Загрузка документа…
СЕМЕТЕЙ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Семетей айыл аймагынын айылдык кенешинин 1-чакырылышынын
1-кезектеги сессиясы
2025-жылдын 30-январы № 26
Семетей айыл аймагынын Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2025-жылга карата түзүлгөн бюджетин бекитүү”
Семетей айыл аймагынын Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2025-жылга карата түзүлгөн бюджеттин долбоорун карап чыгып, Семетей айыл аймагынын айылдык кенеши;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Семетей айыл аймагынын “Жайыт” пайдалануучулар бирикмесинин адиси К.Баетовдун 2024-жыл ичинде аткарылган иштери боюнча маалыматы эске алынып.
2. Семетей айыл аймагынын Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2025-жылга карата түзүлгөн 816800 сом өлчөлүндө бюджети жана 2025-жылга карата иш планы бекитилсин.
3. Семетей айыл аймагына караштуу жайыттарды пайдалангандыктары үчүн малчылардан алынуучу акы төлөмдөрүнүн тарифи төмөндөгүдөй бекитилсин;
Семетей айыл аймагына караштуу жайыттарга алынуучу акы төлөм туяк башына;
Туяк башына – кой-эчки 15 сом*25205=378075 сом
Кара малга; уй, бука– 75 сом*2035=152625 сом
Жылкы- 75 сом*1575=118125 сом
Антенна 14000*12=168000
Жалпы – 2025жылга жайыт эсебинен чогула турган сумма 816800 сом
4. Семетей айыл өкмөтүнүн киреше бөлүмүнө (14152200 ст.) түшкөн акча каражатын Жайыт пайдалануучулар расчеттук эсебине 3/2 (үчтөн экиси) бөлүнүп которулуп берилсин.
5. Жайыт бирикмесинин 2024-жылга карата киреше бөлүгү-816,8 миң сом жана чыгаша бөлүгү 816,8 миң сом өлчөмүндө бекитилсин.
6. Жеке менчик мал ээлери менен келишим түзүү жана төлөмдөрдү өндүрүү жага Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин адиси К.Баетовго тапшырылсын.
7. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Семетей айыл өкмөтүнүн башчысы К.Рыскуловго, аткаруу жагын социалдык-экономикалык бөлүмүнүн башчысынын убактылуу милдетин аткаруучу С.Шукуралиевага милдеттендирилсин.
Төрага |
| Т.У.Джапаркулов |