Загрузка документа…
Т.БАЛТАГУЛОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Т.Балтагулов айылдык кеңешинин 2-чакырылышынын кезектеги 3-сессиясынын
2025-жылдын 6-февралындагы №3/13
«Т.Балтагулов айыл аймагынын Баястан айылындагы “Бай Талаа” индустриалдык соода-логистика борбоору менен түзүлгөн ижара келишимин узартуу жөнүндө.»
“Кыргыз Эко Экспорт” жоопкерчилиги чектелген коомунун Т.Балтагулов айыл аймагынын Баястан айылындагы “Кызыл Кол” участкасындагы эл аралык Кыргыз-Өзбек “Бай Талаа индустриалдык соода-логистика борбоорун” башчысы У.Максымбековдун жазган арызы боюнча жер жана агрардык маселелер боюнча турукту комиссиянын 2025-жылдын 31-январында өткөрүлгөн №2 отурумун протоколунун чечимин угуп жана талкуулап, Т.Балтагулов айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Т.Балтагулов айыл аймагынын Баястан айылындагы “Кызыл Кол” участкасындагы “Бай Талаа индустриалдык соода-логистика борбоору”на ижара келишими менен пайдаланууга берилген № 425 контурундагы 4,0 га, № 430 контурундагы 4,0 га, № 434 контурундагы 7,5 га жалпы 15,50 га жер аянты өндүрүш багытына которулгандыгына байланыштуу, Кыргыз Республикасынын жер кодексинин 7-статясына ылайык, “Кыргыз Эко Экспорт” жоопкерчилиги чектелген коомунун башчысы Максымбеков Улан Абдыкааровичдин аткарган иштерин эске алып, ижара келишими менен колдоону мөөнөтүн 49 (кырык тогуз) жылга узартууга мыйзам чегинде макулдук берилсин.
2.Жер аянтына курулуш курууда архитектуралык талаптардын жана нормалар эрежелерине ылайык куруу, санитардык-гигиеналык абалын көзөмөлдөө “Кыргыз Эко Экспорт” жоопкерчилиги чектелген коомунун башчысы Максымбеков Улан Абдыкааровичке милдеттендирилсин.
3.Токтомду “alabuka.kg” веб-сайтына жарыялоо жана Жалал-Абад областык Юстиция башкармалыгынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик рейстрине жөнөтүү жагы, айылдык кеңештин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин Жер жана агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага |
Т.Хамракулов
|