СЕМЕТЕЙ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Семетей айыл аймагынын айылдык кенешинин 1-чакырылышынын
2-кезексиз сессиясы
2025-жылдын 17-апрели № 31
«Акча каражатынын багытын өзгөртүү жөнүндө»
Семетей айыл аймагына караштуу Семетей айылынын жарандарын таза суу менен камсыз кылуу максатында “Таза-Суу” программасын ишке ашыруу үчүн, Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 27-беренесине ылайык, Семетей айыл аймагынын айылдык кеңеши;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2025-жылдын 30-январындагы №23 токтомдо каралган 1 685 160 (бир миллион алты жүз сексен беш миң жүз алтымыш) сом акча каражатынын багыты өзгөртүлүп, Семетей айыл аймагына караштуу Семетей айылынын жарандарын таза суу менен камсыз кылуу максатында “Таза-Суу” программасын ишке ашыруу үчүн каралсын.
2. Токтомду аткаруу жагы Семетей айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы К.Рыскуловго милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет жана экономика, инвестиция боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага |
| Т.У.Джапаркулов |