Редакцияот 07.07.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

МИҢ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Миң-Булак айыл аймагынын айылдык Кеңешинин XXIX  чакырылышынын II кезекcиз сессиясы

 

2025-жылдын  7-июлу  №7/46      

        

    

Эчки-Башы айылындагы кризистик борбору  боюнча Миӊ-Булак айылдык кеӊешинин 02.09.2024-жылдагы  №19/136 токтомун жокко чыгаруу жана кризистик борбор ачууга макулдук берүү жөнүндө

         Миӊ-Булак айыл өкмөтүнүн 04.07.2025-жылдын № 2.2-4/252 каты  жана               К.Бектемировнын 07.07.2025-жылдагы кайрылуусу боюнча Эчки-Башы айылындагы административдик имаратынан кризистик борборуна бөлмө берүү жөнүндө 02.09.2024-жылы №19/136 Токтому жокко чыгарылып Куйбышев айылындагы Жамаке ата көчөсүндөгү №26/а жайгашкан КААБды кризистик борбор кылууга макулдук берүү үчүн   Миӊ-Булак айылдык кеӊешинин сессиясы  токтом кылат:

1.    Миӊ-Булак айылдык Кеӊешинин XXVIII чакырылышынын кезектүү IV сессиясынын № 19/136 Токтомуну жокко чыгарылсын.

2.    Куйбышев айылындагы Жамаке ата көчөсүндөгү №26/а жайгашкан КААБды бир жылдык мөөнөт менен кризистик борбор кылууга макулдук берилсин

3.    Бул токтомдун аткарылышын Миӊ-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы А. Океновго милдетендирилсин.

4.    Ушул  токтом, каттоодон  ɵткɵрүлүп, min-bulak.gov.kg  веб сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын мамлекеттик реестирине киргизүү үчүн Нарын облустук юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн

 

 

 

  Төраганын орун басары

Б. Оморов