Ишкердикти өнүктүрүү фонду” микрокредиттик компаниясы ачык акционердик коому ишкердик субъекттерин кредиттөөнү жүзөгө ашырат.
24. “Кепилдик фонд” ачык акционердик коому кредит алуу үчүн зарыл болгон кепилдиктерди берүү маселелери боюнча консультацияларды жүргүзөт.
25. Россия-Кыргыз өнүктүрүү фонду ишкердик субъекттерин кредиттөөнү жүзөгө ашырат.”.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик бажы кызматы ушул тескемеден келип чыгуучу чараларды белгиленген тартипте көрсүн.
3. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
|
А.А. Касымалиев |