Загрузка документа…
СЕМЕТЕЙ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Семетей айыл аймагынын айылдык кенешинин 1-чакырылышынын
2-кезексиз сессиясы
2025-жылдын 17-апрели № 30
Семетей айыл аймагындагы коомдук жана мамлекеттик уюмдардын таштандыларын ташып чыгаруу үчүн бирдиктүү тарифтерди белгилөө жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесине ылайык, “Семетей” МИ жетекчиси К.Узенбековдун коомдук жана мамлекеттик уюмдардын таштандыларын ташып чыгаруу үчүн бирдиктүү тарифти белгилөө зарылдыгы жөнүндөгү кайрылуусун айылдык кенеш карап, талкуулап;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Семетей айыл аймагындагы коомдук жана мамлекеттик уюмдардын таштандыларын ташып чыгаруу үчүн, ар бир кызматкерге айына 15 (он беш) сом өлчөмүндө таштанды чыгарууга баа бекитилсин.
2. Иш алып баруу жагы “Семетей” МИ жетекчиси К.Узенбековго милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы К.Рыскуловго жүктөлсүн.
Төрага |
| Т.У.Джапаркулов |