Загрузка документа…
Т.БАЛТАГУЛОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Т.Балтагулов айылдык кеңешинин 2-чакырылышынын кезектеги 3-сессиясынын
2025-жылдын 6-февралындагы №3/14
«Жайыт жерди “Өндүрүш” багытына которуу (трансформациялоо) жөнүндө.»
Кыргыз Республикасынын “Жер кодексинин” 13-беренесине, Кыргыз Республикасынын “Жер участокторун которуу(трансформациялоо) жөнүндө” мыйзамына ылайык айыл өкмөттүн жер жана айыл чарба боюнча башкы адиси К.Стамбековдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, айылдык кеңештин жер жана агрардык маселелер боюнча турукту комиссиянын 2025-жылдын 31-январындагы өткөрүлгөн №2 отурумун протоколунун чечимин карап чыгып, айыл аймагында ишкерлерге колдоо көрсөтүү жана аймактын социалдык-экономикалык абалын жакшыртуу максатында, Т.Балтагулов айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Айыл аймактын Ак-Там айылындагы “Дарбаза-Кол” участкасындагы №1304 контурунан 2,0 га жайыт жеринин максаттык багытын өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка “Өндүрүш” багытына которууга (трансформациялоого) макулдук берилсин.
2.Которууга (трансформациялоого) байланыштуу бардык иш-кагаздарын даярдоо айыл өкмөттүн башчысы Р.Кийикбаевге жүктөлсүн.
3.Токтомду “alabuka.kg” веб-сайтына жарыялоо жана Жалал-Абад областык Юстиция башкармалыгынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик рейстрине жөнөтүү жагы, айылдык кеңештин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин Жер жана агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага |
Т.Хамракулов
|